Саккараевдин үй-бүлөсүнүн бизнеси жана саясаттагы орду

2021-жылдын 29-декабрында Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттары ант берди. Эл өкүлү Медербек Саккараев анттын текстин окуган учурда жаңылып, социалдык тармактардын колдонуучуларынын сынына кабылды.

 

Factcheck.kg Медербек Саккараевдин үй-бүлөсү эмне менен алектенерин иликтеди.

Бир мандаттуу округдан жеңген талапкер

Медербек Саккараев Чүй-Кемин округунан 9906 добуш алып (24.8%), каршылаштарын жеңген. Эске салсак, буга чейин БШК анын казакстандык жарандыгы бар болушу ыктымал деген жүйө менен Жогорку Кеңештин депутаты катары каттоодон баш тарткан эле. Бирок коңшу өлкөнүн элчилиги Саккараев Казакстандын жараны эмес экенин маалымдаган. Административдик сот БШКнын чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Ал эми Жогорку сот талапкердин кассациялык арызын карап чыгып, анын пайдасына чечим чыгарган.

Эл өкүлүнүн үй-бүлөсүнө таандык бизнес

OsOO.kg маалыматына ылайык, Медербек Саккараевдин уулу Жапаркул Саккараев –  Шумкар” детективдик жана күзөт агенттигинин тең негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал эми Назгүл Мааткеримова “Шумкардын” директору жана тең негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн. Саккараевдин уулу “Томат КейДжи” дыйкан үрөнчүлүк чарбасына дагы ээлик кылат. 2021-жылы аталган компания бюджетке 11.4 миллион сом салык төлөгөн.

 

2020-жылы “Мир” телеканалы аталган чарба тууралуу сюжет даярдап, Жапаркул Саккараев томат пастасын чыгарган завод курганын маалымдаган. Сюжетте ишкана толугу менен италиялык жабдуулар менен жабдылганы жана помидорлорду кайра иштетүү менен алектенери айтылат. Мындан тышкары, алып баруучу помидор айдоо талаасынын аянты 400 гектарды түзөрүн жана заводду курууга жалпы жонунан 15 миллион доллар сарпталганын билдирет. Жапаркул Саккараев алып баруучунун суроосуна жооп берип атып, завод жеке каражаттын эсебинен курулганын, ал эми андагы жабдуулар жүгүртүлгөн каражаттын эсебинен сатылып алынганын билдирген

“Менин атам бизнесмен. Биз бизнести муңайзат, соода, ресторан иштетүү тармагында өнүктүрөбүз”, – деп жооп берген.

 

Саккараевдин эжесинин уулу Айбек Жунушалиев 2021-жылдын октябрына чейин “Брент” ЖЧКсын жетектеп келген. Аталган компания күйүүчү, майлоочу майларды, техникалык майларды дүңүнөн сатуу менен алектенет. Октябрь айынан тарта “Брент”ЖЧКсынын директору жана негиздөөчүсү –Алиев Марс Алмасович. Алиев мындан тышкары, “Мастерпак” жана “Лак Ойл” компанияларына ээлик кылат. Аталган фирмалар товарды дүңүнөн сатуу менен алектенет. Марс Алиевге таандык дагы бир компания – такси кызматтарын көрсөткөн BLIZKO компаниясы 2010-жылы каттоодон өткөн, бирок бүгүнкү күнгө чейин салык төлөгөн эмес.

Саккараевдер саясатта

Медербек Саккараевдин жакындары бизнесте гана эмес, саясатта дагы активдүү. Мисалы, үй-бүлөлүк “Эл биримдиги” партиясы 2021-жылкы июль айындагы жергиликтүү кеңештерге кайроо шайлоонун жыйынтыгы менен 4 мандатка ээ болгон. Партиясынын тең негиздөөчүлөрүнүн арасында Медербек Саккараевдин эжелери, жезделери жана жээни бар.

Саясий бирикменин директору жана тең негиздөөчүсү – Туйгунбек Жунушалиев. Жунушалиев Саккараевдин бир тууган жездеси, Саккараева Анаркүлдүн жубайы.

Tizme.kg маалыматына ылайык, Медербек Саккараевдин кур дегенде дагы төрт бир тууганы бар.

Алардын үчөө: Жамиля, Айнагүл, Чынаркүл “Эл биримдиги” партиясынын тең негиздөөчүлөрү. 2021-жылдын июль айындагы кайра шайлоодо Анаркүл Саккараева Токмок шаардык кеңешине ат салышкан. Анын уулу Анарбек Маликов дагы партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарында. 2021-жылдын июль айында аталган саясий бирикме 12% добуш алып, 4 мандатка ээ болгон.  Тизмекте алгачкы төрт талапкер: Тынайбек Сансызбаев, Анарбек Маликов, Алтынай Мамбетжанова жана Батыр Раимов шаардык кеңешке өткөн.

2021-жылдын соңунда Токмок шаарынын депутаты Чолпон Сыдыкова “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандарга Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Анарбек Маликов, Таалайбек Сансызбаев жана шаардын мэри Урмат Самаевдин тиешеси бар экенин айтып чыккан.

Белгилей кетсек, Анарбек Маликов – Медербек Саккараевдин жээни, ал эми Таалайбек Сансызбаев эл өкүлүнүн жездеси.

Маликов Токмок шаардык кеңешине “Эл биримдиги” партиясынан ат салышып, тизмекте №2 болгон. Ал БШКнын сайтында Tomat.kg компаниясынын директору катары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Анарбек Маликов алкоголдук жана башка ичимдиктерди дүңүнөн сатуу менен алектенген “Тау КейДжи” компаниясынын тең негиздөөчүсү экенин OsOO.kg маалымдайт. Компаниянын тең негиздөөчүлөрүнүн катарында Азиз Султанов жана Тлеужан Каримовдун ысымдарын көрө алабыз.

Анарбек Маликов, солдон экинчи, оң жакты – Чынаркүл Саккараева. Сүрөт социалдык тармактардан алынды

“Эл биримдиги” партиясынын тизмегинде номер биринчи болуп, шайлоодо жеңишке жеткен дагы бир талапкер –  Тынайбек Сансызбаев. Ал ошондой эле партиянын тең негиздөөчүлөрүнүн арасында. Ал эми 2021-жылдын август айынан тарта Сансызбаев шаардык кеңештин спикери кызматын аркалап келет.

Тынайбек Сансызбаев

Белгилей кетсек, Тынайбек Сансызбаев Медербек Саккараевдин жездеси. Ал эл өкүлүнүн эжеси Эркегүл Саккараеванын жубайы.

Тынайбек Сансызбаев жана Эркегүл Саккараева. Сүрөт социалдык тармактардан алынды

 

“Эл биримдиги” партиясынын негиздөөчүлөрүнүн катарында “Шумкар” детекивдик агенттигинин тең негиздөөчүсү Назгүл Мааткеримова дагы бар. Мааткеримова апрель айында өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоого аталган партиянын тизмегинде №6 болуп аттанган.

Солдон оңго: Тынайбек Сансызбаев, Эркегүл Саккараева, Чынаркүл Саккараева, Назгүл Мааткеримова жана Медербек Саккараев. Сүрөт социалдык тармактардан алынды

Шайлоодо “Эл биримдиги” партиясынан жеңишке жеткен дагы бир талапкер – Алтынай Мамбетжанова. Ал тизмекте №3 орунда болгон. Мамбетжанова дагы Саккараевге чоочун адам эмес.

Алтынай Мамбетжанова. Сүрөт социалдык тармактардан алынды

Мамбетжанова Токмок шаардык кенешинин спикери Тынайбек Сансызбаевдин агасы болгон Кадырбек Сансызбаевдин кызы.