Мугалимдердин айлыгы 100%га көтөрүлөбү? Текшеребиз

Factcheck.kg редакциясына окурманыбыз кайрылып, Facebook социалдык тармагына жарыяланган билдирүүнү текшерүүнү өтүндү.  

Билдирүүдө 1- апрелден тарта мектеп директорлорунун айлык маянасы 100%га, химия, биология, математика жана физика мугалимдеринин маянасы 20%га, ал эми информатика мугалимдеринин эмгек акысы 30%га көтөрүлөрү айтылат.

Тиешелүү жаңылык КТРКнын сайтында финансы министрлиги Алмаз Бакетаевдин сөзүнө шилтеме берүү менен жарыяланган. Анда 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык кызматкерлердин жана маданият кызматкерлеринин, жалпы жонунан 309 миң адамдын айлык акысы көтөрүлөрү айтылган.

Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы орточо 80 пайызга көтөрүлөт. Жаңы модель менен эсептегенде мугалим болуп жаңы иштеп баштагандар 20 миң сомго чейин алышат. Бул категорияга кирген кызматкерлер бүгүнкү күндө 7 миң сомго чейин айлык алышат деди Бакетаев. Финансы министри белгилегендей, социалдык кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө 26 млрд сом керектелет”, деп айтылат жаңылыкта.

Бирок өкмөттүн тиешелүү токтому мамлекеттик органдардын расмий сайттарына жарыялана элек.

“Тиешелүү жарлык аягына чейин иштелип бүтө элек. Бардык эсептөөлөр жүргүзүлүп, жоболорго кол коюлган соң, биз расмий маалыматты беребиз”, – деп билдирди редакцияга финансы министрлигинин басма сөз кызматы. Ошол эле учурда министрлик мектеп директорлорунун маянасынын 100%га көтөрүлүшү тууралуу маалыматты четке какты.  

Жыйынтык: жартылай чындык. 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык кызматкерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлөрү чын. Бирок Финансы министрлиги эмгек акы канча %га көтөрүлөрү тууралуу так маалымат берген жок.