Түркия Кыргызстанга учкучу жок учактарды берет деген маалымат жалган
Бүгүн, 1-майда айрым россиялык басылмалар Түркия Кыргызстанга жардам катары учкучу жок учактарды бере тургандыгын жазып чыкты. Жаңылыкты жазган сайттардын бардыгы avia pro аттуу сайтка шилтеме берген. Аталган сайт жалган маалымат жана ушак айыңдарды тараткандыгы менен белгилүү.
Жаңылык Түркиянын массалык маалымдоо каражаттарына таянуу менен даярдалган. Бирок Түркиянын беделдүү ири басылмаларында мындай маалымат табылган жок.
Жаңылыкты ким жана кандай максат менен жазганы белгисиз.
Булак: Kaktus.Media