Чөнтөк телефонуңузда кошумча кызмат, шпиондук программа же болбосо тыңшоо орнотулганбы?

Factcheck.kg редакциясына уюлдук операторлорунун абоненттеринин бири кайрылды. Ал өз телефонунда “чалууларды тууралоо” (настройки звонков) бөлүмүнөн кызыктуу нерсе байкаган. Абонент телефон өчүрүлгөн учурда чалуулар  +996555390040 номерине багытталганы канчалык деңгээлде туура экенин текшерип берүүнү өтүндү.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/d1f0a407370280414806323c6cf9a1df8ee96497.jpeg?resize=454%2C944

+996555390040 номерин Eyecone жана GetContact тиркемелери аркылуу текшергенибизде ал «Тыңшоо» (прослушка) деп чыкты.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/fabf83c75d1898e06a87209b07fc06171012b19e.jpeg?resize=640%2C1332 Eyecone тиркемеси аркылуу номерди текшергенде чыккан жыйынтыктын скриншоту.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/350a870582dc287850df6e06f88fb599ba1d7b50.jpg?resize=640%2C326

 

GetContact тиркемеси аркылуу издөө салганыбызда, чалууларды автоматтык түрдө багыттоодо аталган номер бардык Megacom абоненттеринин номерлеринде көрсөтүлгөнү аныкталды. Ал эми «О!» уюлдук операторунун абоненттеринин телефонунда +996701589235 номери көрсөтүлгөн.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/c7b0f42197acb99dd4fb9691fb75d9a41a91b628.jpeg?resize=495%2C880

Чалууларды багыттоо кызматын өчүрүүгө аракет кылсак, уюлдук оператор андай мүмкүнчүлүк бербеди.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/d07b37d829735fbc6a7ede80eee6158da373afb2.jpeg?resize=459%2C814

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/11829de94acf34f0b2f1caf954f58e5bce6e7e4e.jpg?resize=640%2C390 GetContact аркылуу издөөнүн жыйынтыгынын скриншоту. 

 

Factcheck.kg аталган номерлерге чалып көрдү. Ал учурда система: “Номер туура эмес алынды. Текшерип кайра чалыңыз” деп жооп берди. Биз MegaCom жана Beeline компанияларынын адистерине кайрылдык. Эки компаниянын тең адистери чалууларды кайра багыттоо туура экенин тастыктап, номер “Ким чалды” кызматына байланганын айтышты. Кызматты өчүрүп салуу мүмкүн эмес. Бирок аталган номерди өзгөртүп койсо болот. Ал  учурда абоненттин телефону өчүк болгон кезде, ага келген чалуу көрсөтүлгөн номерге багытталат.

Мындан тышкары, уюлдук компаниялардын адистери чалууларды кайра багыттоо кызматын шылуундар банк картасы тууралуу маалыматты алуу үчүн  пайдаланарын айтышты.

Ал үчүн шылуундар банк кардарынын телефонуна банк кызматкери катары чалат. Алар коопсуздук системасын тестирлеп атабыз деген жүйө менен телефон тууралоолорун өзгөртүп, кайра багытоо үчүн башка номерди жазууну сунуштайт. Жыйынтыгында, абоненттер кайра багыттоого башка номерди терип киргизишет.

Жыйынтык:

Уюлдук операторлордун абоненттерин кооптондурган номерлер «Ким чалды» кызматынын негизинде иштейт жана Sim картаны телефонго салган учурда автоматттык түрдө киргизилет. Тиешелүү комментарийлер уюлдук компаниялар тарабынан берилди.