Эң ири жер тилкесине ээ болгон чиновниктер кимдер? Текшеребиз

Кыргызстандагы 10 ири чиновникке таандык болгон айыл чарба жерлери 7.2 миң гектарды түзөт.

Бул дээрилк 10 миң футбол аянтчасына барабар.

Factcheck.kg аткаминерлердин 2020-жылы тапшырган декларациясына көз чаптырып, эң ири жер тилке ээлерин аныктады. 

Эске салсак, президент Садыр Жапаров дыйкандарды жерге болгон салык төлөөдөн бошоткон. Өлкө башчысы “Айыл чарба ишмердүүлүгүн жүргүзгөн субъекттерди колдоо чаралары жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Аталган жарлыкта 2022-2025-жылдарга айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу, ал эми жергиликтүү бюджеттин жоготууларынын ордун толтуруу сунушталган.

Белгилей кетсек, буга чейин 1 гектар жердин салыгы 400 сомду түзгөн.

Ал эми эң ири жер тилкесине ээ болгон аткаминерлер кимдер?

Мамасаит Пазылов, Баткен облусунун сотунун судьясы, 4643 га ~ 6.5 миң футбол тааласы

Баткен облусунун сотунун судьясы Мамасаит Пазыловдун 10 ири жер тилкеси жалпы жонунан 4 643 гектарды түзөт. Мындан тышкары судьянын 0.15 гектар жер тилкеси, 55 миң сомдук бодо малы, 22 миң сомдук майда мүйүздүү малы жана 80 сомдук канаттуусу бар.

Алай райондук сотунун судьясы Уланбек Орозматов, 1 200 гектар жер ~ 1.6 миң футбол талаасы

Орозматов жалпы аянты 1200 гектарды түзгөн 3 жер тилкесине ээлик кылат. Мындан тышкары, анын айыл чарба багытында эмес 800 гектар жер участогу бар.

Орозматов декларациясында 2020-жылдын жыйынтыгы менен 700 миң сом киреше тапканын белгилеген.

Куштарбек Маматов, Чаткал райондук сотунун судьясы, 600 га жер ~ 840 футбол талаасы

Маматов 600 гектар жерге, аянты 69 чарчы метр үйгө жана 350 миң сомдук Honda Jazz үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кыларын көрсөткөн. Мындан тышкары, чиновниктин 205 миң сомдук бодо малы бар. Декларацияга ылайык, ал жер тилкелерин 2020-жылы сатып алган, ал эми 2018-2019-жылдары аянты 58 чарчы метрди түзгөн батирге гана ээлик кылган.

Гайратбек Абдисаматов, сот департаментинин судьясы, 409 га ~ 572 футбол талаасы

Абдисаматовдун 409 га жери жана 500 чарчы метр конушу бар. Мындан тышкары, ал 250 миң сомдук бодо малга, 80 миң сомдук майда мүйүздүү малга, 250 миң сомдук жылкыга жана Toyota Rav-4 үлгүсүндөгү унаага ээлик кылат.

Мирзат Авазов, Жогорку Соттун судьясы, 160 га жер ~ 224 футбол талаасы

Жогорку Соттун судьясы Мирзат Авазов ар бири 40 гектарды түзгөн үч жер тилкесине жана Cadillac STS үлгүсүндөгү унаага ээлик кылат. Ал эми анын жакын тууганы дагы 40 гектар жерди ээлеген. Белгилей кетсек, Авазов жер тилкелерине Жогорку Сотко кызматка келгенден кийин ээ болгон. Судьянын 2020-жылкы кирешеси 400 миң сомду түзгөн.

Абдимухтар Маматов, Жогорку Кеңештин депутаты, 67.4 га ~ 94 футбол талаасы

Эл өкүлү Абдимухтар Маматовдун жакын тууганы 2019-жылы 13 айыл чарба участокторун алган. Алардын жалпы аянты 62.3 гектарды түзсө, 2020-жылы дагы 5.1 гектарга чоңойгон. Маматовдун 176 чарчы метр жана 256 чарчы метрлик эки үйү, Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаасы жана бир нече компаниясы бар. Алар “Мунайзат”, “Пазилат” жана “Баткен Петрол” ЖЧКлары.

Сооронбай Жээнбеков, экс-президент, 47.2 га ~ 66 футбол талаасы 

Мурдагы президент жалпы аянты 47,2 гектарды түзгөн 21 айыл чарба багытындагы жер тилкелерине, 0,1 га турак жай тилкелерине, 160 чарчы метр турак жайына жана  МТЗ-80  үлгүсүндөгү тракторго ээлик кылат. Ал эми Жээнбековдун жакын тууганына 64 чарчы метр батир, жалпы аянты 24.66 гектарды түзгөн 11 жер тилкеси жана эки өндүрүш имараты таандык. Мындан тышкары, анын Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа, ири жана майда мүйүздүү малы бар.

Чынар Саттарова, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча мурдагы орун басары, 50 га ~ 70 футбол талаасы

Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн мурдагы орун басары Чынара Саттарованын ар бири 12.5 гектарды түзгөн төрт айыл чарба жери бар. Бирок 2018-жылы тапшырган декларациясында кирешеси жана жери бар экенин көрсөткөн эмес. Саттарованын 2020-жылга карата тапшырган декларациясына ылайык, анын 300 миң сомдук майда мүйүздүү малы, 200 миң сомдук эмереги жана 50 миң сомдук компьютери бар.

Азимбек Бекназаров, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, 47 га ~ 65 футбол талаасы

Бекназаровдун аянты 47 гектарды түзгөн айыл чарба жер тилкеси Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы бар.

Айбек Алтынбеков, VII чакырылыштын депутаты, 26 га ~ 36 футбол талаасы

Эл өкүлү Айбек Алтынбековдун 26 гектар жерин кызматка келгенден кийин алган. 2017-2018-жылдары ал 7.5 гектар жерге гана ээлик кылган.

Мындан тышкары, Алтынбеков 67.8 чарчы метр батирге жана 5 гектар өндүрүштүк имаратка ээлик кыларын белгилеген.

Жыйынтык: эң ири жер тилкелери соттордо.