Салмагы 1,5 тоннага жеткен булчуңдуу буканын бар-жогун текшеребиз

 Factcheck.kg  редакциясына окурманыбыз кайрылып, буга чейин дүйнөлүк желеде айтылган уй, буканын өзгөчө тукуму тууралуу маалыматты текшерип берүүнү өтүндү. Маалымат уйдун таң калычтуу, одоно көрүнгөн сүрөттөрү менен коштолот. Жаныбардын булчуңдары көп, ал эми жүнү аз болгондуктан улам, айрым колдонуучулар аны фейк деп кабыл алган. 

C:\Users\Yaroslav\AppData\Local\Microsoft\Windows\INetCache\Content.Word\photo_2019-10-28_16-20-161111.jpg

Макалада сүрөттөгү жаныбар "селекционерлердин 50 жылдык эмгегинен улам жаралган бельгиялык көк бука" деп айтылат.  Сүт менен этти көп өлчөмдө алуу максатын көздөгөн селекционерлер ушундай жыйынтыкка келгени кабарланат. 

Factcheck.kg көк буканын бар-жогун териштирди. 

«Бельгиялык көк тукум» деп издөө салсак, айыл-чарба, илим жаатында көптөгөн макалалар пайда болот. Арасында Википедиянын да маалыматы бар. 

 

Андагы маалымат менен таанышкан соң, жогорудагы тукум чын эле бар экенине ынанабыз. Бельгиялык селекционерлер асыл тукумду алуу иштерин XIX кылымда эле баштаган экен.  Алгач шортгорн тукумун атайлап Англиядан алып келип, жергиликтүү бельгиялык уйлар менен аргындаштырышкан. Бара-бара уйлардын салмагы өсүп, тулку бою төмөндөгөн. 

XX кылымдын 50-жылдары профессор Хансет булчуңдү өстүрүүчү генди токтоткон. Дал ошол мезгилден тарта "бельгиялык көк" аталган чыныгы бельгиялык тукум пайда болуп, учурда АКШ, Франция, Германия жана Бельгия өлкөлөрүндө кеңири жайылган. 

Кубан аймагынын (Россия Федерациясы) айыл-чарба маалымат борборунун расмий сайтында көк бука тууралуу төмөндөгүдөй баяндалат:  «Көпчүлүк бул жаныбардын этин зыян деп эсептейт. Бул чындыкка дал келбейт. Бельгиялык көк буканын гени мутацияга айланганы табигый көрүнүш».

Жыйынтык:

Чындык.

 "Бельгиялык көк тукум" адам колунан жаралган. Анын салмагы  1400 килограммга чейин жетет.