Изденүү жолундагы «Ноокат таңы»

Жаңы жылдын башынан тартып жети облустук мамлекеттик гезиттер эркин жашоого кое берилди. Мамлекет мындан ары өзүнчө чарбалык ишти жүргүзүп, өз жаныңарды өзүңөр баккыла деди. Эми алар кантип редакцияны сактап калып, ишти улантып кетсе болот деп катуу ойлонуп жаткан кездери. Мындай кырдаалда аларга бир кезде мамлекеттин карамыгында болгон, бирок чарбасын өзүнчө жүргүзгөнгө өткөн, бардык басылмалар кыйын кезеңди башынан кечирип жаткан учурда гезиттин чыгарылышын токтотпостон, нускасын жакшы денгээлде кармап келе жаткан айрым райондук гезиттердин тажрыйбасы пайдалуу болушу мүмкүн.

Ошондой гезиттин бири «Ноокат таңы». Анын биринчи саны алгач 1934-жылдын 29-июлунда «Кызыл Ноокат» деген ат менен чыккан. 1959-1962-жылдар аралыгында  «Кызыл Коммунист», 1962-1965-жылдары «Жеңиш туусу» аты менен жарык көрүп турган. 1965-1991-жылдары болсо «Колхозчу», 1991-жылдан тартып «Ноокат таңы» аталышында чыга баштаган. 2008-жылдан тартып гезит өз алдынча чарбалык эсепке өткөн. Гезит Советтер Союзу мезгилинде жумасына үч ирет, 18 миң нуска менен чыгып келген. Бүгүнкү күнү ал айына эки ирет 8 бет менен 3 миң нускада чыгып келе жатат.

Гезит башында кандай кыйынчылыктарга тушукканын, учурда гезиттер жабылып жатканда «Ноокат таңынын» чыгышын токтотпой, окурмандарын таап келе жаткандарын билиш үчүн гезиттин башкы редактору Нуркамил Абдуллаевди кепке тарттык.

Абдуллаев Нуркамил Баатырбаевич. 1976-жылдын 16-апрелинде Ноокат районунун  Кызыл-Тейит айылында туулган. Билими жогорку, Ош гуманитардык педагогикалык институнун тарых факультетин аяктаган. 1997-2000-жылдары Ош облустук мугалимдердин «Билим булагы», 2000-2007-жылдары Ош облустук «Ош жаңырыгы» гезиттеринде кабарчы болуп эмгектенген. 2007-жылдын 10-апрелинен тартып 2013-жылдын  31-декабрына чейин «Ноокат таңы» гезитинде бөлүм башчы, 2014-жылдан тарта ушул күнгө чейин аталган гезиттин башкы редактору болуп эмгектенип келет.


— Мен билгенден «Ноокат таңы» биринчилерден өзүнчө чарба жүргүзүүгө өткөн мурдагы мамлекеттик райондук гезиттердин бири болуп эсептелет. Эмне үчүн өзүнчө чарба жүргүзүү чечими кабыл алынды эле? Ал кандай жүрдү?

— СССР таркап, эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдардагы өткөөл мезгилде  мамлекет гезитке эмес башка социалдык маселелерди чечүүгө да чама чаркы келбей калгандыгы баарыбызга маалым. Анын үстүнө рынок системасынын жаңыдан  кирүүсү ушулардын баары жеке баамымда гезиттердин  өзүн-өзү каржылоого өтүүсүнө себеп болгон. Ошондой өткөөл мезгил учурунда «Ноокат таңы» гезитин Ракманберди Маманов жетектеп турган. Ошол учурда редакцияда иштегендердин айтымында   жетимиш жылдан ашуун жашаган гезитти, анда иштеген эмгек жаматты таркатпай  сактап калуу үчүн башкы редактор Ракманберди Маманов көптөгөн аракеттерди жасаган. Анын натыйжасында гезит гана эмес, редакциянын имараты, материалдык-техникалык базасы да сакталып калынган.

1978-жылдагы редакциянын чыгармачыл тобунун айрым мүчөлөрү. Ракманберди Маманов оңдон экинчи

Ооба, ал учурларда да  гезиттин жарыкка чыгуусу үчүн  райондук бюджеттен каржы бөлүнүп турган. Бирок ал ашып барса гезиттин 3-4 санын чыгарууга араң жеткен. Кийинчерээк эки баскычтуу бюджетке өткөндөн кийин райондук мамлекеттик администрация гезитти каржылык жактан колдоону токтоткон. Жогоруда белгилегендей ушундай жагдайлар көптөгөн, анын катарында «Ноокат таңы» гезитин да өзүн-өзү каржылоо менен иштөөсүнө түрткү болгон. Бийлик тарабынан бул кадамдарга эч кандай каршылык болгон эместигин белгилейт ал кездеги башкы редактор Ракманберди Маманов. Бийликти сындаган сын макалалардын, коомдогу курч көйгөйлөрдүн гезит бетинде такай чыгуусу да окурмандардын көбөйүүсүнө салым кошкон.

— Гезитиңердин учурдагы абалы кандай? Канча киши иштеп жатат, айлыктары канча?

— Биздин гезитте  жалпысы 7 киши эмгектенет. Гезит айына эки жолу 3 миң нуска менен чыгабыз. Айлык маяна ар кимдин кызматына жараша 8000 сомдон 15000 миң сомго чейин.

— Гезитиңердин нускасы башкаларга салыштырмалуу бир топ экен? Ага кантип жете алдыңар?

— Нускабыздын көбүрөөк чыгышы албетте, бизди колдогон окурмандарыбыздын көптүгүнөн болушу керек деп ойлоймун. Редакциянын башкы милдети да ошол – окурмандардын табитин таап, ишеничин актоо болуп эсептелет. Ага биз бар дараметибизди жумшап келебиз.

Азыркыдай башка тармактар сыяктуу медиа жаатында да атаандаштык күч алган учурда аймактык медиалардын, анын ичинде басылмалардын, жашоосу үчүн түзүк эле изденүү талап кылынууда. Өзүңүз билесиз, ар бир ЖМК нын өзүнүн аудиториясы  болот. Ошол аудиторянын каалоосуна, талабына ылайык макалаларды жарыялап туруу зарыл. Биз акыркы күндөрү ушул нерсеге көбүрөөк басым жасап жатабыз. Алсак, бизге жөнөкөй жарандардан тышкары, мугалимдер, медицина кызматкерлери, айыл өкмөттөр жана башка мекеме-уюмдардын кызматкерлери жазылышат. Ырас, гезиттин  негизги максаты – жанылыктарды тез, ыкчам, оперативдүү жеткирүү болуп эсептелет. Бирок бүгүнкүдөй интернет заманында гезит менен андай жасоо кыйын. Гезиттеги жаңылык окурмандын колуна жеткиче актуалдуулугун жоготот. Ошондуктан окурманга  маалыматтык ошол эле учурда эскирбей турган пайдалуу макалаларды көбүрөөк жарыялай баштадык. Маселен, медицина кызматкерлери жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча, мугалимдер өздөрүнүн иш тажрыйбасы же бала тарбиясы туурасындагы макалаларды беришет. Ал эми элеттеги калемгерлердин аңгеме, ырларына да тез-тез орун берип турабыз. «Эл ичи өнөр кенчи» дегендей калк арасындагы өнөрпөздөр, өнөрлүүлөр, таланттар туурасындагы макалаларга да орун беребиз.

«Ноокат таңы» гезитинин учурдагы чыгармачыл жамааты

Мындан тышкары 2015-2017-жылдары райондогу ар бир жетекчини эл менен байланыштыруу максатында «Түз байланыш» уюштурганбыз. Натыйжасы аябай жакшы болгон. Кийинчерээк айрым себептерге байланыштуу токтоп калган. Быйыл улантууну пландап жатабыз.

Жалпылап айтканда окурмандардын назарын буруу үчүн изденүү жолундабыз. Бизде   «Саламаттык», «Мектеп дүйнө», «Багбан кеңеш», «Трибунада прокуратура», «Аймактарда», «4-микрофон», «Суроо сун», «Адеп төр», «Турмуш кербени», «Күн көйгөй» ж.б. сыяктуу  рубрикалардын астында макалалар жарыяланат. Ырас, бизди деле башка редакциялар сыяктуу эмгек маянынын аздыгы, кадрдык жетишпестиктер кыйнап келет.

— Элеттиктердин маалыматтык муктаждыктары дегеле кандай? Бул муктаждыктарды аймактык медиалар канчалык деңгээлде канааттандырып жатышат?

— Жеке баамымда азыркы учурда мейли элет, мейли шаардыктар болсун маалымат алууда маселе жок. Бирок кандай маалымат алууда деген маселе бар. Жарандардын дээрлик көпчүлүгү криминал же кайсыл бир адамдын жеке жарандык абийирине шек келтирген сыяктуу жаңылыктарды көп кабылдашат. Ошол эле учурда жарандар үчүн укук, маданият, экономика, билим берүү жана башка тармактарда болуп жаткан жакшы жаңылыктарга анчейин көнүл бөлүшпөйт. А коомчулуктун мындай, жакшылыкка караганда жамандыкка көбүрөөк көңүл буруусуна, албетте, журналисттердин ролу жана орду чоң.

— Гезитиңер райондук мамадминистрация менен тыгыз иш алып барат? Бул силердин маалыматтык саясатыңардын райадминистрация тараптан чектелишине алып келбейби? Курч материалдарды даярдаганга жолтоо болбойбу?

— Жок, чектелишине алып келбейт. Сын макалалар жарыяланып турат.

— Редакцияңардын алдында азыр кандай максатты коюп жатасыңар?

— Бир эле максат окурмандардын ишенимин актоо. Буйруса келечекте гезиттин сайтын ачсак деп жатабыз. Буга себеп – биздин райондун миңдеген жарандары учур талабына ылайык алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө. Биз аларга районубузда болуп жаткан жаңылыктар, көйгөйлөр, жакшы саамалыктар туурасында кабардар кылууну ниеттенип жатабыз. Аны менен катарда сырттагы  мекендештерибиз менен байланыштарды күчөтүүнү да назарда тутканбыз.

— Силерде Ош облусунун айрым райондук гезиттердин башкы редакторлорунун ынтымагы бар экен. Эмне максатта чогулдуңар эле?

— Негизги максатыбыз – тажрыйба алмашуу. Бүгүн жөн олтурганың – артта калганың дегендей эле кеп. Учур улам изденүүнү талап кылууда. Редакторлордун чогулушу ошол нерсенин алкагындагы иштерден болуп эсептелет.

— Азыр облустук гезиттер мамлекеттен каржыланбай калышты. Аларга редакцияларын сактап калуу боюнча көптөн бери өз алдынча иш алып барган гезит катары кандай кеңештерди берет элеңер?

— Облусттук гезиттерде ары билимдүү, ары тажрыйбалуу  мыкты журналисттер  эмгектенишет. Аларда гезитти сактап калуу үчүн учур, кырдаал талап кылгандай жол таап алышарына, албетте, ишенем. Аны менен катарда жогоруда айтып өткөндөй өз окурмандарынын талабына ылайык макалаларга орун берүүнү  .

Редакциядан:

«Кыргызстанда “жаңылыктар чөлү” барбы?» деген аталыштагы мурдагы материалыбызда аймактык медиалар саны, аудиторияны камтуусу, элди ар түрдүү көз караштар менен тааныштыруусу, жергиликтүү жаңылыктар менен элди толук камсыздоосу жагынан жетиштүү деңгээлде эмес экенин белгилегенбиз. Мындайда элет жеринде жашаган калктын маданий, экономий, саясий жана социалдык маселелери көп учурда көз жаздымда калып, жемкорлук көрүнүштөр күч алат. Облустук гезиттер, ишин токтото турган болсо, бул маселе дагы курчуй түшүшү мүмкүн.