Видеочек: Торттордо шал оорусун пайда кылуучу таблеткалар барбы? Текшеребиз

X жана Instagram социалдык тармактарында «Израиль түркиялыктарды жамынып араб өлкөлөрүнө тортторду экспорттоодо», ал эми бул азыктарда болсо шал оорусун пайда кылуучу таблеткалар бар имиш деген видео таркатылууда.

“Жебегиле жана сатып албагыла!!! Сураныч, досторуңар жана топтор арасында бөлүшкүлө”, – деген чакырык кылышат билдирүүнүн авторлору.

Factcheck.kg редакциясы бул билдирүүнүн калп-чынын текшерди.

Таблеткалар шал оорусуна алып келе алабы?

Шал оорусуна инсульт, неврологиялык оорулар, жугуштуу оорулар, жүлүн жаракаттары себепчи болот.

Айрым дарылар туура эмес колдонуганда же терс реакциялар болгон учурда бейтаптын абалын оорлоп, шал оорусунун белгилерин күчөшү мүмкүн. Дарыны кабыл алгандагы терс реакцияларга бир нече факторлор таасир этиши мүмкүн: адамдын жаш курагы, башка дарыларды, витаминдерди же тамакка кошумчаларды кабыл алуу, ошондой эле башка оорулар же шарттар (мисалы, иммундук системаны алсыратуучу же бөйрөктүн же боордун иштешине таасир этүүчү оорулар).

Демек, дарыны кабыл алуу дени сак адамдын шал оорусуна алып келбейт.

Кандайча таттуу азыктарда таблеткалар пайда болду?

Биз видеонун жакшыраак сапаттагы түп нускасын таап, аны жайлатып көрдүк. Жайлатылган видеону тыкыр изилдегенде таттуу азык сындырылып жаткан жерге жакын тешиктерди таптык. Ушундан улам, видеодо көрсөтүлгөн таблеткалар азыкка кийин сырттан киргизилген деген тыянак кылсак болот.

Эски фейк

InVid аспабын колдонуп биз сүрөт боюнча артка издөө кылдык. Жыйынтыгында, 2019-жылдын 4-ноябрында YouTube’ка  жүктөлгөн видеону таптык. Демек бул фейк көптөн бери таркатылып келет.

Чындыгында, 2019-жылы ушуга окшош фейк Мексикада таркатылган болчу. Бирок анда бул азыктар Түркияда даярдалып, АКШ менен Израилге экспорттолуп жатканы, ал эми таттуу азыктын ар биринде шал оорусун пайда кылган таблеткалар бар деп айтылган. Бул маалыматты ошондо Snopes текшерип чыккан.

Басылма аныктагандай, Luppo деге таттуу азыктар Түркияда даярдалып, Иракка гана экспорттолот. Таттуу азыктарды өндүргөн Şölen компаниясы тастыктоочу тийиштүү документтерди берген.

Андан сырткары, Snopes документке таянып, бул азыктарды даярдоодо колдонулуучу чыпкалардын системасы 700 микрондон (0.7 миллиметрден) ашкан бардык катуу заттарды өткөрбөй тургандыгын билдирген. Демек, таңгакталганга чейин ага таблеткаларды жайгаштыруу ыктымалдыгы төмөн.

Snopes басылмасынан сырткары дагы бир топ медиалар бул фейкти төгүндөгөн. Алардын арасында France24, Newscheker, Factly, Fact Crescendo Sri Lanka, Soch Fact Check, Teit бар.

Тыянак: калп. Дарыны кабыл алуу дени сак адамдын шал оорусуна алып келбейт. Шал оорусу инсульт, неврологиялык оорулар, жугуштуу оорулар, жүлүн жаракаттары сыяктуу ар түрдүү оорулардын кесепетинен пайда болот.

Ошондой эле видеодон таттуу азыктардагы тешилген жерлерди көрсө болот. Бул көрүүчүлөрду адаштырыш үчүн атайын жасалгандыгынан кабар берет.