АБАЙЛАГЫЛА! КӨЗ БОЕМОЧУЛАР!

Текшерүү объектиси mymediainfo.ru сайтындагы “Кыргызстандын бардык шаарларында ревматологдордун массалык кармалуусу” тууралуу макаласы…

Материалда катуу билдирүүлөр көп. Мисалы: «дарыканалардын сыры ачылды», «дарыгерлер алдашат» ж. б.. Бүт текстти ревматизмди айыктыруучу “сыйкыр дары” тууралуу жарнама жыйынтыктайт.

Интернеттин үйрөнчүк колдонуучусу деле бул товардын жарнамасы экендигин аңдай алат.

Көрүнүп тургандай, бул макалада ойлоп табылган ревматология институтунун директорунун орун басары Азамат Исмаиловдон дагы интервью алынган. Төмөн жагында илимий мекемелердин тизмеси жарыяланган билим берүү министрлигинин сайтына шилтеме келтирилген. Айтор, элди ишендирүү үчүн белгилүү жана натыйжалуу ыкмалар пайдаланылгандыгы байкалууда. Расмий маалыматтарга таянсак, эч кандай ревматология институту Кыргызстанда жок. Ошондой эле директордун орун басары, профессор Азамат Исмаилов дагы ойлонуп табылган киши. Ал эми бул “калп дарыны” мактап жазгандардын арасында Мирбек Атабаеков, Аяна Касымова, Гүлжигит Калыков сыяктуу белгилүү ырчылардын ысымдарын көрүүгө болот.

Фейсбук социалдык түйүнүндө комментарийлердин айрымдары Кыргызстанда 2017-жылы болуп өткөн реалдуу окуяларга окшоштурулуп жазылгандары байкалат. Өткөн жылы башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармектер менен камсыздоо департаментинин кызматкерлерине “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Бирок мында башка окуя, тактап айтканда, дары-дармектердин ордуна БАКты(биоактивдүү кошулмалар) алып киргизүү тууралуу сөз болгон.

Бул жердеги окуялар чындыгында эле ойдон чыгарылган. Интернетте Беларусь, Украина, Молдова же Россия үчүн даярдалган окшош макалалар абдан көп. Аларды салыштыра келгенде үтүр, чекитине чейин окшош, болгону бул окуя кайсы жакта болгондугун жана ревматология институтунун өкүлүнүн аты-жөнү менен сүрөтүн гана алмаштырып коюшат.

Дарынын өзүн жарнамалоочу баннер шилтемесин текшерүү дагы бул “сыйкыр дарыны” сатуу жана жайылтуу менен алектенип жаткандар көз боемочулар экенин тастыктады. Компаниянын ИНН жана ОГРН билдирмелери баары чындыкка коошпойт. Орусиялык компания үчүн 12 цифрадан турган ИНН жок, ИНН бул өлкөдө 10 гана цифрадан турат. ОГРН боюнча дагы абал ушундай. Демек, бул көз боемучулук менен алектенген сайт аркылуу сатып алынган дары-дармектердин эч кандай пайдасы жок, тескерисинче ден-соолукка зыян алып келиши мүмкүн.

Кооптонууну жаратуучу факт, Алекс рейтинги боюнча бул коз боемочулук менен алектенген сайтка күнүнө 500дөн ашуун адам кирет. Алардын ичинде кыргызстандыктар дагы бар. Бул адамдар алдамчылардын курмандыктары жана “сыйкыр дарыны” сатып алуучулар болуп калышы ыктымал.

БҮТҮМ:

– МАКАЛАДА СҮРӨТТӨЛҮП ЖАЗЫЛГАН ОКУЯ ЖАНА УЧУРЛАРДЫН БААРЫ ФЕЙК;

– САЙТ КАНДАЙДЫР БИР ШЕКТҮҮ ПРЕПАРАТТАРДЫ САТУУ МЕНЕН АЛЕКТЕНЕТ;

– ТОВАРДЫ САТУУЧУ ФИРМА, ЧЫНДЫГЫНДА ЖОК;

– “СЫЙКЫР ДАРЫ” ТУУРАЛУУ ФЕЙК МААЛЫМАТТАРДЫ ТАРАТЫП ЖАТКАН САЙТТАРДЫН ТҮЙҮНҮНҮН АРТЫНДА АЛДАП АКЧА ТАБЫШКАН КӨЗ БОЕМОЧУЛАР ТУРАТ.