Атамбаев Уланбек Эгизбаевди жумуштан кетирүүнү суранган эмес

Асель Оторбаева Facebook-баракчасында Алмазбек Атамбаев Эркин Европа/Эркиндик радиосунун президенти Томас Кент менен болгон жолугушуусунда Уланбек Эгизбаевди жумуштан кетирүүнү суранганын жазып чыкты.

 

Белгилүү журналист Асель Оторбаева Facebook-баракчасында  жазган постунун алдына 100гө жакын адам комментарий калтырып, 23 адам өз баракчаларына бөлүшкөн.

Бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү максатында биз ошол жолугушууда түздөн-түз катышкан адамдарга кайрылдык.

Алмаз Усенов (КР Президентинин аппаратынын экс-жетекчиси): “Жок, бул тууралуу сөз болгон эмес, бул калп”.

Венера Сагындык кызы –  РСЕ\РС кыргыз кызматынын директору, “Азаттык” радиосу:   “Мындай сөз болгон эмес. Улан тууралуу бир да сөз болгон жок. Сүйлөшүүдө тескерисинче башка аттар, анын ичинде менин атым да айтылган.”