Кыргыз кызы Түркияда зордукталды делген видеону текшеребиз

(Русский) Видеоролик с якобы изнасилованием кыргызстанки несколькими парнями, предположительно турками, распространяют в соцсетях

Топ жигиттер азиат кызды зордуктады деген тасма июнь айынын аягында чагылгандай тездик менен интернетте жайылды. Окуя Түркиянын Анкара шаарында болгон, ал эми тасмадагы кыз кыргызстандык деп айтылат.

Өлкөдөгү алдыңкы ЖМКлар тасманы фейк деп атап, учурда УКМК текшерүүлөрдү жүрзүзүп атканын жазып чыккан.

Мындан тышкары, окурмандардын бири factcheck.kg редакциясына роликтин чын-бышыгын тактап берүүнү өтүнүп, зордуктоого кабылган кыздын тааныштары табылганын, алардын кыздын мындан аркы тагдырына сарсанаа болгонун билдирген.

Желеде жайылган тасма коомчулукта чоң резонанс жаратып,  УКМКнын азыркыга чейин бул тууралуу билдирүүсү болбогонунан улам, factcheck.kg демилгени өз колуна алып, тасманын чын-төгүнүн бышыктады.

Видеороликтин өзүндө баштапкы булакка – сайтка шилтеме көрсөтүлгөн. Алгач аны текшерип, чынында мындай видеохостинг бар экенине көзүбүз жетти.

Ал порнографиялык мазмундагы сайт болуп чыкты. «Зордуктоолор» боюнча өзүнчө бөлүмү да бар экен.

Аталган бөлүмдүн бешинчи бетинде (ресурс дайыма жаңырып тургандыктан, учурда беттин саны алмашышы ыктымал) биз издеген ролик чыкты. Андагы кыздын кийими, кызды курчаган деталдар жана алардын өндөрү жайылып кеткен видеонун дал өзүндөй (скриншоту көрсөтүлгөн).

Бул тасма  беш жарым жыл мурун жарыяланганына өзгөчө көңүл буруу зарыл.

 

Мындан тышкары, тасманын узундугуна көңүл бөлөбүз – ал 15 мүнөт 6 секунданы түзөт.

 

Ал эми атамекендик интернет айдыңында чуу жараткан тасма– 7 мүнөт 18 секундалык. Башкача айтканда, алгачкы тасманын баш жагы алынып салынган.

Анын себебин роликти көргөн соң биле алдык. Башында видеого эркектер тартылып, алардын бири-бири менен сүйлөшкөндөрү угулат. Бирок алардын сөздөрү биз ойлогондой түрк тилинде эмес, япон тилине көбүрөөк окшошот. Тасманын сапаты өтө начар болгондуктан, андагы каармандар япон тилинде сүйлөшкөн деп биз так кесе айталбайбыз. Бирок роликтин алдында көрөрмандар калтырган 152 комментарийди окуп көрүп, окуя Японияда болду деп божомолдойбуз.

Комментарийлердин биринде Япониянын порнографиялык мазмундагы тасмаларындагы өзгөчөлүк — жыныс мүчөлөрүн так көрсөтпөй турган цензура бар экени жазылат. Ошол эле өзгөчөлүк биз изилдеген роликте да байкалат.

Жогоруда айтылган “зордуктоолор” рубрикасында жайгашкан тасмалардын мазмуну да, тартылган ыкмасы да, биз текшергенге түспөлдөш. Алардын көбүндө япон тилиндеги сүйлөшүүлөр кыргызстандык кыз зордукталды деген тасма чынында Японияга таандык деген божомолубузду ырастайт.

Япондук тасмалардын кеңири жайылып кетүү себебин көрөрмандардын комментарийлердин биринен кездештирдик.

 «Тасма чындыкка дал келиши мүмкүн, бирок ошол эле учурда жалган болушу да ыктымал. Акыркы күндөрү Японияда бир көйгөй бар:  жаш кыздар экинчи тараптын талаптарын билип-билбей моделдик келишим түзүшөт. Ал эми чыныгы шарттар “фотосессиядан”  гана белгилүү болот. Бирок, эгерде кыздар келишимдин талаптарын аткаруудан баш тартышса, аларга очойгон айып пул салынат».  

Google  аркылуу «япон айымдарын порномазмундагы тасмага тартылууга мажбурлоо көбөйдү»  деп англис тилинде издөө салабыз.

 «more Japanese women being forced into porn»  деген суроо-талапка Google дүйнөлүк алдыңкы басмаларга шилтемелерди берет. Алардын көбү аталган көйгөйдү 2016-2017 –жылдары чагылдырган:

Тасманын мазмунун эске алып, factcheck.kg бул сайтка түз шилтеме берип, алардын скриншотторун тиркеген жок. Чектен чыкпаган, керектүү гана маалыматты берди. Каалоочулар аталган роликтин төмөнкү бурчундагы белгиден видеохостингдин дарегин көрө алат.

Жыйынтык:

Интернет айдыңында чуу жараткан кыргызстандык кыздын зордукталганы тууралуу тасма – фейк. Анын алгачкы булагы мындан беш жарым жыл мурда порномазмундагы видеохостингдердин биринде жайгашкан жана япониялык порно-индустриянын чыгармасы болуп эсептелет. Тасмадагы каармандар – япондуктар.