“Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоору жана ага негиздеме-билдирме – плагиат

Кезектеги плагиат – “Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоору орусиялык мыйзамдан көчүрүлүп алынган, ал эми копипасттын үлүшү орточо алганда 70-90% түздү. Factcheck.kg редакциясынын журналисттери Жогорку Кеңештин депутататтарынын кароосуна түшкөн мыйзам долбоордун ар бир беренесин ушуга окшош орусиялык мыйзамдын беренелери менен салыштырып чыгып, авторлор мыйзамдын текстин кайра көчүрүп алгандарын, анда өлкөнүн жана аймактык субъектилердин аталыштарын гана өзгөртүп койгондорун аныктап чыгышты.

Мыйзам долбоордун расмий тилдеги (орус тилиндеги) тексти орусиялык документтен толук көчүрүлүп алынганы менен ар кайсы фракциядагы 19 депутат анын демилгечилери катары өзүлөрүн көрсөтүшкөн:

Журналисттер мыйзам долбоордун ар бир беренесин “Антиплагиат” аркылуу текшерип чыгып, төмөнкүдөй жыйынтыктарды алды:

  • Бир берененин 48%ы көчүрүлүп алынган
  • Үч берененин 61-65%ы көчүрүлүп алынган
  • Он үч берененин – 70-79%ы
  • Тогуз берененин – 81-88%ы
  • Жыйырма берененин – 90-98%ы

Мыйзам-долбооруна негиздеме-билдирменин алдында беш депутаттын, бардыгы тең “Ыйман Нуру” фракциясынан, колдору турат – Султанбай Айжигитовдун, Нуржигит Кадырбековдун, Замирбек Мамасадыковдун, Винера Раимбачаеванын, Динара Ашимованын.

Бирок негиздеме да көчүрүлүп алынганы аныкталды. Башкы сөз катары мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Султанбай Айжигитовдун 2018-жылдагы ал кездеги президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке ачык каты колдонулган. Кат “Кыргызстанга өз акылы менен жашаганга убакыт келгендиги тууралуу” деп аталат жана ал, айрым кошумчаларды эске албасак, дээрлик 100% көчүрүлүп негиздемеге коюлган.

Ал эми негиздемеде келтирилген мыйзам долбоорунун “Принциптери жана максаттары” толугу менен орусиялык мыйзамынан көчүрүлүп алынган беренени кайталайт: “7-берене. Стратегиялык пландаштыруунун принциптери”. Кийинки “Максаттар” деген бөлүм “Стратегиялык пландаштыруунун максаттары” деген 8-берененин эле көчүрмөсү.

Калган бөлүктөр ушуга окшош билдирмелер үчүн салттуу болуп эсептелет – бул ар кандай кесепеттердин ыктымалдуулугу (эч кандай кесепеттер болбойт деп жазылган, – ред. түш.), мыйзамчылыкка каршы келбеши (колдонуудагы мыйзамдардын нормаларына каршы келбейт деп айтылган, – ред. түш.), каржылоонун керектиги (кошумча каржылоону талап кылбайт, – ред. түш.) жана коомдук талкуунун жыйынтыктары (сунуштар түшкөн эмес, – ред. түш.).

Белгилей кетсек, орусиялык мыйзам 2014-жылы кабыл алынган болчу жана ал убактан бери ага үч жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Тыянак: “Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоору дээрлик толугу менен “Орусия Федерациясындагы стратегиялык пландаштыруу жөнүндө” мыйзамдан көчүрүлүп алынган. Документтин негиздемеси да орусиялык мыйзамдан жана мыйзам долбоорун демилгелегендердин биринин 2018-жылдагы ачык катынан көчүрүлүп алынган.