Медиакоомчулуктун кайрылуусу: Журналисттерге коюлган айыптарда логика жок, алар коркутуу, ооз басуу аракетине окшош
2023-жылдын 15-16-январында Кыргызстанда көз карандысыз журналисттер массалык түрдө кармалып, алардын үйүндө жана редакцияларында тинтүү болгон. Ушуга байланыштуу республиканын медиакоомчулугу бийликке кайрылат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүү жана журналисттерди кесипкөй ишмердигине байланыштуу куугунтуктоо ар бир жарандын өз оюн эркин билдирүү, сөз жана басмасөз эркиндиги укуктарын кепилдеген Кыргыз Республикасынын Баш Мыйзамын тикелей бузгандык болуп саналат (32-статья).
Ошондой эле, Кыргызстан укуктук мамлекет жана эл аралык коомчулуктун толук укуктуу мүчөсү катары сөз эркиндигин жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздоо жаатындагы бардык эл аралык стандарттарды сактоого милдеттендирилген мамлекет болуп саналаарын эске алуубуз зарыл. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 34-беренесинде мамлекеттик бийликти сындаган сөздөрдү коргоонун маанилүүлүгү ачык-айкын белгиленет, анткени мындай сөздүн өзгөчө жогорку социалдык мааниси бар.
Өлкөнүн процессуалдык нормаларынын одоно бузулушу өзгөчө кооптондурууда. тынчсызданууну жаратууда. Үйлөрдү жана кеңселерди тинтүү адвокаттардын катышуусуз, ошондой эле сурак учурунда да жактоочулары жок жүргүзүү акылга сыйбас иш. Мындай иш-чараларды таңкы сааттарда баштоо укуктук мамлекеттин негизги принциптерин бузгандык болуп саналат жана коркунучтуу коңгуроо.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттары саясий уюмдар болуп саналбайт жана бийлик үчүн күрөшкө катышуу алардын миссиясы эмес. Журналисттердин маанилүү миссиясы бар, ал – коррупцияга каршы күрөштө коомдун куралы жана өкмөттүн иш-аракеттерин ачыктайт. Учурда журналисттер укук коргоо жана сот органдарынан адилеттик таппаган жарандардын акыркы үмүтү болуп калды. Көз карандысыз маалымат каражаттарынын жок болушу саясатчыларды, активисттерди, карапайым жарандарды коомчулукка жана бийликке өз үнүн жеткирүү, мыйзамдуулукка, калыстыкка чакыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
Журналисттерди массалык баш аламандыкка чакыруу, согушка үгүттөө беренелери менен айыптоо логикага жана фактыларга негизделбеген, абсурддуу жана зыяндуу көрүнүш катары кабыл алынат. Бул айыптоолор журналисттерди коркутуп, өлкөдө цензура орнотуу аракетинен кабар берет. Мындай айыптоолор, коомчулуктун маалымдуулугун жана бийликтеги ачык-айкындуулукту камсыз кылууда журналистиканын ролун таануу жана баалоонун ордуна, көз карандысыз маалымат булактарын алсыратып, жок кылуу аракеттери, тескерисинче коомдогу социалдык чыңалууну күчөтүшү мүмкүн.
Буга байланыштуу медиа коомчулугу төмөнкү иш-аракеттерди жасоого чакырат:
– Кыргызстандын бийлиги журналисттерди кесиптик ишмердүүлүгү үчүн куугунтуктоону тезинен токтотсун, ошондой эле жарандык коомго, журналисттерге, активисттерге жана укук коргоочуларга өз ишмердүүлүгүн коркпой жүргүзүүгө шарт түзсүн.
– Президенттик администрация сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин басмырлаган ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам долбоорун кайра чакыртып алуусу керек, бул КР Конституциясын түздөн-түз бузуу болуп саналат. 63-Беренесинде сөз, басма сөз жана маалымат эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынат деп айтылат.
– Биз өлкө бийлигин коррупцияга, бюрократияга жана башка терс көрүнүштөргө каршы биргелешип күрөштү күчөтүү, күчтүү Кыргызстандын өнүгүшүн камсыздоо үчүн көз карандысыз маалымат каражаттары менен диалогду баштоого чакырабыз.
– Биз Кыргызстандагы журналисттердин куугунтугуна карата өз пикирин билдирүү өтүнүчү менен эл аралык коомчулукка кайрылабыз.
Эске сала кетсек
15-январда “Согушка үгүттөө” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “24.kg” маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө компьютер, ноутбук, электрондук каражаттар жана башка кылмыш ишине тийешеси бар буюмдар алынган.
16-январь күнү таңкы саат 6да “Айт Айт десе”, “ПолитКлиника” жана “Арча Медиа” басылмаларынын журналисттеринин үйлөрүндө, Темиров Live редакциясынын кеңсесинде да тинтүү болгон.
Махабат Тажибек кызы (Temirov Live директору), Сапар Акунбеков («Айт айт десе»), Азамат Ишенбеков («Айт айт десе» акыны), Сайпидин Султаналиев («Арча Медиа»), Актилек Капаров (“Алга Медиа”) “), Тыныстан Асыпбеков (“ПолитКлиника”), Максат Тажибек уулу (Темиров Live), Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева аттуу журналисттерди суракка алып кетишти.