Кыргызстан алтынды Швейцарияга экспорттогонун улантууда, бирок Улуттук статком аны жашырып жатат

Урматтуу окурмандар! Материалды даярдап жатканда техникалык себептерге байланыштуу КРдин Улуттук статкомитетинин айрым маалыматтары туура эмес берилип калганын өкүнүү менен билдиребиз. Ушуга байланыштуу такталган маалыматтарды беребиз.

Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстан 2022-жылы биз мурда жазгандай 2905 кг эмес, болгону 290.5 кг алтын экспорттогон. Баарынан көп Кытайга (Гонконг) – 202 кг, андан кийин Түркияга – 83 кг, Бириккен Араб Эмираттарына – 4.99 кг жиберилген. Жыл ичинде башка өлкөлөргө алтын экспорттолбогон имиш.

Улуттук статистикалык комитет чынында алтын кайсы өлкөлөргө кандай көлөмдө экспорттолуп жатканын дагы эле жашырып келет. Муну продукциянын экспорту жана импорту тууралуу “күзгү маалыматтарды” алууга мүмкүнчүлүк берген Trade Map соода-сатык статистикасынын эл аралык маалымат базасындагы сандар көрсөтүүдө.

Билдирме: күзгү маалыматтар – бул тышкы соода өнөктөштүн бажы органы тарабынан товарлардын партиясын каттоодо берилген маалыматтар. Ошентип, Trade Map өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын жана статистикалык комитеттеринин сайттары сыяктуу ачык булактардан маалыматтарды “чогултуп” сунуштайт. Мисалы, Кыргызстандын бажысы Кытайдан 5 тонна кайсы бир товар импорттолду деп маалымдады, ал эми Кытай 20 тонна товар экспорттолду деген маалымат берди. Ошентип, 15 тонна кытай товары Кыргызстанда “көмүскөдө” калган болот.

Биз Улуттук статкомдун маалыматтарын Trade Map базасындагы маалыматтар менен салыштырып, чоң айырмачылыктарды байкадык.

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, Кыргызстан 2022-жылы болгону 290.5 кг алтын экспорттогон. Баарынан көп Кытайга (Гонконг) – 202 кг, андан кийин Түркияга – 83,4 кг, Бириккен Араб Эмираттарына – 4,9 кг жиберилген. Жыл ичинде башка өлкөлөргө алтын экспорттолбогон имиш.

Эскерте кетсек, 2021-жылы алтынды негизинен “белгисиз өлкөгө” экспорттогонбуз – 19 тонна. Анда өлкө бийлиги экспорттук операциялар тууралуу маалыматтарды “коопсуздук максатында” жашырганга аракет кылган. Кийин Trade Map маалыматтарын колдонуу менен “белгисиз өлкө” Швейцария экени, ал жакка 19 тонна эмес 21 тонна алтын экспорттолгону аныкталган.

Алтын кайра Швейцарияга экспорттолууда, бирок ал тууралуу маалымат жашырылууда

Улуттук статком (УСК) – өлкөдөгү товарлардын экспорту жана импорту тууралуу маалыматтарды берген жалгыз маалымат булагы. Бирок улуттук статистикалык комитеттердин маалыматтары бири-биринен катуу айырмаланат, ал өлкөдөгү мамлекеттик көзөмөлдүн жүргүзүлүшүнүн деңгээлине байланыштуу. Башкача айтканда, өлкө канчалык өнүккөн болсо, ал өлкөнүн тийиштүү көзөмөл органы берген маалыматтар ошончолук чындыкка жакын болот. УСКга салыштырмалуу Trade Map соода-сатык статистикасынын эл аралык маалымат базасы чындыкка жакыныраак маалыматтарды берет.

Trade Map маалыматы боюнча, Кыргызстан 2269 кг.

Баарынан көп кыргыз алтынын Швейцария сатып алган, бул өлкөгө 1 513 кг баалуу металл жөнөтүлгөн. Бул өлкөгө алтындын сатылышы тууралуу маалыматты УСК көргөзгөн эмес. Биздин алтынды импорттогон өлкөлөрдүн катарында Түркия (385 кг), Таиланд (38 кг) жана Кытай (333.8 кг) бар.

Кытайга расмий статистика 2020 кг алтын жөнөтүлгөн деген маалымат берсе, Trade Map 333.8 кг алтын тууралуу маалымат берүүдө.

Тыянак: Улуттук статкомитеттин жана Trade Map эл аралык маалыматтар базасынын 2022-жылдагы алтын экспорттолгон өлкөлөр жана экспорттун көлөмү боюнча маалыматтарында чоң айырмачылыктар бар. Улуттук статком 2021-жылдагыдай эле алтындын Швейцарияга экспорттолушун жашырып келет.