Избранное Медиасын

Жалган маалымат таратып, кастык тилин колдонгон жана кесиптик этиканы бузган сайтка МЕДИАСЫН

31.03.2022

Жалган маалымат таратып, кастык тилин колдонгон жана кесиптик этиканы бузган сайтка МЕДИАСЫН

Мессенджерлердин колдонуучулары lifenews.kg сайтына жарыяланган макалалар менен бөлүшүп, сайт кимге таандык деп суроо салышты. Колдонуучулардын бири аталган ресурста Дело№ сайтынын кызматкерлери иштеп аткандыгын болжошту.

Factcheck.kg “Медиасын” рубрикасынын алкагында lifenews.kg сайтына чыккан макалаларга саресеп салып көрдү.

Белгилей кетсек, буга чейин Factcheck.kg Дело№ басылмасына жарыяланган макалаларда манипуляция ыкмалары колдонулуп, кесиптик этиканын бузулушуна жол берилгенин бир нече ирет жазып чыккан.

Журналисттик этиканын бузулушуна жол берген макалалар

Аталган сайтта журналистиканын негизги принциптери болгон тең салмактуулук, калыстыктын бузулушуна жол берген бир нече макала жарыяланган. Алар бир тараптуу даярдалып, автордун жеке пикири, божомолу жана кандайдыр бир окуяга же адамга болгон мамилеси менен коштолгон.

Төмөндө макалалардан алынган мисалдарга кайрылсак:

«Батыш менен ымала түзүү аракети Кыргызстанды эч кандай жакшылыкка алып келген жок. Орусия менен мамилени чыңдоо – бул эски досуна жана өнөктөшүнө болгон сый-урмат эле эмес, ошондой эле прагматизм».

“Прагматизм жеңди: Кыргызстандын Россия менен болгон кызматташуусу жана келечектеги пландары тууралуу эксперттердин пикири” аттуу макаладан алынды.

“Неолибералдык көз карашка болгон сый: өз элин жек көрүү” аттуу макала толугу менене автордун пикири жана божомолунун негизинде даярдалган:

  • Өлкөнү барган сайын «Россияга каршы» кылышты, ал эми буга макул болбогондор менен Украинанын коопсуздук кызматы иштеди. Ички террор өз элине болгон геноцидге айланды”.
  • “Оор геосаясий кырдаалдан улам көптөгөн коомдук ишмерлер анык жүзүн көрсөтүүгө мажбур болушту. Эми алар өз элин жек көрүп атат. Ооба, биздин көз караштар бири-биринен айырмаланып турат. Бирок, биз, Кыргызстандын жарандары бири-бирибизди жек көрбөшүбүз керек”.
  • “Эми ушундай “ишмерлер” бизде жарандык согушту каалап атышат. Өлкөдө улут аралык, тилдик өзгөчөлүктөрдөн улам бөлүнүүлөр болуусун каалашат. Эми бул эмнеге алып келерин айтып кереги жок”.
  • “Акыркы убакта Адиль Турдукулов украиналык согуштук пропаганданын эң негизги жайылтуучусу болуп калды. Ал өзүнүн либералдык көз караштары менен эбак эле таанымал болгон. Ал саясий конъюнктура алмашкан сайын өзү дагы өзгөргөн жөндөмү менен да атактуу”.
  • “Анын негизги максаты – кайдан гана болбосун ар дайым өзүнө эң көп пайда алуу”.
  • “Ошондон тарта Турдукуловдон баары чочулашат. Мындай “өнөктөштү” думшаныңа дагы каалабайсың”.
  • “Бирок бул ирет Турдукулов өзүнүн эзелки кыялын орундатканга мүмкүнчүлүк алгандай көрүнөт. Ал өлкөнү таштап, саясий качкын болууну каалайт”.
  • “Бирок анын пландары ишке ашпайт көрүнөт. Керек болсо, ал социалдык тармактарда мекендештерине тонналаган жек көрүүсүн билдирсе дагы ишке ашпайт”.

«АКШ биологиялык куралды иштеп чыгуу боюнча лаборатория ача турган кийинки өлкө Кыргызстан болобу?» деген макала дагы автордун божомолунун жана жеке пикиринин негизинде даярдалган:

  • «Пентагон өзүнүн аскердик иш-чараларын жүргүзгөн жалгыз эле Украина эмес. Бул лабораториялар эпидемиялардын алдын алуу үчүн коркунучтуу козгогучтарга изилдөө жүргүзөт деген сөздөр чындыкка дал келбейт”.
  • «Чыныгы максат – эбегейсиз кыйратуучу күчкө ээ биологиялык куралды түзүү. Мындан тышкары, ал белгилүү бир генотип менен адамдарга каршы багытталган болот. Славяндардын жалпы кыруу үчүн системалуу түрдө даярдык көрүлгөн.”
  • «Жакынкы келечекте дүйнөгө АКШнын кылмыштуу ниети тууралуу талашсыз далилдер көрсөтүлөт деп үмүттөнөбүз. Бүткүл дүйнөлүк коомчулук бул “өлүм базалары” чындыгында эмне кылганын жана алар буга чейин канча адамдын өмүрүн кыйганын билет”.

“Украинага болгон сүйүү 1000 сомго бааланды” аттуу макалада мындай деп айтылат:

  • «Күтүлгөндөй эле башкы спикерлер Рита Карасартова менен Адиль Турдукулов болду».
  • «Анын дагы деле бийликтин өкүлү экенин, мындай ишембиликтерге баруу туура эмес экенин түшүндүргөн кайрымдуу адамдар болду окшойт”.
  • «Акцияда акылга сыйбас учур да болду. “Бүгүн – Украина, эртең – Кыргызстан!” деген ураандан кийин чогулгандар өздөрү кандай реакция кыларын билбей калышты».
  • «Ал эми бул байкуштар, акыры, кожоюндарына ишенимдүү кызмат кылышкан. Бирок кайсы бир учурда алар кереги жок болуп калды. Анан алар жөнүндө «унутуп» калышты, алардын тагдыры эч кимди кызыктырбай калды».

Жогорудагы мисалдарда автор өз пикирлери менен бөлүшүп, аларга жүйө, далилдерди келтирген эмес. Мындан улам, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 10, 17 беренелеринин бузулушуна жол берген.

Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл”. Этикалык кодекс, 10-берене

Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлеринин тең салмакта берилиши шарт.  Этикалык кодекс, 17-берене.

Кастык тили

Материалдарда кастык тили колдонулганы байкалат.

«Кастык тили» адамды же адамдардын тобун басмырлаган жана этникалык таандыгы, тарыхый жана маданий теги, улуту, дини, гендердик өзгөчөлүгү, сексуалдык ориентациясы, майыптыгы сыяктуу өзгөчөлүктөргө негизделген билдирүүлөр. Жек көрүү сөздөрү стереотиптер, клишелер менен коштолот:

  • “Бакиевдин тушунда эле жаш соросчу бейөкмөт уюм менен мамлекеттик кызматта бирдей иштегенге жетишкен”.
  • “Барган сайын “батыш” менен достук куруу болбойт экенин түшүнгөн адамдардын саны көбөйгөнү кубандырат. Ал эми учуп бараткан америкалык учактын шассисине жабышып, аларга кошулууну каалагандар азайып баратат”.

Манипуляция кымалары 

Lifenews.kg басылмасы макалаларда манипуляция жана пропаганда ыкмаларын колдонгон.  Алардын ичинен кеңири тараган төмөнкү ыкмалар бар:

Дезинформация – толук эмес маалыматты же толук эмес, бирок зарыл болбой калган маалыматты берүү, контекстти бурмалоо, аудиторияны манипуляторго керектүү аракеттерге түртүү үчүн маалыматтын бир бөлүгүн бурмалоо аркылуу адаштыруу.

Душманды шайтанга айландыруу” ыкмасы  — текшерилбеген же болбосо жалган маалыматты пайдалануу менен оппонентти абийирсиз, таш боор, адам эмес кылып көрсөтүү.

Жалган – фактыларды бурмалап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды берүү.

Көө жабуу, тамга басуу (навешивание ярлыков) аудиторияга каарман тууралуу белгилүү бир мүнөздөмөнү алдын ала таңуулап, окурманды өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу.

Каралоо – коомго таасир этүү максатында көп колдонулат. Манипулятор аудиториянын эмоцияларына таасир берип, көрөрман начар деп эсептеген идеяларды көтөрүп чыгат да, ага каршы универсалдуу ыкмаларды сунуштайт.

Стереотиптер – мында көрөрмандын, угармандын, окурмандын каарманга карата жек көрүү, жийиркенүү жана башка эмоционалдык сезимдерин пайда кылуучу сөздөр колдонулат, ал эми фактылар жана пикирлер даана ажыратылбастан, аралашып калат.

Окурманга жалган маалымат берүү

Lifenews.kg сайтынын башында негизги 4 бөлүмдү көрүүгө болот:

  • Долбоор тууралуу
  • Жарнама
  • Вакансиялар
  • Байланыш

“Долбоор жөнүндө” бөлүмүндө бул ресурс ар дайым акыркы жаңылыктарды жана репортаждарды жарыялап турганы, ал эми журналисттер “окуя болгон жерге биринчилерден болуп барышары” айтылат. Ошол эле учурда аталган сайтта күнүнө орто эсеп менен 3-4 материал чыгарын көрүүгө болот.

Ушул эле бөлүмдө “штаттан тышкаркы кабарчылар, жөнөкөй жарандар жана бизнес өкүлдөрү журналисттерге Кыргызстандын жаңылыктарын тез жана сапаттуу жеткирүүгө жардам беришет. Биринчилерден болуп редакцияга укук коргоо органдарынан жана мамлекеттик кызматкерлерден окуялар тууралуу маалыматтар келип түшөт” деп жазылган. 

Ал эми жарнама бөлүмүндө LifeNews Кыргызстанды айына 250 миңге чейин адам окуйт” деп маалымдалат.

Бирок биз pr-cy.ru онлайн куралынын жардамы менен бул маалымат чындыкка дал келберин аныктадык. Сайтка баш баккандардын саны күнүнө 60 гана колдонуучуну түзөт.

Ушул эле бөлүмдө “сайттын кызматкерлери суткасына 25 саат иштери” кабарланат.

Cctld.kg куралынын жардамы менен lifenews.kg сайты 2021-жылдын август айынан тарта ишке киргенин биле алабыз. Анын ээси тууралуу маалымат ачыкталган эмес. Сайттын сервери Орусияда экенин да аныктай алдык.

 

Жыйынтык: lifenews.kg сайты окурмандардын саны тууралуу жалган маалымат жарыялаган жана макалаларында кесиптик этиканын беренелерин бузуп, кастык тили жана манипуляция ыкмаларын колдонгон.

 

 

Журналист, медиа-тренер. Выпускница школы расследовательской журналистики TRACK, стипендиальной программы Internews по дата-журналистике, Школы аналитической журналистики CABAR.asia, онлайн-мастерской для медиакритиков из Центральной Азии. Финалист центрально-азиатского конкурса MediaCAMP Award 2019. Редактор кыргызской версии Factcheck.kg. Соавтор ряда журналистских расследований и дата-статей. Провела десятки тренингов по фактчекингу, дата-журналистике, а также медиа-информационной грамотности.