Социалдык тармактардагы фейктердин манипуляциясы. Дээрлик 1000 аккаунтту изилдөөнүн жыйынтыгы

Интернет блоггерлер үчүн гана киреше булагына айланбастан, фейктер менен троллдордун чарбасы деп аталган жаңы кесипти да жаратты. Мындай чарбалардын кызматкерлери бул жаатта бир долбоор үчүн айына 200 доллардан киреше табаарын ММКларга анонимдүү айтып беришкен. Фейк аккаунттар адатта айрым саясатчылардын, партиялардын жана чиновниктердин имиджин сактап калуу үчүн жана интернетте күн тартибин өзгөртүү зарыл болгондо иш алып барышат.

Президент Садыр Жапаровдун имиджинин үстүнөн да фейктер, троллдор активдүү иштеп келет. Троллдордун активдүүлүгү айрыкча шайлоо алдындагы үгүт учурунда байкалат.

2021-жылдын ноябрынан 2022-жылдын январына чейин “Баштан Башта” кыймылы Кыргызстандагы саясатчылардын жана партиялардын кызыкчылыктарын үгүттөгөн Facebook социалдык тармагындагы фейк аккаунттарды изилдеген.

Жалпысынан 890 профилден турган база чогултулган, анын 700ү саясий партияларда, 190ну бир мандаттуу округдардан келген талапкерлерге иштеген.

Фейктердин колдоосуна арзыган партиялардын рейтингинде биринчи орунду “Ата Журт Кыргызстан” партиясы ээледи.

Анализдин жүрүшүндө журналисттер бул чарбалардын  иштөө схемасын түзүшкөн: троллдор посттордун автору катары чыгышат, фейктер, өз кезегинде, постторду массалык түрдө топторго жөнөтүшөт жана аларды өз баракчаларында бөлүшүшөт. Бардык манипуляциялар бир эле учурда жүргүзүлөт.

Шайлоочунун көңүлүн буруу үчүн бул интернет-согушта аккаунттар гана эмес, таратылган маалыматтар да фейк болгон. Фейсбукта белгилүү адамдардын атынан скриншоттор жарыяланып, ынандыруу үчүн жергиликтүү маалымат каражаттарынын логотиптери колдонулган. UFC чемпиону Валентина Шевченко депутаттыкка талапкер Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга чакырарын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына дагы бир талапкер, журналист Али Токтакунов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагыорун басары Райымбек Матраимовду каралоо үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевден акча алганы айтылган.

Бул билдирүүлөрдүнбаары чындыкка дал келбейт. Ал эми посттор жарандарга туура эмес маалымат берүү максатында фейктер тарабынан түзүлгөн.

Жогорудагы маалыматтар төгүндөлгөнү менен, фейк чарбалардын, троллдордун аракеттери шайлоонун таза өтүшүнө коркунуч жаратууда. Мисалга, швейцариялык басылма Дональд Трамптын АКШдагы шайлоодогу жеңишиндеги “ири маалыматтардын” ролу боюнча иликтөө жүргүзгөн.

Фейктердин манипуляциясынан кантип коргоно алабыз?

Кыргызстанда бир нече жылдан бери фейк жана троллдор чарбалары иштеп келет. Барган сайын алар өз жөндөмүн өркүндөтүп, журналисттерге бул көрүнүштү изилдөөнү татаалдаштырат.

Фейк жана троллдор якут, бурят жана казак колдонуучуларынын сүрөттөрүн профилине коюп келет. Алтынай Камилованын аккаунтундагы сүрөт чынында бурятиялык модель Аюна Албашеевага таандык. Бул колдонуучу «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын колдоо менен чектелбестен, оппозициялык «Ата Мекен» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларын активдүү сындаган.

Фейкти таанып билүү тууралуу түшүндүрмө- видеоматериал “Баштан Башта” каналында бар.

Фейктер жана троллдорго дабаа барбы?

2021-жылдын августунда президент Садыр Жапаров “Такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Документ жарандардын нааразычылыгына жана эксперттердин бул мыйзам долбоору маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым жасоо үчүн колдонулат деген билдирүүсүнө карабай, кабыл алынды.

Президенттин сайтында “Конституция ар бир адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо укугун кепилдейт” деп айтылат. Ал эми кол коюлган мыйзам менен мамлекет акылга сыярлык укуктук базаны түзүү аркылуу бул укуктун ишке ашырылышын камсыздайт. Бирок, троллдор жана фейктер чарбалары жоопко дагы эле тартыла элек.

Коңшу өлкөлөрдө абал башкача. 2020-жылы Украинадагы аймактык шайлоонун алдында Коопсуздук кызматынын киберэксперттери бот чарбасынын кеңсесин табышкан. Уюштуруучулар бүтүндөй схема түзүп, Россиядан келген үгүт материалдарын социалдык тармактарга жайгаштырышкан. 8 миң сим-карта алынган.

Казакстанда январдагы окуялардан кийин Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгы социалдык тармактарда 43 чет элдик аккаунт табышкан. Башкармалыктын башчысы Санжар Алиев фейк билдирүүлөрдүн басымдуу бөлүгү чет өлкөдөн келип жатканын айтып кеткен. Атайлап жалган маалыматтарды тараткан бардык учурларда күнөөлүүлөрдү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүлөт.

Кыргыз бийлиги фейктерге жана троллдорго каршы чара көрбөсө деле, коомдук пикирди бурмалаган фейк-фабрикаларга каршы күрөштө сиз өз салымыңызды кошо аласыз.

Биз фейктердин жана троллдордун тизмесин жарыяладык, бул базанын жардамы менен сиз досторуңуздун тизмесинде фейк-аккаунттардын бар-жоктугун текшере аласыз, социалдык тармакта аларды блоктоо үчүн Facebook администрациясына арыздансаңыз да болот.

Социалдык тармактын алгоритмдери мындай жасалган –  сиздин лентаңызга чыккан пост сиз менен бирдей кызыкчылыктарга ээ болгон досторуңузга  да көрсөтүлөт. Эгер сиз фейк маалыматка же шектүү аккаунт боюнча арыздансаңыз, анын андан ары жайылышын алдын аласыз. Бул иш-аракеттер өлкөнүн санариптик коопсуздугуна салым кошот.

Биздин фейктер базасын досторуңуз менен бөлүшүңүз, өзүңүздү жана жакындарыңызды туура эмес маалыматтардан коргоңуз. Көрүшкөнчө.

Булак: “Баштан Башта”