Коронавирусту ойлоп тапкан адам кармалды деген маалымат — жалган

Argument.kg сайты окурмандарга фейк маалымат тартуулады.

20-апрелде argument.kg басылмасы «Коронавирусту ойлоп тапкан адам кармалды…» деген баштема менен макала жарыялады. Макалада New York Times басылмасына таянуу менен Microsoft негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс вирусту атайын өзүнүн бизнесин өркүндөтүү, өнөкөт оорулары бар адамдар жок болуусу үчүн ойлоп тапкан деп айыптаганы айтылат.

 

Мындан тышкары, автор Билл Гейтс COVID-19 вирусунун жаратуучусу деген маалымат социалдык тармактарда жайылганын жазып чыккан. 

Factcheck.kg бул маалыматтарды текшерип көрдү. 

Алгач тиешелүү макаланы New York Times басылмасынан издеп табабыз. 

Анда Билл Гейтстин “Келечекте адамзат үчүн ядерлик бомба эмес, миллиондогон өмүргө коркунуч алып келе турган вирус кооптуу болот” деген сөзү популярдуу болуп кеткени айтылат. Бул жагдайда Гейтс коронавирустун автору катары күнөөлөнүп атканы айтылып, вирусту өзүнүн кызыкчылыгына колдонду деп айыпталганын New York Times белгилеген

Мындан тышкары, АКШ басылмасынын макаласында мындай деп айтылат:

“Жалпыга маалымдоо каражаттарын анализдеген Zignal Labs  компаниясынын маалыматына ылайык, Гейтс тууралуу дезинформация коронавируска байланыштуу эң кеңири тараган маалыматтардын катарында. Бул темада Facebook социалдык тармагында 16 миң пост жарыяланып, аны жактырып, аны менен бөлүшкөндөрдүн саны 900 миңге жеткен. Ал эми YouTube сайтында Гейтс тууралуу март жана апрель айларында жайгаштырылган 10 жалган видео 5 млн жолу көрүлгөнүн New York Times аныктады”. 

“Zignal Labs компаниясынын анализине ылайык, апрель айында Гейтске жалган жалаа койгон маалымат максималдуу болуп, күнүнө 18 миң жолу айтылган деп жазат”, —  New York Times.

Жыйынтык: Фейк. 

  1. Коронавирусту ойлоп тапкан адам кармалды деген маалымат — жалган;

  2. New York Times Билл Гейтсти жалган жалаанын курмандыгы болуп калганын жазып чыккан жана Гейтс коронавирустун жаратуучусу деген маалымат — эң популярдуу дезинформация деп белгилеген;

  3. New York Times макаласында Билл Гейтстин кармалгандыгы тууралуу маалымат жок;

  4. Argument.kg сайты макаласында New York Times басылмасына шилтеме жазаганы менен, макала мазмунун бурмалаган.