Кырсыктын белгисиби же кадыресе көрүнүшбү: эмне үчүн чагылган Куткаруучу Машаяктын эстелигине тийди?
Коомдук тармактарда Рио-де-Жанейродо тартылган сүрөт таркатылууда, анда Иса Машаяктын атактуу статуясына чагылган тийгени тартылган. Тагыраак айтсак, электр тогу скульптуранын башына урган. Бул сүрөт 2023-жылы тартылган деп айтылууда. Айрым адамдар бул сүрөттөн келечектеги кырсыктын белгисин көрүп жатышат.
Factcheck.kg редакциясы аны изилдеп көрдү.
Чын эле чагылган болгонбу?
Куткаруучу Машаяктын статуясына тийген чагылгандын сүрөтү көптөгөн сайттарда жарыяланган. Алардын бардыгы бир гана булакка шилтеме кылышат – фотограф Фернандо Браганын Instagram-баракчасына.
Белгилүү болгондой, Куткаруучу Машаяктын статуясын анын көптөгөн эмгектеринен кезиктирсе болот. Фотограф аны күндүз да, түнкүсүн да, күн тийип турган учурда да, күн бүркөлгөн учурда да, айдын фонунда да, чагылган тийгенде да, жанында учак жана куштар учуп бара жатканда да тарткан.
Сүрөттө ал качан тартылганы жазылган – 2023-жылдын 10-февралы. Брага сүрөттөн сырткары видеоролик менен да бөлүшкөн, анда да ушул дата көргөзүлгөн.
Уникалдуу көрүнүшпү?
Фотографтын сүрөттөрүнүн арасынан Куткаруучу Машаяктын статуясына чагылган тийген көптөгөн сүрөттөрдү көрсө болот:
2008-жылы чагылган статуянын башына жакын тийген.
Ал эми 2014-жылы чагылган статуянын манжаларынын бирине зыян келтирген.
Бразилиянын космостук изилдөөлөр институтунун маалыматы боюнча, жыл сайын статуяга 4-6 чагылган тиет. Орточо алганда 2-3 айда бир чагылган, бирок жаан-чачындар сезонунда чагылгандардын саны өскөндүктөн, статуяга тийген чагылгандардын саны да өсөт. Бразилиялык метеорологдордун билдирүүсүндө, глобалдык жылуулукка байланыштуу бороондордун саны да, күчү да өсүүдө.
Эмне үчүн Куткаруучу Машаяктын статуясына чагылгандар тиет?
Бирок эмне үчүн так ушу Куткаруучу Машаяктын статуясына чагылгандар көп тиет?
Биринчиден, ал баарынан жогору турат. Экинчиден, ал токту начар өткөргөн граниттен турган Корковадо аскалуу тоосунда жайгашкан.
Башкача айтканда, ылдый жактагы каршылык чоң болгондуктан токтун статуядан жерге өтүүсү көп убакытты алат. Бул конструкциянын чагылгандын кыйраткыч электр разрядына дуушар болушуна алып келет.
Статуяда чагылгандан сактагыч коюлган, бирок ал маселени чече албайт.
Учурдагы чагылгандан сактагычтар бири-бири менен жана жердетүү системасы менен ток өткөрүүчү кабелдин жардамы менен байланыштырылган чагылган таяктардан турат. Бирок гранит токту начар өткөргөндүктөн чагылган разрядынын бүт күчүн статуя өзүнө кабыл алат.
Чагылгандын тийгенинен статуяда айрым маселелер жаралып турат. Талкаланган бөлүктөрдү калыбына келтирүү көп каражаттарды талап кылат. Мисалы, жабыр тарткан манжаларын жана бетинин айрым жерлерин оңдоо үчүн 4 млн доллардан ашык каражат жумшалган. Ошондуктан статуянын коопсуздугу дайыма актуалдуу жана аны өз убагында чечип туруу үчүн чагылган өткөргүчтөрдү жердетүү системасын мезгил-мезгили менен карап, текшерип туруу зарыл.
Дүйнөнүн жаңы жети кереметинин бири
Куткаруучу Машаяктын статуясы Рио-де-Жанейронун жана да жалпысынан Бразидиянын символу болуп эсептелет. Объект өлкөнүн улуттук дөөлөтү жана ЮНЕСКОнун эгидасынын алдында түзүлгөн дүйнөнүн жаңы жети кереметинин катарына киргизилген. Жылына 1.8 млн турист Куткаруучу Машаяктын статуясын көргөнү келишет.
Куткаруучу Машаяктын статуясы Рио-де-Жанейродогу Тижука улуттук паркынын аймагында, Коковадо тоосунда, деңиз денгээлинен 709 метр бийиктикте жайгашкан.
Эстеликтин бийиктиги 38 метр, кол аралыгы 28 метр, салмагы 1 145 тонна.
Бул скульптура Рио-де-Жанейронун жана анын айланасынын эң бийик жери болуп саналат, анткени анын максималдуу бийиктиги деңиз деңгээлинен 747 метр (тоо менен бирге) жогору жайгашкан.
Тыянак: чындык. Куткаруучу Машаяктын статуясына чынында эле 10-февралда чагылган тийген, бирок бул уникалдуу көрүнүш болуп эсептелбейт, анткени жыл аралыгында ага бир нече жолу чагылган тийип турат.