Фоточек: Таш доорунун шедеврлериби же Кайтадан жаралуу доорунун көркөм өнөрүбү?
Telegram’да бир катар татаал архитектуралык деталдардын сүрөттөрү келтирилген пост жарыяланды. Ага түшүдөрмөдө “таш доорунда “варварлар” таштарда татаал оймолорду оюп чие алышкан” деп айтылат. Авторлор өткөн чактагы өнөрчүлүктү азыркы заман менен салыштырып, азыркы заманды пластик доору деп аташат.
Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын аныктыгын текшерди.
Таш доору
Таш доору – адам коомунун өнүгүшүндөгү тарыхый-маданий мезгил. Бул учурда эмгек жана согуш куралдары негизинен таштан жасалып, жыгач менен сөөк да колдонула баштаган, темирди иштетүү жок болчу. Таш доорунун акыркы баскычында карапа идиштерди жасоо өнүккөн. Таш доору алгачкы жамааттык түзүлүш доорунун көп мезгилин камтыйт, б.а. ал адамдын айбанаттар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгышынан башталып (мындан 1,8 млн жылдай мурда), металл пайда болгонго чейин (мындан 8 миң жылдай мурда Байыркы Чыгышта жана 6-7 миң жылдай мурда Европада) созулган.
Бул доор таштан эмгек жана согуш куралдарынан сырткары ташка чегилген сүрөттөр, таштан жана чоподон жасалган жөнөкөй фигуралар жана статуэткалар менен мүнөздөлөт.
Фотосүрөттөрдө эмне тартылган?
Сүрөт боюнча тескери издөө жолун колдонуп, телеграмдагы постто колдонулган фотосүрөттөр жер шарынын ар кайсы жеринде тартылганын байкадык. Индиядагы Каши Радж Кали ибатадканасын, италиядагы Санта-Кроче Базиликасын, Камбоджадагы Падышанын хансарайын, испаниядагы Саламанка Жарандык университетин жана Хорватиядагы Загреб соборун аныктадык.
Каши Радж Кали ибадатканасы
Индиядагы Каши Радж Кали ибадатканасы барельефтер, декоративдүү элементтер жана скульптуралык ансамблдер менен кооздолгон. Ал Варанси шаарында жайгашат. Ибадаткана болжолдуу түрдө 200 жыл мурун курулган жана падышанын үй-бүлөсүнүн жеке ибадатканасы болгон. Ибадаткананын жасалгасы таштан чеберчилик менен жасалган жана архитектурада көркөм өнөрдүн көрүнүктүү чыгармасы болуп эсептелет.
Санта-Кроче Базиликасы (Ыйык Крест чиркөөсү)
Санта-Кроче Базиликасы (Ыйык Крест чиркөөсү) Италиянын Лечче шаарында жайгашат. Флоренциянын эң байыркы сыйынуучу жайларынын бири жана дүйнөдөгү эң ири францискан чиркөөлөрүнүн бири болуп эсептелет. Өзүнүн көркөм өнөр чыгармалары жана күмбөздөрү менен атактуу. Монументалдуу комлекс болуп саналат. Комплекске чиркөөнүн өзү, бир катар майда чиркөөлөр, атактуу сүрөтчүлөрдүн фрескалары, Микеланджело, Галилей сыяктуу Италиянын атактуу адамдарынын күмбөздөрү, музей-монастырлар, ризница, склеп, Пацци жана Медичи майда чиркөөлөрү кирет.
Базилика барокко стилтинде жасалгаланган, башкы фасады мармардан жасалган.
Чиркөө 1295-жылы негизделген. Андан бери комплексте бир нече жолу өзгөртүүлөр, жакшыртуулар жана кайра оңдоолор жүргүзүлгөн. Баарынан чоң өзгөрүүлөргө XVI кылымда дуушар болгон. Айрым фасаддык иштер XIX кылымдын жарымында гана бүтүрүлгөн.
Падыша Нородом Сурамариттин ступасы
Сүрөттөрдүн биринде Камбоджадагы Падышанын хансарайынын жанындагы Падыша Нородом Сурамариттин Ступасынын фрагментин көрүүгө болот. Бул монумент кхмер архитектурасынын үлгүсүндө жасалып, көптөгөн жасалга элементтер менен кооздолуп, көркөм өнөрдүн көрүнүктүү үлгүсү болуп саналат. Бирок Ступа XX кылымдын экинчи жарымында падыша Нородом Сурамарит 1960-жылы кайтыш болгондон кийин курулган, ошондуктан ал азыркы көркөм өнөрдүн үлгүсү болуп саналат.
Саламанка Жарандык университети
Бул сүрөттө Испаниядагы Саламанка Жарандык университетинин фасады тартылган.
Саламанкадагы университеттин имараты платересконун (испаниядагы Кайтадан жаралуу доорунун архитектуралык стили) эң көрүнүктүү көркөм өнөр үлгүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Бизге жеткен имарат католик падышалардын доорунда курулуп, 1529-жылы курулуп бүткөн. Фасады жасалгаланган таштар менен кооздолгон.
Загреб собору
Дагы бир сүрөттө Загреб соборунун кире беришиндеги арка тартылган.
Бүбү Мариямдын Көтөрүлүүсү жана ыйык Степан жана Владиславдын собору, ал ошондой эле Загреб собору деп аталат, Хорватиянын көрүнүктүү жери болуп саналат. Собор 1093-жылы курула баштап, 1217-жылы курулушу аяктаган. Андан бери ал бир нече жолу талкаланып, кайра калыбына келтирилип, оңдолуп турган. 1880-жылдагы жер титирөөдө собор катуу жабыр тартканда ал неоготикалык көрүнүшүндө кайрадан калыбына келтирилген.
Тыянак: калп. Сүрөттө келтирилген архитектуралык объектилердин таш доору менен эч кандай байланыштары жок жана алар акыркы бир нече кылымдар аралыгында курулган.