“Мекеним Кыргызстан” партиясы мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин баштадыбы?

15-август күнү  “Фейсбук”  социалдык тармагында Жетиген Асанбек аттуу колдонуучу борбордогу Калкты тейлөө борборлорунун биринде тартылган сүрөттү жарыялаган. Ал мамлeкеттик мекеменин ичинде  “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын жарнамасы мөөнөтүнөн мурда кандайча пайда болуп калды деген суроо салган.

Бул маалыматтын чын-төгүнүн тактоо үчүн  биздин редакция аталган калкты тейлөө борборуна баш бакты. Борбордун сапатты көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Темирбекова талаш жараткан жазуу мекемеде кандайча пайда болгону тууралуу айтып берди.

Темирбекованын айтымында “Мекеним Кыргызстан” — бул мектеп окуучулардын арасында жыл сайын өткөрүлүүчү сүрөт конкурсу. Анын саясатка эч кандай тиешеси жок. Конкурстун жыйынтыгы боюнча сүрөт көргөзмөсү  “Мекеним Кыргызстан” деп аталып, үч жылдан бери жазуу илинип турган.  

Жыйынтык: Калкты тейлөө борборундагы жазуунун  “Мекеним Кыргызстан” партиясына тиешеси жок.  Учурда ал калкты тейлөө борборунан алынып салынды.