Кытай жышыгычтарындагы зыяндуу заттар. Фактчек

(Русский) В соцсетях и через мессенджеры распространяется видео о мочалках с якобы ядовитыми таблетками внутри.

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде мончодо колдонулган жышыгыч тууралуу видеотасма тараган. Тасманын каарманы жышыгычты кайчы менен кесип, ичинен дары-дармектерди алып чыкканын көрсө болот.

 

Видео 2019-жылдын 29-июнунда youtube.com сайтында да жайгаштырылган жана 176 колдонуучунун көңүлүн бурган.

https://www.youtube.com/watch?v=Kb8trhzvyUY 

Тасмадагы каарман жышыгычтан белгисиз бир заттарды алып чыгып, алардын зыяндыгын айтып, нааразычылыгын билдирет: “Бизди кытайлар уулап, ичине дарыларды салып, өлтүрөт. Денебизге бирдекелер чыкканы ошондон. Муну таза жышынып биз жуунабыз. Бир мочалкадан ушунча зыян заттар чыгып атат”.

Кытай эли чын эле кыргызстандыктарды зыян заттар менен уулантып атабы же бул тасма кытайлыктарга каршы маанайда тараган фейкпи, Factcheck териштирди.

Алгач, видеону толук көрүп, ал бир кадр менен тартылганына көңүл бурабыз. Тасмага карата кандайдыр бир атайын эффекттердин колдонулбаганын жана кадрлар бири-бирине чапталбаганын белгилейбиз.

Image Google ресурстарынан видеонун скриншотуна окшош сүрөттөрдү издеп көрөбүз.

Андан соң,  «Китайские мочалки с таблетками» (дары-дармектери бар кытай жышыгычтары), «Мочалки с таблетками» (дары-дармектери менен жышыгыч) деп издөө салабыз.

 

Биз издеген жышыгычка тиешелүү эч кандай маалымат чыккан жок.

Жеке тажрыйба

Маалыматтын чын-төгүнүн андан  бышыктоону улантабыз. Ал үчүн үч түрдүү жышыгыч сатып алдык. Анын ичинен экөө эл арасында кеңири колдонулат. Алар эки каттан туруп, бир жагы жашыл, ал эми экинчи жагы кызыл түстө, же тескеринче болот. Экөөндө тең «Кореяда чыгарылган» (Made in Korea) деген маалымат бар. Бирок, соодагерлердин айтымында пайдалуу буюм Кытайдан ташылат. Анын бири жасалма деп айтылып, 25 сомдон 50 сомго чейин болсо, экинчиси кымбатыраак, 50-70 сом турат. Чынында арзанынын чүпүрөгү кымбатынан айырмаланып, жукараак келет.  Тажрыйбабызды кеңейтип, жышыгычтын дагы башка түрүн алып көрдүк. Ал кара түстө жана салыштырмалуу базарга жаңы  келген. Ичиндеги этикеткасында Made in China (Кытайда жасалган) деген маалымат бар. Бирок анын чүпүрөгү бир каттан гана турат. Жышыгычтардын үчөөнү тең кесип көрүп, алардын ичинен эч бир чоочун заттарды тапкан жокпуз. Сыртынан кармаганда алардын жок экени даана байкалат. Үч жышыгычты тең кесип көрсөк, алардын ичинен эч нерсе табылбады.

Эксперттин пикири

Маалыматты андан ары тактоо үчүн 20 жылдык тажрыйбасы бар дерматолог Чоюбеков Нурболот менен байланышып, ага жышыгыч тууралуу тасманы көрсөттүк. Дарыгер аны кылдат карап чыккан соң, жышыгычтын ичиндеги заттарды дары-дармек эмес, массаж үчүн гранулдар деди. Чоюбековдун айтымында ал заттардын дарылыгын бир гана тиешелүү лаборотория аныктайт. «Мындан тышкары, жышыгычтарды колдонуудан аллергиялык реакция пайда болот, ал эми тери оорулары козголбойт. Бул карандай калп», – деди ал. Пациенттер буга чейин жышыгычтын айынан козголгон тери оорулары менен  кайрылбаганын дарыгер тактады.

Жыйынтык:   

  • Түрдүү жышыгычтардын биринен да дары-дармек табылган жок;
  • Видеотасмадагы жышыгычтан табылган заттар – массаждын сапатын жакшыртуучу гранулдар.