Фотофейк: Нью-Йорктогу ишкерлер кыргыз тилинде жазган эмес

Интернет айдыңында Dolce & Gabbana саркеч дүкөнүндөгү жазуусу бар сүрөт пайда болуп,  кызуу талкууга алынды. Дал ортодо кадимки кыргыз тилинде «Биз эл менен!» деген сүйлөм жазылган, ал эми сүрөт  Нью Йоркто тартылганы айтылып жүрөт.

Соц.тармак  колдонуучуларынын айрымдары сүрөттү фотомонтаж деп кабыл алса, башкасы анын чындан тартылганына ишенич артарын белгилейт.   

Factcheck.kg бул сүрөттү кылдат текшерип көрдү.

Сүрөт JPEG форматында болгондуктан, аны сактаган сайын сапаты өзгөрүлөрүн эске алуу зарыл.  

Error Level Analysis или ELA куралы аркылуу фотомонтаж колдонулганын же колдонулбаганын текшерип көрөбүз.

 

Жазуусу бар аймак сүрөттүн башка жерлеринен айырмалангандыктан, сүрөт  монтаждалганы байкалат.  

Сүрөттүн  жасалма экенине биротоло ынануу үчүн анын түп нускасын издеп көрөбүз. 

Яндекс издөө системасы дароо тиешелүү жыйынтык берет

Мындан улам, сүрөттүн автору Влад Ушаков экенин жана  ал  2010-жылдын апрель айында тартылганын биле алдык.

Андан соң, сүрөт кай жерде тартылганын аныктап көрөбүз. Издөө системаларынын жардамы менен Dolce&Gabbana саркеч дүкөнү Нью-Йорктогу Сохо районунда  Mercer Street, 155 дареги боюнча жайгашып, 2018-жылы ачылганын биле алдык. 

Дүкөн 2020-жылдын март айынан тарта коронавирус пандемиясынан улам жабылган. 

Учурда анын анык көрүнүшү төмөнкүдөй

Жыйынтык: Фотофейк. Нью-Йорктогу Dolce&Gabbana дүкөнүнүн учурдагы сүрөтүнө 2010-жылдын апрель айындагы мародерлук учурунда тартылган сүрөттүн жазуусу чапталган.