Ташиевдин хансарайы тууралуу 5 факт

14-августта cоциалдык тармакта «УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев Барпы айылына үй салып, той берди» деген аталышта видео тарады.  Анда үйдүн бакчасына дасторкон жайылып, жүздөгөн киши мейманга келгенин, ал эми төкмө акын Аалы Туткучев Ташиев «элдин баарын чакырып, огорудан батырып» деп ырдаганын  көрүүгө болот. Видео социалдык тармактарда талкуу жаратып, айрым колдонуучулар анын эски экенин жазып чыкты.

«Т-Медиа» Шайырбек Ташиевдин үйү тууралуу фактыларды текшерип көрдү.

  1. Үй той 2019-жылы берилген

Facebook социалдык тармагындагы “Полит Узник” баракчасына жүктөлгөн бул видео чынында 2019-жылга таандык.  Анын толук версиясы “Төкмө акындар. Жылдыздар. Элге той. Барпы айылы” деген аталышта журналист Өткүрбек Рахмановдун You-Tube каналында 2019-жылдын 26-октябрында жарыяланган. Белгилей кетсек, Өткүрбек Рахманов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени ЖМКларда айтылып келет.

  1. Тойго 500дөн ашуун адам келген

Тойдо катар отуруп, кадрга түшкөн адамдардын саны 500дөн ашат. Бирок бул мырзалар гана, Шайырбек Ташиевдин айтымында, коноктордун саны мындан көп болгон. Бирок ал биздин редакцияга канча конок келгенинин так санын билбей турганын айтты.

  1. Ири байгелүү улак тартыш

Ошол эле Рахмановдун каналынан 2020-жылдын 8-февралында Шайырбек Ташиев беш уул жана кызына элден бата алуу максатында ири мелдеш өткөргөнүн биле алдык. Байгеге 4 топоз, 4 токулуу ат, 20 тай, 1,5 миң доллар, 5 торпок жана 5 кой, төө, алтын кур жана төрт автоунаа ойнотулганы айтылат.

     4. Хансарай менен короонун аянты

Коноктор отурган жайдын аянты 491 сотых, же 4,9 гектарды түзөрүн  Google Earth тиркемеси маалымдайт. Эске салсак, ырчы Аалы Туткучев Шаирбек Ташиевди «элдин баарын чакырып, огорудан батырып» деп ырдаган.

Ал эми короонун аянты 38,2 сотых же 3817 чарчы метрди түзөт.

Үйдүн ар бир кабатынын аянты орто эсеп менен 650 чарчы метрден ашат. Хансарай эки кабаттан турат.

Шаирбек Ташиевдин Барпы айылындагы үйү
  1. Ташиев той менен улак тартышты бизнестен түшкөн кирешенин эсебинен өткөргөнүн билдирди.

Шайырбек Ташиев талкуу болуп жаткан эки кабаттуу үйүнө тойду өткөргөн мезгилде Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болгон. Ал хан сарайды бизнестен түшкөн каражатка салганын маалымдады:

«Үй Кыдырша Ташиев 31-көчөсүндө жайгашкан […] Ал жерге атам үй салып берген болчу. Ошонун жанына эле эки кабаттуу там салдым.  […]Жергиликтүү кеңештин депутаттарына маяна берилбейт. Ал убакта мен бизнес менен алектенчүмүн».

Жыйынтык: жартылай чындык. Шайырбек Ташиев үйүнө арналган чоң той бергени чын. Бирок той бүгүнкү күндө эмес, 2019-жылдын октябрь айында өткөрүлгөн. Мындан тышкары, 2020-жылдын башында Ташиев ири байге фонду менен мелдеш өткөргөн.

Булак: T-media