«Казактардын ур-токмогунан үч араб көз жумду». Жалган маалыматты ким жана кандай максатта таратты?

29 июнда Facebook социалдык тармагында «Казактардын ур-токмогунан үч араб көз жумду» деген маалымат тарады. Макала кыргызстандык колдонуучулар арасында чоң резонанс жаратты. Жаңылыкка комментарий калтырып, аны менен бөлүшкөндөр арбын болду.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/2e6337bb98656737531a12de05da6103efc1a691.png?resize=640%2C653

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/9f9fd4caffae40b080ecd4cfdd9327058a8c6961.jpg?resize=638%2C634

 

29-июнда казакстандык Тенгиз мунай кенинде жаңжал болгонун өлкөнүн алдыңкы ЖМКлары  тастыктаган. Бирок алардын бири да жаңжалдын айынан курман болгондор тууралуу кеп кылган эмес. Тескеринче, медициналык жардамга 30 адам кайрылды, өлүмгө  дуушар болгондор жок деп айтылган.

Facebook соцтармагындагы макаланын аты боюнча издөө салсак, көпчүлүк колдонуучулар азербайджандык «Новая эпоха» (yenicag.ru) аттуу сайтынын макаласын жайылтканы аныкталды.  Дал ушул сайтта жаңылык биринчи пайда болгонун Google тастыктайт.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/13248662c1b7dee40309ecaca34b058cde4b569d.jpg?resize=640%2C640

Аталган сайт курман болгондор тууралуу жаңылыкты эки ирээт жазган:

«Казахи устроили погром арабов на месторождении Тенгиз: есть погибшие» (Тенгиз муңай кенинде казактар арабдарга карата жаңжал чыгарды: курман болгондор бар) жана

«Казахи забили до смерти трех арабов» (казактардын ур-токмогунан үч араб көз жумду).

Биринчи жаңылык Баку шаарынын убактысы боюнча саат 13.08де, ал эми экинчиси –  13.43 тө чыккан. Ал убакка чейин казакстандык ЖМКлар курман болгондор жок деп расмий маалыматты берип койгон эле.

Factcheck.kg «Новая эпоха» аттуу сайтты текшерип, ал буга чейин фейк маалыматты таратканбы же жокпу, сүрүштүрдү.

Yenicag.ru сайтында “Новая эпоха” 2007-жылдан тарта иштеп келери жазылган.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/c6a9f5fff1b660a93c0da0b6267a01dbe34c81dd.png?resize=640%2C191

WhoIs сервиси аркылуу домен атын текшергенибизде, yenicag.ru 2016-жылдын 12- декабрында катталганы маалым болду. Сайттагы макалалар  дал 2016-жылдан тарта жарыялана баштаган.

Сайтка киргендердин орточо саны – күнүнө 4000-5000. Ал эми Alexa Rank сервисинин маалыматына ылайык, yenicag.ru азербайджандык алдыңкы миң сайттын тизмегине да кирбейт.

«Новая эпоханын» Facebook социалдык тармагындагы баракчасына 11 миңден ашуун колдонуучу катталган, алардын арасында кыргызстандык журналисттер жана коомдук активисттер да бар.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/822a614c96b8aa0c0452ba4862b94e8c8f8bb7f7.png?resize=640%2C342

Домендин ээси тууралуу маалымат жашыруун жана аны тактоо мүмкүн эмес.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/12282709c63c4ef85165a3c79e3da3648c873f2b.jpeg?resize=522%2C930

Ал эми сайттын өзүндө редакциянын телефону жана дареги көрсөтүлгөн. Ресурсту ошол эле аталыштагы «Yeni Çağ» Media Group компаниясы иштеп чыккан деп жүрөт. Бирок бул компания тууралуу эч кандай маалымат жок, активдүү шилтеме аркылуу өткөнүбүздө Fincorbus аттуу бош шаблондуу сайтка туш болдук.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/c827a89d99c80235ba7e5d09e7d78fecdac20fc2.png?resize=640%2C191

Сайттагы макалаларга көп чаптырсак, алар ар тараптуу: саясий жаңылыктардан тарта илим, маданият тууралуу макалалар кездешет. Көп учурда Орто Азия жана Кавказ региондоруна басым жасалган. Авторлор популярдуу ресурстарга көз салып, алардагы маалыматты өз пикирлери менен коштоп сайтка чыгарышкан. Бирок, бир да макалада маалыматтын алгачкы булагы же шилтемеси көрсөтүлгөн эмес. Макалалар Орусияга жана Арменияга каршы өңүттө жазылганы даана байкалат:

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/1a5d8271a46d3bcb8928510f18b9165422896934.jpeg?resize=640%2C676

Казакстандык муңай кениндеги конфликт тууралуу эки макаланын автору тең «Новая эпоха» сайтынын редактору, Кавказ Оморов деп жазылган. Анын макалалары 2016-жылдын декабрь айынан тарта жарыяланганын көрсө болот.

Чындыкка дал келбеген маалыматты «Новая эпоха» кандай максатта жарыялаган? Factchek.kg бул суроого жооп издеп, сайттын акыркы жети күндөгү окурмандарынын санын анализдеп көрдү.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/dce826b3cf025b7295a5a5eb1b011b1dc1aa298c.png?resize=640%2C243

Көңүлүбүздү бурган макала жарыяланган күнү сайттын окурмандарынын саны кескин өскөнүн көрсө болот. Буга чейин күнүнө орто эсеп менен 4-5 миң көрүү болсо, 29-июнда алардын саны 20 миңди түзгөн, ал эми 30-июнда 17 миң жолу сайтка кирүү катталган. Бирок, 1-июлда көрсөткүч кескин төмөндөгөнү байкалат.

«Казахи забили до смерти трех арабов – Шокирующие видео» аттуу макаласына 35,3 миң  кирүү болуп, ал көрсөткүч сайт үчүн рекорд болгон.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/556e17d14570037dc6548ad6fe1ed57fde03639b.jpeg?resize=640%2C379

Окурманды ыплас жолу менен сайтына киргизгиси келген автордун максаты кандай болушу мүмкүн?

Фейк маалымат ресурска чыккан күнү кадимки күндөргө караганда окурмандын саны төрт эсе өсүп, жылдын рекордуна айланган.

Жыйынтык:

– Ур-токмоктун айынан көз жумган арабдар тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

– Фейк-жаңылык сайттын окурмандарынын санын жогорулатуу максатында жарыяланган.