Фото-чек: Орусия-Казакстан чек арасында чоң тыгынбы? Текшеребиз

22-сентябрда Твиттерде Орусия менен Казакстандын чек арасында тартылган имиш сүрөт менен коштолгон @uipetr авторлугундага пост жарыяланган. Сүрөттөн автоунаалардын көп километрлик тыгынын көрсө болот.

Орусиядагы “жарым-жартылай” мобилизацияга байланыштуу учурда түзүлгөн кырдаал согушка баргысы келбегендерди өлкөдөн чыгып кетүүгө түртүүдө. Визасыз режими бар өлкөлөр менен чек арада чыныныда көп километрлик кезектер пайда болду. Ушуга байланыштуу сөз кылып жаткан сүрөт дагы чоң резонансты жаратты.

Factcheck.kg редакциясы сүрөттүн аныктыгын текшерди.

Yandex кызматындагы издөө окшош сүрөттөрду тапканга жардам берди.

Караса, сүрөттө Невада штатындагы Black Rock чөлүндө өткөн Burning Man фестивалынан кийинки автотыгын экен, ал 8 сааттай созулган.

Сүрөттүн чыныгы автору @cjyu деген Twitter колдонуучу экен. Анын барагынан бул тыгын тууралуу бир нече роликти көрсө болот. Фото жана видео 5-сентябрда, фестиваль бүтөөрү менен тартылган.

Белгилей кетсек, бул сүрөттү жарыялаган @uipetr дагы бир нече сааттан кийин, фото Burning Man фестивалынан кийин тартылганын моюнга алган.

Эскерте кетсек, бул COVID-19 пандемиясына байланыштуу үч жылдан кийинки биринчи Burning Man фестивалы болгон. Сүрөтчүлөр тарабынан Сан-Францискодо 1986-жылы негизделген Burning Man фестивалы 1991-жылдан баштап чөлдө өткөрүлө баштаган. Ал богеманын өкүлдөрү жана социалдык эксперименттерден коркпогон адамдар чогулуп майрамдаган фестиваль болуп эсептелет. Ар жылда көп сандагы адамдар ага катышууну эңсеп келет.

Тыянак: калп. Сүрөттө Невада штатындагы Burning Man фестивалынан кийинки 8 саатка созулган автотыгын көрсөтүлгөн.