МЕДИАСЫН: онлайн-журналистиканын артыкчылыктары менен мүчүлүштүктөрү

6-августта журналист Улукбек Карыбек уулу саламаттыкты сактоо жөнүндөгү кезектеги чыгарылышын жарыялады. Бул жолу Улуттук онкология борборунан: акча жыйымдары, кезек күтүүлөр жана акы төлөнүүчү кызматтар боюнча бейтаптардын даттануулары жөнүндө репортаж берди.

Анын саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупция боюнча репортаждары медицина коомчулугун дүрбөлөңгө салды. Социалдык тармактардын колдонуучулары – дарыгерлерди тилдеп, автордун ишин колдогондор жана этиканы сактабаганы үчүн авторду айыптагандар болуп эки жаатка бөлүнүштү.

Июль айынын ортосунда журналисттин You-Tube-каналында Ош облустук балдар ооруканасынан сюжет чыкса (872 миң жолу көрүлгөн), андан бир ай мурун ал төрөт үйлөрүнөн сюжет даярдаган эле (1,2 миллион жолу көрүлгөн).

Саламаттыкты сактоо системасы жөнүндө маанилүү маселелерди алып чыгуу менен, автор бир нече аптадан бери социалдык тармактарда басаңдабай келаткан кызуу талкууга жем таштады. Балдар ооруканасы тууралуу репортажында ал кызмат көрсөтүүгө акы төлөө үчүн кассада кезек күтүп турган бейтаптар менен маектешип, эмне үчүн акча төлөнүп жатканына нааразыланат. «6 жашка чейинки бардык балдарды акысыз тейлөө керек! Дарыгерге кире бергиле. Акы төлөбөшүңөр керек!” – дейт ал ата-энелерге, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна шилтеме кылып.

Сюжетте дарыгерлер ага мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, эгер ата-энеде кызмат көрсөтүүгө жолдомо жок болсо, кызмат көрсөтүү үчүн акы алынарын кайра-кайра түшүндүрүүгө аракет кылышууда. Бирок журналист аларды укпай, ата-энелер акчаны кассадан төлөп жатса да, акы төлөнүүчү кызматтар үчүн күнөөлөп жатат.

Ошол эле маалда нааразы болгон бейтаптар дарыгерлер алардан акча талап кылганына даттанганын, андан соң автордун медициналык мекемеге милиция чакырганын да сюжеттен көрө аласыз.

Автор медициналык мекемелердеги акча жыюуларды, узун кезектерди ийнесинен жибине чейин ачып көрсөтүүгө аракет кылган. Анткен менен, дарыгерлерге карата терс, тенденциялуу жана бир жактуу мамиле байкалат. Кайра-кайра жана максаттуу түрдө аларды жагымсыз жагдайда көрсөтүүгө аракет кылат. Ал эми саламаттыкты сактоо министри жөнүндө дарыгерлерге улам «силердин убактылуу-министр» деп айтат.

Дарыгерлерге Улукбек Карыбек уулу өзүн блогер эмес, журналист катары көрсөткөндүктөн журналисттик коомчулукта этика маселеси көтөрүлдү.

Улукбек Карыбек уулу ким?

Улукбек Карыбек уулу 32 жашта. Ачык булактарда ​​анын 2011-жылдан бери журналистика тармагында экени айтылат. Алгач “Эхо Манаса” телеканалында иштесе, кийин “Марва” телеканалын жетектеген. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо “Эл үмүтү” партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. Ал тизмеде 2-орунда турган. Анда партия шайлоодо утулуп калган.

«Бел курдан ылдый согуп жатат»

Август айынын башында дарыгерлердин кесиптик бирикмесинин жетекчиси Бермет Барыктабасова Этика боюнча комиссияга Улукбек Карыбек уулунун үстүнөн арыз жазды. Ал ошондой эле кесиптик бирикме автордун жаза тартышына жетишерин билдирди.

«Биз укуктук коргоо институттарынын баарына доо арыз беребиз: «Бейбаштык» беренеси боюнча Ички иштер министрлигине же прокуратурага,  ар-намыска жана абройго шек келтиргендиги үчүн жарандык сотко кайрылабыз.

Бүгүнкү күндө дарыгерлерди каралоо боюнча атайылап иш жүрүп жатат: аларга көө жаап, жаманатты кылып, баркын түшүрүштү. Өлкөнүн дарыгерлери мындай мамилеге татыктуу эмес. Биз медицина кызматкерлерин жана биздин кесипти сыйлоо укугубузду олуттуу коргойбуз», – деди ал.

«Медицина коомчулугу дүрбөлөңгө түштү, абдан көп негатив, дарыгерлердин аянычтуу абалында, блогердин мындай ашкерелөөсү медициналык коомчулуктун массалык терс реакциясына алып келди. Врачтар өздөрүнүн оор, түйшүктүү иштеринен мисалдарды келтире башташты. Начар төлөнгөн жана көптөгөн саламаттыкты сактоо көйгөйлөрү менен байланышкан жумуштары жөнүндө. Бул түйшүктүн баары саламаттыкты сактоо тармагын бүт күчү менен сүйрөп жаткан карапайым дарыгерлердин жонуна түштү. Көптөр таарыныч, көңүл калуу абалында. Бизде 6,5 миллион кишиге 13 миң гана дарыгер бар. Бул, албетте, өтө аз», – дейт ал.

 

Барктабасова маалыматка жетүүнү блогер ведомство башчыларынан, жетекчилерден, саламаттыкты сактоо тармагындагы уюштуруучулардан талап кылышы керектигин белгилейт.

«Катардагы дарыгерлердин ишин үзгүлтүккө учуратпай, бастырып кирбей, операцияларды үзгүлтүккө учуратпай, ал расмий маалыматтарды мамлекеттен талап кылышы керек. Ал такыр мыйзамсыз түрдө медиктерди бел курдан ылдый согуп жатат», – деп кошумчалады ал.

«Вертикалдык коррупция алда канча коркунучтуу»

Врач-эпидемиолог Перизат Анарбек кызы Инстаграмдагы #Улукбекнеправ флешмобун демилгелегендердин бири. Ал өзүнүн видеокайрылуусунда саламаттыкты сактоо тармагындагы түзүлгөн кырдаалда дарыгерлерди эмес, системаны күнөөлөш керектигин айтты. «Дарыгерлер аз айлык алып, тынбай иштеп, ошол эле учурда бейтаптардын көптөгөн дооматтарын угууга туура келет. Мындай боло берсе, дарыгерлерди жоготуп алышыбыз мүмкүн», – деди ал.

 

«Мен видеокайрылуу даярдагам, бирок эл аны биз коррупцияны колдойбуз дегендей туура эмес кабыл алышты. Саламаттыкты сактоо тармагында абал оор, бирок саясий жана вертикалдык коррупция төмөнкү, турмуштук, аргасыз коррупциядан алда канча коркунучтуу. Бирок аны көрүшпөйт, а карапайым санитарларды, медайымдарды көрүп кылмышкерлердей артынан сая түшүшөт, – дейт Перизат Анарбек кызы, – коррупция медицинада эле эмес, ар бир тармакта бар. Ошол эле учурда чуулгандуу иштер медицина тармагын гана титиретип жатат. Мен коррупцияны актабайм, биз күрөшүшүбүз керек, бирок бейтап менен дарыгердин ортосунда жасалма кастыкты жаратып, мындай жапайы жолдор менен эмес”.

Элдик колдоо

Социалдык тармактардагы пикирлерди талдап көрүп, колдонуучулардын басымдуу бөлүгү журналисттин ишин колдошот деген жыйынтыкка келсек болот. Комментарий жазгандардын арасында анын коопсуздугуна тынчсыздангандар да бар.

Бул курч сюжеттерден кийин журналисттин You-Tube-каналы алга учуп, учурда 270 миң жазылуучусу бар. Эгерде эки-үч ай мурун анын каналындагы көрүүлөрдүн саны орточо он миңдеген көрүүлөрдөн ашса, акыркы чыгарылыштарын жүз миңдеген колдонуучулар көрүп жатышат.

ОшМУнун журналистика кафедрасынын окутуучусу, Ош шаарынан Зарина Маматжанова балдар ооруканасынан репортаж тартуу зарыл болчу деп эсептейт. Бул карапайым калктын нааразылыгынан жана даттанууларынан улам келип чыгууда, анткени ооруканаларда акча жыйноодон дал ошол жөнөкөй жарандар жапа чегишет. «Эл нааразы болсо, анда көйгөй бар. Демек, коррупция аларды кыйнады. Ал эми чиновниктер менен байлар жеке клиникаларда дарыланышат. Улукбек Карыбек уулу туура кылган деп ойлойм. Кимдир бирөө бул маселени көтөрүшү керек эле, – дейт ал, – эмнеге көпчүлүк аны колдоп жатышат? Анткени алар, же алардын жакындары буга чейин клиникалардагы коррупция көйгөйүнө кабылышкан. Бейтаптарга акча табуу кыйын, ансыз медицина кызматкерлери аларга туура мамиле кылбайт деп кооптонушат”.

Иликтөөлөргө реакция катары «чабуул»

Журналист өзү Саламаттыкты сактоо министрлиги менен медициналык профсоюздун анын иликтөөсүнө болгон реакциясына нааразы экенин билдирди. Ал саламаттыкты сактоо үчүн жооптуу жетекчилер ал көрсөткөн көйгөйлөрдү чечкендин ордуна ага чабуул жасоого аракет кылып жатат деген оюн билдирди.

«Мен журналист катары өз миссиямды аткарып жатам, коррупциялык, чириген схеманы көрсөттүм. Коррупция менен күрөшүүнүн ыкмалары бар. Мен журналисттин ишмердүүлүгүн кесиптик жактан коргоо боюнча мыйзамга таяндым. Ведомствонун жетекчиси мен күткөндөй реакция кылган жок […] Журналисттик ишмердүүлүгүмдө мен бир нече жолу коррупциянын бетин ачкам, мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарса болмок, бул маселелерди чечсе болот эле», — деди ал өзүнүн You-Tube-каналында, – көрөгөч жетекчилер биздин иликтөөлөрүбүзгө башкача жооп кылып, кемчиликтер бар экенин билип, ошонун үстүндө иштеши керек эле. Бирок анын ордуна министр башында турган министрлик мага каршы чабуулга өттү”.

 

 Бийлик үчүн трамплин катары активизм

Бирок укук коргоочу Эржан Кайыпов журналисттин чынчылдыгынан күмөн санап, анын бардык активдүүлүгү бийликке келүү мотивине байланыштуу деп эсептейт:

«Мен жарандык активдүүлүктү колдойм, анткени бул мыйзам үстөмдүгүн куруунун бирден бир оңдуу фактору. Бирок бийликти сындаган кечээки жарандык активисттер ал жакка иштегени барууда, бул – жарандык активдүүлүктү жаманатты кылат. Көрсө бул алардын максаты болгон болот. Ошентип, көрүнүштөр, хайп жана популярдуулук шайлоого катышуунун эң маанилүү фактору, ошондой эле бийликке келүү үчүн трамплин болуп калды», – дейт ал.

Блогерликтеги популярдуулук аркылуу дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандын жаштары бийликке келүүгө жетишкени жашыруун эмес.

Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов дал ушул блогерлик ишмердүүлүгүнүн аркасында парламентке жолдомо алган. Ал дүкөндөрдө жана коомдук тамактануу жайларында мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү текшерип, анын сюжеттери кыргыз элинде чоң резонанс жараткан. Блогер калк арасында популярдуу болуп калган. Анын You-Tube-каналын дээрлик жарым миллион жазылуучу акмалап көрөт. 2021-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо ал 18,6 миң добуш алган.

Ошентип, Кокулов добуштардын саны боюнча экинчи орунду ээлеп, талапкерлердин арасында фаворит болгон. Ал оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровдон гана артта калган.

Автордон: Улукбек Карыбек уулунун эмгеги албетте маанилүү жана зарыл. Ал чындыгында маанилүү, актуалдуу маселелерди көтөрүүдө. Коррупция бардык тармактарда, өзгөчө саламаттыкты сактоо тармагында өтө сезимтал болгондуктан, ал триггер болуп саналат. Андыктан эл журналистти колдоп, ыраазылык билдирүүдө. Анын үстүнө автор өз укуктарын кантип коргоону көрсөтүү менен коррупцияга каршы күрөштө маанилүү болгон жарандык көзөмөлдү өнүктүрүүгө салым кошууда. Ал өзүнүн сюжеттери менен бүткүл системаны реформалоо зарылдыгын чечкен адамдар үчүн маанилүү билдирүү берүүдө.

Башка тарабы, ал муну кантип жасап жатат: тенденциялуу, бир беткей, мыйзамды алдын ала окубай туруп,  айрым учурда орой жана күрөш менен.

Андыктан, жүйөлүү суроолор туулат: ал дарыгерлерди коомчулуктун алдында жек көрүндү  көрсөтө элекпи? Анын курч “иликтөөлөрүнөн” кийин дарыгерлер жумушун таштабайбы? Дарыгерлерибиздин баркын билдирген пандемияны тез эле унутуп калдыкпы? Анан акырында, эмне үчүн системанын деңгээлиндеги кемчиликтерге водомство жетекчилиги эмес, катардагы кызматкерлер жооп берет?