Айрым учурда коронавирус 4 метрге чейинки аралыкта жугат — чындык

(Русский) Выводы ученых важны для обеспечения безопасности медицинского персонала в больницах, а также частично для обеспечения безопасности членов семьи больного, в условиях домашнего карантина.

Коронавирус илдети 4 метрге чейинки аралыкта жугат деген маалымат социалдык тармактарда жайылды. Маалымат акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы деп айтылып келгендиктен,  окурмандарыбыз бул маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен редакциябызга кайрылды.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/a410f1d612b2234a46107b222f029865fa23fc25.png?resize=640%2C484&ssl=1

 

 

Маалымат булагы катары АКШдагы Илдеттерди алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун сайты көрсөтүлгөн.

Пекиндеги Аскер-медицина илимдеринин окумуштуулар тобу жаңы изилдөөнүн жыйынтыгын ачыктаган. Анда Ухань шаарындагы Хошеньшань ооруканасынын интенсивдүү терапия палатасынан алынган аба 19-февралдан 2-мартка чейин тыкыр изилденген.

Ошол тапта интенсивдүү терапия палатасында 15 бейтап оор абалда, ал эми жалпы палатада 24 бейтап кыйла жеңилирээк абалда дарыланып жаткан.

Окумуштуулар абаны палаталардан жана алардын ортосундагы жылчыктардан алган. Мындан тышкары, стерилдүү тампондордун жардамы менен полдун үстүнөн, компьютердин чычканынан, таштанды идишинен, керебеттердин кармоочторунан, бейтаптардын маскаларынан, жеке коргоочу каражаттардан жана аба чыгаруучу тешиктерден да аба алынып, изилденген.

Окумуштуулар вирустун аба аркылуу жугуу жөндөмүн изилдеп, вирус 4 метрге чейинки аралыкка жете алат деген жыйынтыкка келген.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/3d36103fa012ca5e0c6743d20eabf0ce6cf8a74c.png?resize=640%2C509&ssl=1

 

 

Мындан тышкары, изилдөөчүлөр төмөнкү жыйынтыктарды чыгарган:

  1. Вирус интенсивдүү терапия палатасында да, жалпы палатада да бирдей жайылган. Бул медициналык кызматкерлер жана бейтаптын абалын көрүү максатында ооруканага келгендер үчүн кооптуу.
  2. Интенсивдүү терапия палатасында абанын вирус менен булгануу деңгээли жогору. Окумуштуулар интенсивдүү терапия палатасында кызмат өтөгөн дарыгерлердин жеке коргонуу шаймандарын күчөтүү керек экендигин белгилеген.
  3. Вирус бир адамдан экинчи адамга 4 метрге чейинки аралыкта жугат.

Илимий иштин жыйынытктары 2020-жылдын 10-апрелинде жарыяланган. Бир жумадан соң (17-апрелде) Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сайтында дистанцияны кармоо тууралуу маалымат өзгөрбөстөн калганын көрөбүз.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/a22fea48df89d664d7f70b78df53fcb6e18a448d.png?resize=640%2C230&ssl=1

 

Жыйынтык:  4 метрге чейинки аралыкта коронавирус илдетин жуктуруп алуу коркунучу бар деген маалымат илимий изилдөөнүн жыйынтыгынан улам алынган.  Бирок изилдөө ооруга кабылган палатадан алынган абанын негизинде жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы медицина кызматкерлеринин жана карантин учурундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн маанилүү (эгер ошол үй-бүлөдө илдеттин учуру катталган болсо).