Бишкектеги мектептерди Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун уулу курат

“Экспресс-строй KG” ЖЧКсы борбордогу билим берүү мекемелерин тендерсиз куруу укугун алганы тууралуу депутат Дастан Бекешев Facebook баракчасына жазып чыкты. Эл өкүлүнүнүн айтымынды  компаниянын тарыхы жок, ал эми жетекчиси тууралуу маалымат аз.

«Эч кандай божомолдор болбошу үчүн, министрлер кабинети «Экспресс-Строй КГ» ЖЧКсы кандай эмгеги үчүн борбор калаага билим берүү мекемелерин тендерсиз курууга укук алганын айтып берет беле? Анан артында тарыхы жок бул кандай компания? Жетекчи жөнүндө да маалымат аз. Эгер ишканага жабык буйруктун негизинде мындай укук берилсе, анда ишкананын өзүнүн жана жетекчилигинин аброю жөнүндө сөз кылуу керек. Белгисиз Атантаев Эрмек Эдуардович бюджеттин мындай бөлүгүн “сулуу” көздөрү үчүн ала албайт”, – деп айтылат билдирүүдө.

 Factcheck.kg аталган компания тууралуу маалыматты текшерип көрдү. 

«Экспресс-строй КГ» компаниясы 2020-жылы негизделип, турак-жай жана турак-жай эмес имараттарды куруу менен алектенет. Ал Байтик Баатыр көчөсү, 53 дареги боюнча жайгашкан жана 2021-жылы бюджетке 36.6 миң сом салык төлөгөн. 

 

Сүрөт: 2 GIS

Компаниянын негиздөөчүлөрү – Эрмек Атантаев жана Азатов Ахмадшох Равшанбекович. Атантаев 30 жашта жана «Экспресс-строй КГ» ЖЧКсынан тышкары дагы бир компанияны негиздеген.

 

Фото: Социальной сети "Одноклассники"
“Одноклассники” соцтармагынан алынды

Osoo.kg сайтынын маалыматына ылайык, ал 2020-жылы Өзгөндөгү көмүр кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн “Сай-Аска” компаниясынын негиздөөчүсү. Аталган компания 2020-жылы чалгындоо иштерин жүргүзүп атканда жумушчуларды таш менен чопо басып калганын ЖМКлар жазып чыккан. Кырсык болгон жерде 1979-жылы туулган М.Э аттуу Украина жараны каза болгон.

Атантаев мындан тышкары курулуш иштери менен алектенген “БКС“, “ВСВ Бишкек” компанияларына жана дүңүнөн соода жүргүзгөн “АлиНур-Керим” ЖЧКсына ээлик кылат.

Азатов Ахмадшох Равшанбекович 20 жашта. Ал президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабировдун уулу экенин редакцияга өздүк булактар кабарлады. Азатов “Экспресс-Строй КГ”ЖЧКсынан тышкары “Страус кей джи” жана “Бетон Профи” компанияларына ээлик кылат.  

“Бетон Профи” үстүбүздөгү жылдын март айында кайра каттоодон өткөн. Ага чейин ЖЧК 28 жаштагы Сабиров Нурдин Равшанбековичке таандык болгон. Белгилей кетсек, ал дагы Равшанбек Сабировдун уулу. 

“Экспресс-строй KG” курулуш компаниясы да мурда Нурдин Сабировго тиешелүү болсо, үстүбүздөгү жылдын февраль айында кайра каттоодон өтүп, жаңы негиздөөчүнүн колуна өткөн.

 

Сүрөт: osoo.kg

 Равшанбек Сабиров деген ким? 

Равшанбек Сабиров  “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамында VII чакырылышка депутат болгон. Ал тизмекте номер үчүнчү эле. Талапкердин шайлоо фондуна ири каражатты анын уулдары Сабиров Низамидин Равшанбекович 468 миң сом жана Сабиров Нурдин Равшанбекович 168 миң сом которгон.

Сабиров 2011-2012-жылдары Социалдык өнүктүрүү министри болуп иштеген, андан кийин эл аралык бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга шектелип кармалган.

Ал эми 2013-жылы Бишкек шаардык соту мурдагы аткаминерди үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратып, бир жылдан кийин Адам укуктары декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу жарыяланган мунапыс менен эркиндикке чыккан.

Октябрь окуяларынан кийин Сабиров КР вице-премьер-министринин креслосун ээлеген, ал эми 2021-жылдын февраль айында ал президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.

Osoo.kg маалыматына ылайык, анын наамына 1997-жылы году кыргыз-сауд арабиялык  “РУШАН ЛТД” жана 2008-жылы “РТ и Компания” ЖЧКлары катталган

 

Эске салсак, «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР мыйзамынын No22-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматчыга жеке же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынат.