Фактчек: депутат Айнура Осмонованын калпы

2020-жылдын 3-июнунда “Бешинчи каналдын” түз эфиринде  «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды.

Талкууга журналист Бейшенбек Бекешев, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, депутат Айнура Осмонова жана factcheck.kg сайтынын журналисти Асель Сооронбаева катышты. 

Талкуунун жүрүшүндө Factcheck.kg «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Айнура Осмонованын сөзүнөн чындыкка дал келбеген маалыматтарды аныктады.  

 

Мыйзам кабыл алынса, сөз эркиндигине доо кетпейт

 

 «Мыйзамдын негизги максаты – жалган маалыматты жок кылуу. Сөз эркинидиги сакталбайт деп көбү мыйзамды бурмалап атышат. Бирок, андай максаты жок», – деп белгиледи Осмонова. 

Жыйынтык: жалган

6-берене: Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Интернетте жалган же анык эмес маалыматтын жайылтылышын болтурбоо боюнча чараларды көрүшөт. Жалган же анык эмес маалымат аныкталган учурда мыйзамдардын сакталышына мониторинг кылган, Интернетти пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган провайдерге же сайттын ээсине, же сайттын баракчасынын ээсине карата жалган же анык эмес сындуу белгилери бар маалыматка жетүүнү сотко чейинки чектөө жөнүндө чечим чыгарат.

Буга чейин  «Адилет укуктук клиникасы» коомдук фонду мыйзам долбоорун анализдеп, жыйынтыгын жарыялаган. Анда ыйгарым укуктуу орган Интернетке жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт деп эсептесе, соттун чечими жок эле ал маалыматка чектөө киргизүү укугуна ээ болот деп айтылат. Ошол эле учурда, ыйгарым укуктуу орган маалыматтын чындыкка дал келерин  же келбесин кандай жол менен аныктары тууралуу мыйзам долбоорунда айтылбай калгандыгы белгиленген.    

Башкача айтканда, мыйзамдуу түрдө Интернетке мамлекеттик цензура киргизилип, жыйынтыгында жарандардын сөз эркинидигине болгон конституциялык укуктары бузулары тууралуу айтылган. 

 

 

Мыйзам долбоору баңгизат саткандар жана жалдоочулар (вербовщик) жасаган жаман иштерди токтотот

 

Жыйынтык: жалган

Аталган мыйзам  бир нече себептерден улам экстремизм жана баңгизат сатууга каршы күрөшкө оң натыйжа берери арсар:

  1. Учурда экстремизм жана терроризм менен күрөшүүгө багытталган Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” мыйзам бар. Ал эми баңгизатка каршы күрөшүүчү тиешелүү кызмат бар. Бул — Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы.  
  2. Мыйзамсыз контентти чектөөгө учурдагы мыйзамдар жол берет. Маселен, КРнын “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесинде тыюу салынган экстремисттик уюмдардын расмий материалдары, тынчтыкка жана адам баласына каршы кылмыштары үчүн эларалык укук актыларынын негизинде соттолгон адамдардын автордук материалдары камтылган басма, аудио-аудиовизуалдык жана башка материалдарды басып чыгарууга, сактоого, ташууга жана таратууга тыюу салынат. Ал эми аны ишке ашыруу жолу КРнын Жарандык процесстик кодексинде чагылдырылат. Кодекстин 261-беренесине ылайык,  прокурор өз компетенциясынын чегинде экстремисттик же террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыз менен алар табылган же таркатылган же мындай материалдарды чыгарууну жүзөгө ашырган уюм жайгашкан жер боюнча сотко кайрылууга укуктуу. Прокурордун арызы боюнча сот чечим чыгарганга чейин маалыматтык материалдардын жеткиликтүүлүгүн убактылуу чектөөгө укуктуу.
  3. Баңгизат сатуу көбүн эсе социалдык тармактарда эмес, жабык телеграм-каналдарда жана  и whatsapp-топтордо (DarkNet), жүргүзүлөт. Бул каналдарды аныктап, аларга кошулуу оңойго турбайт. “Даркнетти” аныктоо механизми тууралуу мыйзам долбоордо көрсөтүлгөн эмес.

2019-жылдын этегинде Кыргызстандагы баңгизат жана кылмыш иштери боюнча БУУнун кеңсе программасынын жетекчиси Андрей Селезнев баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик координациялык комитетинин отурумунда акыркы мезгилде баңгизаттар Интернетте жана “даркнетте” жайылгандыгы тууралуу айтып өтүп, бул кооптуу жагдай экенин белгилеген.

Коомчулук мыйзам долбоорун колдоду, аны сынга алгандар  — бул троллдор жана SMM адистери. 

Жыйынтык: жалган

Мыйзам долбоору юристтер, медиаэксперттер, журналисттер жана социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан сынга алынган.   

  • 2020-жылдын 20-майында Factcheck.kg сайты мыйзам долбоорду жана анын маалымкат-негиздемесин анализдеп, төмөнкү жыйынтыктарга келген:
  1. маалымкат-негиздемеде стилистикалык жана логикалык каталар табылган;
  2. мыйзам долбоору Россия Федерациясынын «Маалымат, маалыматтык технологиялар жана маалыматты коргоо жөнүндө» федералдык мыйзамынын беренелерин көчүргөн жана Жогорку Кеңеште 2017-жылдын март айында сунушталган мыйзам долбоорунун 64%ын кайталайт;
  3. маалымкат-негиздеменин өзүндө бир нече манипуляция камтылган;
  4. маалымкат-негиздеменин текстинин кыргыз жана орус тилдериндеги варианттарында айырмачылыктар бар.

Макала коомчулукта чоң резонанс жаратып,  Azattyk.kg, Kloop.kg, April.kg сыяктуу белгилүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын сайттарында жарыяланган. Бул тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилери билбеши мүмкүн эмес эле.  

  • 15- майда «Адилет укуктук клиникасы» коомдук фонду мыйзам долбоорун анализдеп, жыйынтыгын жарыялаган. Анда жарандарын сөз эркинидигине болгон конституциялык укуктары бузулары тууралуу айтылып, мыйзам долбоорундагы бир нече мүчүлүштүктөр белгиленген. “Адилеттин” анализи Prevention.kg, April.kg, Journalist.kg, Internews.kg ж.б. сайттарга жарыяланган. 
  • Мындан тышкары, мыйзам долбоору тууралуу “Медиа Полиси Институту” коомдук фондунун юристтери өз пикирин билдирген. Анда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору Конституцияга карама-каршы келип, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектери жөнүндө айтылат. Мындан тышкары, долбоор цензура жаратып, мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтөт жана  ишкерлер менен жарандарга кошумча көйгөй алып келери белгиленген.

Жыйынтык: 2020-жылдын 3-июнунда “Бешинчи каналдын” түз эфиринде депутат Айнура Осмонова чындыкка дал келбеген маалыматты үч ирет айтып өттү.