Боор менен баш мээге залакасын тийгизген паразитти текшеребиз

Кыргызстанда боор менен мээге таасир эткен паразит пайда болду деген маалымат 7-октябрда  orbita.kg сайтында жарыяланды.  Макалада илдеттин очогу Бишкек шаары деп айтылат.

Макала адамдын дене мүчөсүнүн бир нече эсе чоңойтулган сүрөтү менен коштолгон жана анын көрүнүшү үрөй учура тургандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары маалымат менен ыкчам бөлүшө баштаган.

Андыктан, бул канчалык деңгээлде чындыкка дал келерин Factcheck.kg аныктап көрүүнү чечти.

Google аркылуу «боорду жана мээни жабырткан паразиттер» (паразиты сжирающие печень и мозг) деп издөө салсак, бизге белгилүү болгон  «Орбита» сайтынын макаласына шилтеме жүктөлөт.

Ал эми «эхинококкоз бишкек» деп издесек, аталган дарт буга чейин көптөгөн ЖМК тарабынан айтылып келгенине күбө болобуз.

«Орбита» сайтынын макаласында паразиттин негизги булактары иттер, андыктан, Айыл-чарба министрлиги аларга атайын ит каргыларын сатып алууну пландаштырып атат, деп кабарланат.

Макалада берилген ит каргынын сүрөтүн интернеттен текшерсек, КирТАГ жана «Кабар» маалымат агенттиктеринин макалаларына туш болобуз. Анда «Мал чарбачылык жана рынокту өнүктүрүү – 1» долбоорунун алкагында жана эхинококкоз дартын алдын алуу максатында Айыл-чарба министрлиги  4,4 млн сомго ит каргы сатып алууну пландаштырууда деп айтылат. Маалымат 2019-жылдын 4-октябрында жарыяланган.

«Орбита» макаласында Бишкек менен катар башка аймактарда да оору күч алгандыгы кабарланат: Баткен облусу толугу менен,  Жалал-Абадда Сузак району, Ош облустунда –  Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору, ал эми Нарын облустунда Ат-Башы жана Кочкор райондору, Ысык-Көлдө болсо Ысык-Көл менен Тоң райондору, Чүйдө оорунун очогу Аламүдүн району деп айтылат.

Ошол эле маалымат Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жай жана мелиорация министрлигине таянуу менен «Кабар» жана КирТАГ агенттиктери тарабынан берилген.

Бирок, өлкөдө эхинококкоз чындап  күч алганын жана «Орбитада» айтылгандай кыргызстандыктар үчүн залакасы чоң экенин текшерүү зарыл.  

XX кылымдын башында тоолуу аймакты байырлганан ар бир төртүнчү кыргызстандык бул оорудан жабыр тартканын  «Спутник»    агенттиги маалымдаган.

Совет доорунда бийлик дартты тизгиндей алган, бирок, эгемендүү Кыргызстанда эхинококкозго каршы олуттуу күрөш жүрбөгөндүктөн, илдет күч алганы айтылат.

2019-жылдын 8-майында  K-News агенттиги Айыл-чарба министрлигинин маалыматына таянып, 2011-2018-жылдары өлкөдө эхинококкозго чалдыккандардын санынын азайып баратканын кабарлайт.

Маалыматта көрсөтүлгөндөй, акыркы жылдары Кыргызстанда дарт күч албастан, тескеринче азайган.

Жыйынтык

Маалыматтын жарымы төгүн, жарымы чын.

«Орбита» сайтындагы макала окурмандын үрөйүн учуратат. Анда кеп болгон илдет адам өмүрүн алат деген өңүттө жазылган. Ал эми жаңылыктын негизги жана жалгыз булагы –  Айыл-чарба министрлигинин ооруну алдын алуу аракетин баяндаган пресс-релиз.

Өлкөдөгү илдеттин абалына көз чаптыра турган болсок, акыркы төрт жылда анын кыйла төмөндөгөнү байкалат. 2014-жылы илдетке чалдыккандардын саны 1185 адам болсо, 2018-жылы 906 оору катталган.