Гуля Алмамбетова, Бишкекте 97 мектеп бар, дагы 97 жетишпейт

Бүгүн 1-апрелде Бишкек шаардык кеңешке аттанган партиялардын көз карандысыз дебаты жүрүп атат.  Дебатта Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП) жана “Реформа” беттешти.

КЭДП өкүлү Гуля Алмамбетова учурда Бишкекте 97 мектеп бар экенин жана 97 мектеп жетишперин айтып өттү. Бирок мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова 2018-жылдын 14-ноябрында Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө, Бишкекте 151 мектеп бар экенин, анын ичинде 96 мамлекеттик жана 44 жеке мектеп экенин билдирген. Омурбекова эл өкүлү Дастан Бекешовдун суроосуна жооп берип атып, калаада 15 мектеп жетишперин айткан.

Жыйынтык: жалган.