МИТИНГГЕ(СТАМБУЛ) ЧЫНЫНДА ЭЛЕ 5 МИЛЛИОН АДАМ КАТЫШКАНБЫ?

Стамбулда Президенттикке шайланып жаткан талапкер Мухаррема Инджени колдоо митинги болуп өттү. Саясатчынын тарапташтары митингде 5 млн адам болду деген билдирүү таратышкан.

Объект: Стамбулда Президенттикке шайланып жаткан талапкер Мухаррема Инджени колдоо митинги болуп өттү.  Саясатчынын тарапташтары митингде 5 млн адам болду деген билдирүү таратышкан. Кыргызстандын ЖК депутаты Жанар Акаев дагы Твиттердеги өзүнүн баракчасына бул маалыматты жайгаштырган.

Митинг тууралуу Кыргызстандын ЖМКлары дагы жазып чыгышты:

Бүтүм: Маалымат чындыкка коошпойт.

Изилдөө ыкмалары: Стамбулдагы митинг Малтепе районунда өткөн. Google картаны жана фотосүрөттөрдү колдонуу менен биз бул митинг кайсы жерде болгондугун таптык.

https://3planeta.com/googlemaps/google-maps-calculator-ploschadei.html ресурсунун жардамы менен митингчилер чыккан аймактын аянты 106Х164 чарчы метрге барабар экендиги маалым болду.

Рэй Уотсон жана Пол Йипинин адамдардын тобундагы ар бир кишини эсептөөчү ыкмасына(бир чарчы метрде 2ден ашык эмес адам) салып, аянтка 5 млн адам батканын же жогун текшерсек, жыйынтыгында аталган аймакка 212 328 адам гана батаары белгилүү болду. Демек, Стамбулдагы айтылган аянтка 5 млн адам батмак эмес.

Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу Твиттердеги өзүнүн аккаунтунда митингде 280 миң адам болгондугун жазган.

Белгилей кетсек, Азаттык жана Кактус Медианын макалаларында митингге чыккан адамдардын саны “100 миңден 2,5 млн адамга чейин” деп көрсөтүлгөн.