Мамлекеттик органдар салык төлөөчүлөрдүн эсебинен Apple телефондорду жана планшеттерди сатып алууда

Кыргызстан Президентинин Иш башкармасы техниканы сатып алууга жана антивирусту узартууга 2.4 млн сомго тендер жарыялады. Сатып алынуучу техникалардын арасында $1300 турган планшет да бар.

 

Мамлекеттик сатып алуунун сайтындагы маалымат боюнча, Иш башкармалыгы тендерди 21-февралда жарыялаган, лоттордун арасында $1300 турган, же КР Улуттук банкынын курсу боюнча 122.3 миң сом болгон жаңы iPad бар. Калган каражат Kaspersky антивирусунун лицензиясын узартууга, шредерди жана башка техниканы сатып алууга жумшалмакчы.

Мамлекеттик органдар салык төлөөчүлөрдүн эсебинен Apple техникасын сатып алган бул биринчи учур эмес. Өткөн жылы декабрда Президенттин Иш башкармасы беш Apple планшетин жана башка компьютердик техниканы сатып алган, анда лоттун жалпы суммасы 2.7 млн сомду түзгөн.

Мекеменин шарты боюнча, планшеттер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: чип M2, дисплейи Liquid Retina 11-дюймдан кем эмес ProMotion функциялары менен, эси 128Gbдан кем эмес, Wi-Fi+Cellular, кепилдик мөөнөтү 12 айдан жогору, өндүрүүчүнүн өзүнөн чехол-клавиатура.

Аталган талаптарга Apple маркасындагы планшеттер, тагыраак айтканда баасы 950 доллардан жогору болгон 2022-жылы чыккан Apple iPad Pro жана башка жаңы моделдер, ошондой 27 миң сом турган ушул компаниянын клавиатурасы туура келет.

 

Ошол эле айда Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы 125 миң сом турган смартфон сатып алган. Керектүү товардын толук мүнөздөмөсү бар файлды ачууга мүмкүн болбоду, бирок анын кыскача мүнөздөмөсүнө жана суммасына iPhone 14 Pro 256 гб моделиндеги смартфондор гана туура келет.

*Материал жарыяланып жаткан убакта Энергетика министрлиги телефон аркылуу оозек кайрылууга жооп бергиси келген эмес. Басма сөз кызматы кат түрүндө расмий кат жөнөтүү керектигин айтты. Factcheck.kg редакциясы жогоруда аталган маморгандарга расмий каттарды жөнөттү, жооптор келээри менен маалыматтар жаңыланат.

Мамлекеттик сатып алуулардын үчтөн бир бөлүгү тууралуу маалыматтар белгисиз

Журналисттер менен активисттер аткаминерлердин кызматтык абалды колдонуп, товарлар менен кызматтарды кымбат баада сатып алган коррупциялык схемаларын ачыктап келген болчу. Мамлекеттик сатып алуулардагы көптөгөн мыйзам бузууларга карабай президент Садыр Жапаров мамлекеттик сатып алуу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол коюп, 2022-жылдын жайынан баштап муниципалдык ишканалар жана мамлекеттин үлүшү 50%дан ашкан акционердик коомдор тендерлерди өткөрбөгөнгө жана чыгымдарын көрсөтпөгөнгө мүмкүнчүлүк алышкан. “Kloop” журналисттеринин маалыматы боюнча, миллиарддаган бюджеттик акчалардын колдонулушун көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой калды.

Мамлекеттик сатып алууда кеңири колдонулган коррупциялык жол – сатып алынып жаткан товардын жана кызматтын баасын көтөрүү жана тендердик конкурстарга аткаминерлерге жакын адамдардын катышуусу.

Маселен, так ушул ачык маалыматтардын аркасында Дары-дармек департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиевдин жакындарынын фирмалары мамлекеттик сатып алуулардан миллиондогон доллар киреше тапканы белгилүү болгон. Бул тууралуу көз карандысыз иликтөөчүлөр миңден ашык тендерлерди иликтеп чыгып билдиришкен.