“Абактагы революциянын” массалык манипуляцияга айланышы. Иликтөө

Социалдык тармактардагы манипуляция коомдук пикирди калыптандырып, колдонуучулардын аң сезимине олуттуу таасир этери белгилүү. Фейк-фабрикаларда бир эле адам бир нече аккаунттарды колдонуп, ар түрдүү баракчаларды, тайпаларды алып барары жана саясатчыларды, коомдук ишмерлерди оң же терс өңүттө көрсөтөрү журналисттик иликтөөлөрдө айтылат. Мамлекет башчысы Садыр Жапаровду дагы социалдык тармактарда ар кандай тайпалар, баракчалар, аккаунттар, блоггерлер, жада калса продакшн студиясы да жарнамалайт. 

Мурда саясатчыларды таанытуу, саясий идеяларын таркатуу жана атаандаштарды каралоо үчүн колдонулган жаңы технологиялар эми коомдук ой-пикирди, элдин маанайын бир нукка буруу үчүн курал болуп жатканын адистер белгилешет.

Factcheck.kg бул иш жүзүндө кандай болорун иликтеп көрдү. 

Президенттик шайлоо өткөн күнү кечинде «Коммерсантъ» аттуу россиялык басылма шайлоонун сүймөнчүгү болгон президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун маегин жарыялаган. Анда болочоктогу президент “түрмөдөн революция жасаганы” тууралуу айтып берген.

Жапаров социалдык тармактарда жана мессенджерлерде ар кандай топтордү түзүп, алар аркылуу маалымат таратканын жана “үч жарым жылдын ичинде калың элге жеткенин” белгилеген.

“2017-жылы мени экинчи ирет камакка алышты. Биринчиден, менин президенттик шайлоого катышуума жолтоо кылуу үчүн, экинчиден, Кумтөр маселесин көтөрбөшүм үчүн. Бирок мен түрмөдө жөн отурбай, социалдык тармактар аркылуу эл менен иштеп аттым  […] Үч жарым жыл бою карапайым эл менен байланышып аттым. 

«Одноклассники», Facebook, Instagram социалдык тармактарынан тайпаларды түзүп аттым. WhatsApp тиркемесинен телефон номерлерди чогултуп, 50 дөн ашуун тайпа ачтым. Ар бир тайпада 256 контакт бар эле. Мен бул топтор аркылуу Кумтөр тууралуу, өз ишмердүүлүгүм тууралуу маалыматты жайылтып аттым. Ошентип, 3,5 жылда бардык элге үнүм жетти. Абакта 24 саат бою бош элем. Мен революцияны түрмөдөн кылдым” , – «Коммерсантъ» басылмасына берген маектен. 

Тармакта активдүү 

Садыр Жапаров түрмөдөн социалдык тармактардын күчүн билген соң, бүгүнкү күндө дагы активдүү колдонот. Бирок, айрым учурда анын билдирүүлөрү жарандык коом тарабынан сынга алынып, резонанс жараткан. Анын аккаунтунан оппоненттерди дискредитация кылган посттор дагы жазылган. Мисалы, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, мурдагы президент Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тууралуу посттор менен бөлүшүп, комментарий калтырылган.

 

 

Президент “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тууралуу провокациялык пост менен бөлүшкөн

 

Президенттин аккаунтунан депутат Дастан Бекешевге карата негативдүү комментарий калтырылган 
Президенттин аккаунту мурдагы өлкө башчысы Роза Отунбаева тууралуу провокациялык пост менен бөлүшкөн

Мындан тышкары, өлкө башчысы ЖМКларды “кырдаалды курчутууда” деп айыптаган. Белгилей кетсек, Kaktus.Media басылмасы тажикстандык Asia-Plus сайтынын маалыматын чыгарган.

Президенттин ЖМКлар тууралуу посту 

 “Караны актоо”

Бүгүнкү күндө президенттин имиджине пресс-борбор менен мамлекеттик ЖМКлардан тышкары фейк, троллдордун армиясы, пикир жаратуучулар, ар кайсы социалдык тармактардагы баракчалар менен топтор жана Youtube-каналдар иштейт.

Алар көбүн эсе өлкө башчысынын ишин жарнамалап, ал эми анын оппоненттерин каралаган маалыматты жазышат жана социалдык тармактарда жайылтышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Temirov Live Жапаровдун камчысын чапкан 73 фейк аккаунтту таап чыккан. Андан соң Factcheck.kg дагы 22 фейк аккаунт менен 22 шектүү колдонуучу тууралуу маалымдаган.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактардын колдонуучуларын билдирүүлөрдүн ичинен аргументтерге, фактыларга көңүл буруп, агрессивдүү, таңууланган манипуляцияга алдырбоону сунуштайт.

“Сиз постко көптөгөн лайк жана комментарий калтырылганын байкадыңыз дейли. Комментарийлердин дээрлик 80%ы маалыматты кубаттап атат, ал эми 20%ы сынга алганын байкадыңыз. Жыйынтыгында, “демек, бул туура маалымат, элдин көбү ушундай ойлосо, менин дагы пикирим дагы ушундай болот”, деп бүтүм чыгарасыз. Бирок бул комментарий калтырган аккаунттарды текшере келгенде, алардын көбү фейк болуп чыгат жана алар башка колдонуучулардын аң сезимине, маселен, “караны ак” деп таасир этип аткан болот. Чынында 80% комментарийди 3 адам ар кайсы фейк аккаунттар менен калтырып аткан болот. Социологдордун айтымында конформизмдин, же башкача айтканда коомдук пикирге болгон ийкемдүүлүктүн деңгээли дагы деле жогору”, – деп билдирди Темиров. 

“Көптөгөн лайктар менен комментарийлердин артында чыныгы адамдар турат деп ойлобоңуз”.

Жүз миңдеген аудиториясы бар Facebook топтору

Factcheck.kg Facebook социалдык тармагында президенттин камчысын чапкан кыркка жакын тайпалар бар экенин аныктады. Алардын аудиториясы он миңдеген, жүз миңдеген колдонуучуларды камтыры аныкталды. Алардын бири болгон “Садыр Жапаров” аттуу топто 180 миңден ашуун колдонуучу бар. Бул тайпанын админстраторлорунун арасында өлкө башчынын верификациядан өткөн аккаунтун көрсө болот.

Андан башка дагы Эльвира Амангельдиевна жана Жазира Таалайбековна аттуу колдонуучулар тууралуу төмөндө сөз кылабыз.

Жапаров тууралуу коомдо оң пикирди калыптандыруу максатында “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!!!” аттуу топ дагы иш алып барат. Андагы катышуучулардын саны 160 миңден ашуун. Тайпанын алгачкы бетинде Жапаровдун кубаттаган бир нече пост бекитилгенин көрүүгө болот. Ал постторду бизге тааныш болуп калган  Эльвира Амангелдиевна менен Жазира Таалайбекова бекиткен.

Ал эми “Үмүт” аттуу тайпада 90 миңден ашуун катышуучу бар. Бул тайпанын автору – жогоруда ысымы айтылган Эльвира Амангельдиевна. Ал “Биздин президент Садыр Жапаров” аттуу дагы бир топтун модератору экенин көрүүгө болот. Аталган топтун катышуучуларынын саны 13 миңден ашат.

Мындан тышкары, Жазира Таалайбекова алып барган  “Алга Садыр Жапаров” аттуу тайпа дагы социалдык тармакта активдүү жана андагы катышуучулардын саны 80 миңден ашкан.

Анын баракчасында өлкө башчысын кубаттап, оппоненттерине жана көз карандысыз ЖМКларга карата терс комментарий калтырылган көптөгөн постторду көрүүгө болот.

 Жазира Таалайбекова аттуу колдонуучунун жеке баракчасынан алынды 
Жазира Таалайбекова аттуу колдонуучунун жеке баракчасынан алынды

 

Редакция Жазира Таалайбекова менен байланышып, анын ишмердүүлүгү тууралуу сурады жана президентти кубаттап, анын оппоненттерин каралаган анын негизги жумушу экенин тактоо иретинде кайрылды:

“Балким ошондой көрүнсө керек. Чынында мен коп жылдан бери аны колдоп келем. […] Себеби мен бул адамга ишенем. Өлкөнү ушул адам гана алдыга сүйрөй алат […] Биз, Жапаровдун тарапташтары аны колдоого дайым даярбыз жана сизди дагы өлкөнүн келечеги үчүн ушуга чакырам”, – деп жооп берди ал. Таалайбекова Жапаровду түрмөдө отурган мезгилден бери колдоп келгенин жана негизги жумушу ательеде экенин кошумчалады. 

Президенттин социалдык тармактагы дагы бир тарапташы  Эльвира Амангельдиевна Жапаровдун жердеши экенин жана аны 2017-жылдан бери колдоп келгенин редакцияга айтып берди. 

Негизги жумушум үй, бала-чака. Садыр Жапаровду илгертен колдоп келем. Башкалар жамандап жатса, чыдай албай айтыша кетем. Элге маалымат жетпей жаткандыктан, илгертен эле Садыр Жапаровдун жакшы иштерин катталуучуларыма жеткирип турам деп өзүмө сөз бергем. Мен активдүү колдонуучу болгон үчүн мени көп группаларга администратор кылып коюшат”. Бирок аны ким администратор кылып койгону тууралуу маалымат берген жок жана “Эмне себептен Жапаровдун оппоненттерин ыплас каралайсыз?” деген суроого “өздөрү ыплас каралашат, кийимине чейин асылып. Чыдай албай айтыша кетем” деп жооп берди.

Ал бала менен үйдө отурарын, эч жерде иштеберин кошумчалады жана бош убактысын социалдык түйүндөрдө өткөрөрүн айтты. Ал суроолорго жооп берүүгө даяр экенин белгилегени менен, баарлашуудан соң Messengerди блоктоп салды.

Мындан тышкары, маектен соң Эльвира Амангельдиевна алып барган тайпалар журналист үчүн жеткиликтүү болбой калды, ал эми башка колдонуучулар үчүн бул тайпалар жабылды.

 

Factcheck.kg Facebook социалдык тармагынан өлкө башчысынын имиджинин үстүнөн иштеген 37 тайпаны аныктады. Чынында мындай топтор андан да көп болушу экенин белгилейбиз.

 

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун айтымында тигил же бул саясатчыны колдогон ар кандай топтордо белгилүү бир сандагы катышуучулардын болушу так ушул саясатчыны колдойт дегенди билдирбейт.

 “Садыр Жапаров түрмөдө отурганда анын тарапташтары социалдык тармактарда активдүү иш алып барышкан. Алар көптөгөн тайпаларды ачып, колдонуучуларды топтогон. Бирок бул тайпанын катышуучулары Жапаровдун чыныгы колдоочулары дегенден кабар бербейт. Ошол катышуучулар тайпага маалымат жайгаштырса, аны көп адам окуйт, лайк, комментарий калтырат дегенден кабар берет. Ошондой эле колдонуучулар  актуалдуу жаңылыктарды билип тууру максатында ар кандай тайпаларга киришет.  

Дональд Трамптын клону

Медиа эксперт Азамат Тынаев Factcheck.kg сайтына берген маегинде социалдык тармактар аркылуу саясатчылар туурасында оң пикирди калыптандыруу тренди мындан кеминде 5 жыл мурда башталганын айтып берди. Тынаев дал ошол тапта медиа аналитиктер салтуу ЖМКлардын кыйроого учурашын жана жеке брендди түзүү маанилүүлүгүү тууралуу эскерткенин белгиледи.

“Президенттин медиа-бренд феномени, албетте, бар. Жапаров аны түзө алды […]. Ал абакта отурганда,тууган-туушкандары менен жүз көрүшкөндөн тышкары тышкы дүйнө менен интернет аркылуу байланышкан. Ал канча деген тайпаны жеке өзү түзүп, иш алып барганынан күмөнүм бар. Бирок ал дайым байланышта болгону айдан ачык. Дал ошол кезде интернеттин күчүн өздөштүргөн жана мында таң калчу эч нерсе жок. Жалпысынан алганда Садыр Жапаров массалык коммуникация жаатында Дональд Трамптын клону десе болот”, – деп билдирди Тынаев.

Медиа эксперт Трамп президенттикке Республикалык партиядан талапкер болгондо аны салттуу ЖМКлар жана партиялаштары колдобогонуна карабай, өзүнүн шайлоо кампаниясын социалдык тармактар аркылуу өткөргөнүн баса белгиледи.

Үч жумада 60 миң пост

Президенттик шайлоо учурунда социалдык тармактарга көзөмөл жүргүзгөн “Медиа өнүктүрүү борбору” коомдук фонду социалдык тармактардын шайлоонун жыйынтыгына тийгизген таасири тууралуу изилдөө жүргүзүп, анда шайлоо учурунда болгону үч жуманын ичинде “Садыр Жапаров” аттуу бир эле тайпада Жапаровду кубаттап, анын оппоненттерин каралаган 60 миңден ашуун пост жарыяланганын аныктаган.

“Социалдык тармакта эң активдүү – Садыр Жапаровго колдоо көрсөткөн тайпалар болгон. Айрым учурда алардын аудиториясы 200 миңге чейин жеткен. Мындай тайпалар манипуляция ыкмаларын колдонуп, лидерин кубаттаган жана оппоненттерди каралаган маалыматтарды жайылткан, алардын арасында дезинформация дагы болгон”, – изилдөөнүн жыйынтыгынан. 

Дал ушундай эле схеманы пайдалануу менен Facebook социалдык тармагында баракчалар дагы иш алып барат. Редакция андайдан үчөөнү тапты, бирок баракчалар мындан дагы көп болушу мүмкүн экенин белгилейт.

Блогерлер иш жүзүндө 

Өлкө башчынын камчысын чапкандардын арасында блогерлер дагы бар. Блогерлер катталуучуларына таасир этип, алардын пикирин калыптандырууда күч экени белгилүү. Аларды инфлюенсерлер же пикир жаратуучулар деп дагы аташат. Пикир жаратуучулардын катталуучуларынын саны жана тарапташтары көп.  Талант Сагынбаев – кыргыз тилдүү популярдуу блогерлердин катарын толуктайт.

Ал дээрлик бардык социалдык тармактарда активдүү иш алып барат жана өлкө башчысынын видеолору менен дайым бөлүшүп турат. Бирок, Сагынбаев видеону жөн гана жүктөбөстөн, ага ар кандай эффекттерди колдонот.  Мисалы, төмөндөгү роликти популярдуу "Даңазалуу доор" тасмасынан алынган музыканын коштоосунда жүктөгөн.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Талант Сагынбаев (@t_sagynbaev_official)

Медиа-эксперт Гүлнура Торалиеванын айтымында кандай гана эффект болбосун, ал аудиториянын маалыматты кабыл алуусуна таасир тийгизет:

Кандай гана эффект болбосун, анын ичинде таанымал музыкалык эффекттер дагы маалыматты кабыл алууда роль ойнойт. Журналисттерге эффекттерди колдонууга кесиптик этика жол бербейт. Ал эми блогерлерде этикалык стандарттар жок". 

Талант Сагынбаев бул ыкманы активдүү колдонгонун анын баракчасы айгинелейт:

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Талант Сагынбаев (@t_sagynbaev_official)

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Талант Сагынбаев (@t_sagynbaev_official)

“Бул пропаганда жана жарнама ыкмасы. Биз жагымдуу музыканын коштоосунда, кооз таңгактагы жарнактарга көп күбө болуп атпайбызбы. Бул жерде дагы жарнама ушундай иштейт", - дейт Болот Темиров.

Белгилей кетсек, Талант Сагынбаевдин Instagram баракчасына 200 миңден ашуун,  Facebook  баракчасына 2 миң, ал эми Youtube-каналында 500 колдонуучу катталган.

Өлкө башчысын социалдык тармактарда дайыма жарнамалагандардын арасында белгилүү куудул жана аткаруучу Талант Анарбаев дагы бар. Анын Facebook баракчасына 8 миңден ашуун колдонуучу катталган.

Анарбаевдин катышуусундагы тасмаларды  Youtube-каналдан он миңдеген адам көрөт.

Садыр Жапаров Анарбаевдин колдоосуна арзыган жалгыз саясатчы эмес. Белгилей кетсек, 2017-жылы президенттик шайлоо учурунда белгилүү куудул президенттикке ат салышкан Өмүрбек Бабановду активдүү колдогон.

...жада калса Tik Tok

Биз буга чейин белгилеген эффекттер социалдык тармактарда байма-бай колдонулат. Алсак, Instagram соцтармагында Kalys_Media аттуу баракча дал ушундай эле эффекттердин коштоосунда видеолорду жүктөп турат.

Аталган баракчанын 100 миңге жакын катталуучусу бар. Анда жалаң өлкө башчысын жарнама кылган постторду көрүүгө болот.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Калыс Медия (@kalys_media)

Мындан тышкары, Instagram социалдык тармагында Садыр Жапаровду жарнама кылган za.sadyr.zhaparov (281 миң катталуучусу бар), do_konsaa (мурдагы аталышы sadyr_japarrov, 44 миң катталуучусу бар) жана za.sadyr.japarov (2 миң катталуучусу бар) баракчалары иш алып барат. Маалымат айдыңында Telegram-каналдар, жаштар арасында популярдуу болгон Tik Tok дагы көңүл сыртында калган эмес.

Продакшн студиялардын изи

Youtube видеохостингинен редакция өлкө башчынын камчысын чапкан бир катар каналдарды тапты. Алардын арасынан Жапаровду эң активдүү жарнама кылган жана оппоненттерди туруктуу каралоо менен алектенген “Калемпир ТВ” аттуу каналдын аудиториясы дээрлик жарым миллионго жетет. Каналдын “чындык ачуу болот” деген ураан менен иш алып барат.

Биздин редакция Жапаровдун активдүү тарапташтары катышкан WatsApp-тайпага кошула алды. Бул тайпада колдонуучулар президенттин кадыр-баркын көтөрчү көптөгөн маалымат менен бөлүшүп турат. Эгерде анын дарегине кокус сын пикир айтылса, тайпанын администратору ал колдонуучуну өчүрөт. Колдонуучулардын арасынан биз “Калемпир ТВ” Youtube-каналынын администраторун таап, ал Төлөгөн Атамбеков аттуу блогер экенин аныктадык.

Get Contact тиркемеси ал Youtube-каналды иштетүү менен алектенерин жана  “Калемпир ТВ” каналына тиешеси бар экенин маалымдады.

Төлөгөн Атамбеков Facebook баракчасында аталган каналдын видеолорунун шилтемелери менен бөлүшөрүн көрүүгө болот.

Редакция Төлөгөн Атамбеков менен телефон аркылуу байланышып, Youtube-каналга маалымат кандай шартта жайгаштырыларын сурап көрдү. Ал жарнама үчүн төлөө керектигин айтты, бирок сумма тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Мындан тышкары, редакция "эмне үчүн Садыр Жапаров тууралуу жарнама абдан көп, ал үчүн өлкө башчы акча каражат төлөп береби" деп суроо салганда, төмөнкүдөй жооп берди:

“Бизде реклама дагы бар, бирок Садыр Жапаров тууралуу видеолорубуз реклама эмес. Болгону элге кызык болгон маалыматты чыгарабыз", - деп жооп берди.

Белгилей кетсек, Атамбеков телефондон этияттык менен сүйлөшүп, анын номерин кайдан алганыбызды улам-улам сурап атты. 

"Буйрутма имидж"

Медиа эксперт Азамат Тынаевдин айтымында Кыргызстандын шартында кайсы гана саясатчы болбосун, анын имиджи - бул анын өз аракетинин натыйжасы эмес.
Тынаев кыргыз саясатчыларынын позитивдүү имиджин түзүүгө жардам берген тышкы консультанттардын ролун дайыма эстен чыгарбоо керектигин айтат.

"Кыргызстандык саясатчылар дайыма чет элдик эксперттердин акы төлөнүүчү жардамына кайрылышкан. Көбүнчө Казакстан, Орусия жана Украинадан саясий технологдор жана имиджмейкерлер кеңеш беришет. Андыктан, биз тигил же бул саясатчынын имиджи тууралуу кеп козгогондо,  аны түзүүдө башка бирөөнүн изи бар экенин түшүнүүбүз маанилүү”.

Мамлекет башчысын даңазалаган топтордун, баракчалардын жана аккаунттардын толук тизмесин бул жерден көрө аласыз.