Латвияда чынында эле Жеңиш Күнүн майрамдаганга тыюу салындыбы?

20-апрелде ЖМКларда Латвияда “9-майды/Улуу Жеңиш Күнүн майрамдаганга тыюу салынды” деген аталыштагы материалдар жарыяланды (1, 2, 3). Ошондой эле 9-май Украинада курман болгондорду эскерүү күнү деп жарыяланганы белгиленген. Жарыяланган материалдарда Латвиянын Сейми кабыл алган “ыкчам мыйзамга” шилтеме кылынат.

Factcheck.kz редакциясындагы кесиптештерибиз бул маалыматтын аныктыгын текшерип чыгышты.

Латвиялыктар акыркы жолу Жеңиш Күнүн расмий түрдө 1990-жылы белгилешкен. 1991-жылдан тартып 1994-жылга чейин бул күн “Экинчи дүйнөлүк согуштун Курмандыктарын эскерүү күнү” деп аталып келген. 1995-жылдын 6-апрелинде Латвиянын Сейми “Мамлекеттик майрамдар жана эскерүү күндөрү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. 9-май “Экинчи дүйнөлүк согуштун Курмандыктарын эскерүү күнү” деген статусун жоготуп, анын ордуна 8-май “Нацизмди талкалоо жана Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорду эскерүү күнү” деп жарыяланган. 1996-жылы 9-майда Сейм бул күнү мындан ары “Европа күнүн” же “Шуман Декларациясынын Күнүн” белгилөө тууралуу чечим чыгарган.

“Европа күнү” – жылда белгиленүүчү Евробиримдик өлкөлөрүндөгү тынчтык жана биримдик майрамы, Европа кеңешинин күнү. Майрам 5- жана 9-майда белгиленет: бул Европа Кеңеши жана Евробиримдик негизделген күндөр.

2004-жылы Латвия Евробиримдикке мүчө болуп кирип, “Европа күнү” көп адамдар катышкан, ири иш-чаралар менен коштолгон масштабдуу майрамга айланды. Ошол эле кезде калктын бир бөлүгү 9-майды Жеңиш Күнү деп белгилеп келген, ошондуктан Латвиянын бийлиги ага жолтоо болгон эмес. Мисалы, 2014-жылы калктын 39% Советтер Союзунан калган салт боюнча Жеңиш Күнүн белгилешкен. Майрамдык иш-чаралардын хроникасын, акцияларды жана жүрүштөрдү бул жерден көрсө болот.

Калган латвиялыктар Европа Күнүн чоңураак масштабда белгилешип, 9-май Жеңиш Күнү расмий түрдө таанылбай турганын билдиришкен. Мындай абал айрым учурларда конфликттерге алып келип турган. Мисалы, 2014-жылы Ригада “Орус маршына” тыюу салынган, ал эми 2018-жылы Юрмаланын мэриясы “Өлбөс полк” акциясын өткөрүүгө макулдук берген эмес. Демонстранттар көп колдонгон коммунисттик символдорго Латвия биринчилерден болуп тыюу салганын белгилей кетүү маанилүү. 1991-жылы Балтия аймагындагы советтик режим баскынчы режим, ал эми символикалары коомунизмдин жана тоталитардык бийликтин идеологиясынын таратуучусу деп таанылган. Дээрлик жыл сайын Латвияда советтик жана нацисттик символикаларга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам уламдан улам катаалданып келүүдө (1, 2).

2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан баштап советтик тарыхтын салттары менен күрөшүү кайрадан күч алды. Сейм 2022-жылдын 9-майын аза күтүү жана Орусиянын Украинадагы агрессиясынын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялап, бардык просоветтик акцияларга тыюу салды. Бир гана Риганы Бошотуучулардын монументине гүл коюуга уруксат берилген, кийин ал гүлдөрдү коммуналдык кызматтар жыйнап кетишкен. Бул Жеңиш күнүн белгилегиси келгендердин кыжырын келтирген, бардыгы кайра эле кезектеги чагымчылдык жана тыюу салынган орусиялык символикаларды колдонуу аракеттери менен коштолгон чатакташуу менен аяктады. Мындай сценарийлер көп колдонулду, мисалы, 2017-жылы массалык иш-чаралар учурунда чагымчылдар өзүн “ДЭР” жана “ЛЭР” (Донецк Эл Республикасы, Луганск Эл Республикасы, ред. туш.) деп атаган жикчил түзүмдөрдүн желектерин желбиреткенге аракет кылышкан.

Жыйынтыгында 2022-жылы Латвияда “советтик заманда” коюлган бир нече эстелик алынып салынган. 2023-жылы 9-майга Украинада курман болгондорду эскерүү күнү деген статус берилет деп күтүлгөн эле, бирок башка мыйзам кабыл алынды. Депутаттар украиналыктарга тилектештикти билдирүү менен бирге латвиялыктар Европа Күнүн да унутпашы керек деген ойдо болушту. Уруксат берилген иш-чаралардын мүнөзүнө караганда, Украинага колдоо көрсөтүү акцияларынан сырткары Евробиримдиктеги тынчтыкты жана биримдикти да майрамдаса болот.

Документте “9-май Жеңиш Күнүнө тыюу салуу” жөнүндө бир да сөз жок. Түшүндүрмөдө Совет бийлиги баскынчылардын бийлиги экени, ошондуктан Латвия үчүн 9-май – басып алуунун жана аннексиянын символу экени айтылат. Ошондой эле СССРдин мураскери Орусия баштаган Украинадагы согуш тууралуу да айтылат. Ошондуктан Союзду даңазалаган кайсы бир акцияларды уюштурууну Сейм туура эмес деп эсептейт, бирок аны Жеңиш Күнү менен эч байланыштырышкан эмес. Европадагы фашизмдин кулашын эскерүүнү четке кагууга байланыштуу көз жазгырууларды депутаттар четке кагышып, Латвия нацисттик режимдин кылмыштарын айыптаарын билдиришти. Өлкөдө Жеңиш Күнүн 8-майда майрамдоону улантышат.

Тыянак: Көз жазгыруу жана калп.

Көз жазгыруу эмнеде: 9-май постсоветтик чөлкөмдөгү көп адамдар үчүн Жеңиш Күнүнүн синоними болуп эсептелет. Ошого карабай, айрым өлкөлөрдө, мисалы, Латвияда, бул күн 8-майда белгиленет. Латвиялыктар 30 жылдан ашык убакыттан бери бул күнү “Нацизмди талкалоо жана Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорду эскерүү күнүн” белгилеп келишет. Жеңиш Күнүнүн жактоочулары “советтик салт боюнча” уюштуруп келген иш-чаралар бейрасмий статуста болуп, мыйзам бузуу болуп эсептелгендиктен, көп учурда жеке бийлик тарабынан тыюу салынган.

Маалыматтын аныктыгын текшерүүгө бизге себепчи болгон, 9-майда айрым массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам мындай акциялардын туура эмес форматына дагы бир жолу көңүл бурдурат. Белгилией кетүүчу жагдай, документте үй-бүлөдө же чакан топто майрамадоо тууралуу сөз кылынбайт, ошондуктан аларга тыюу салынбайт болушу керек. Ушундан соң, жаңылыктардын аталышы кликбейт мүнөздө.

Калпы эмнеде: Мыйзамда Украина менен тилектештик тууралуу сөз болгону менен 9-май Украинада курман болгондорду эскерүү күнү деп расмий түрдө жарыяланган эмес.