КҮРҮЧ ТУУРАЛУУ ФЕЙК

Интернетте Кытайда күрүч желим баштыктардан жасалат деген имиш менен видеолор көп жайылып келет.

1532605948_large

Буга катар адамдар күрүчтү отко күйгүзүп, “желим күрүч” катары көрсөтүү аракети менен тартылган видеолор да бар. Бирок, мунун баары ФЕЙК. Анткени күрүч органикалык зат болгондуктан отко күйөөрү бышык. Муну далил катары албоо керек.  Ал эми видеолордо “күрүчтү моминтип жасайт” деп көрсөткөн өндүрүш процесстери чындыгында, желим гранулдардын өндүрүшүнө таандык. Видеолордо жасалып жаткан желим гранулдары бир караганда күрүчкө окшоп көрүнөт.  Маалымат үчүн айтып кетсек, бул желим гранулдарынан желим баштыктар жасалат.