Өзбекстанда салмак таштаган чиновниктерге компенсация төлөнөбү? Текшеребиз

Өзбекстанда аткаминерлер арыктаса, ар бир ташталган килограммы үчүн мамлекеттен акча каражат алары тууралуу жаңылык социалдык тармактарда тарады.  

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Белгилүү болгондой Фергана облусунда ташталган ар бир килограмм үчүн 500 миң сомдон (46 доллар) төлөнөт, бирок бул бир гана чиновниктерге эмес, жалпы элге да тиешелүү. 

Бул тууралуу 20-декабрда облустун акими Хайрулло Бозоров эл депутаттарынын Фергана облустук кеңешинин сессиясында билдирди.

 

Программага катышууну каалаган жарандар жана аткаминерлер жашаган жери боюнча поликлиникага катталып, салмагын жаздырып алышы керек. Алты айдан соң экинчи ирет текшерилип, жыйынтыгында жылына 5 кг дан кем эмес арыктагандарга каражат төлөнөт.

Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2020-жылдын ноябрында 2021-жылдын 1-январынан тарта бардык мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилери менен кызматкерлерин дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз алектенүүгө милдеттендирген.

Жыйынтык: жартылай чындык. Арыктаган килограмм үчүн компенсация өзбек аткаминерлерине гана эмес, арыктоо программасына катышууга макул болгон Фергана облусунун карапайым жарандарына да төлөнөт.