ТАЖИК САЙТЫ КЫРГЫЗСТАНДА МЕНИНГИТ ТУУРАЛУУ ФЕЙК ЖАРЫЯЛАДЫ

Кыргызстанда менингит оорусунан эки бала каза болгондугу тууралуу фейк маалымат пайда болду. Тажикстандык сайтта бул макала “ШАШЫЛЫШ МААЛЫМАТ” катары белгиленген.

Фото FactCheck KG.

Тажикстандык сайт мындай маалыматты Кыргызстанда саламаттыкты сактоо министрлиги өткөргөн маалымат жыйынында Елена Баялинованын сөзүнө шилтеме келтирүү менен жазып чыккан. Министрликтин өкүлү Баялинова өзү Фейсбуктагы баракчасында бул маалымат жалган экендигин билдирди.  

“Мен, Елена Баялинова мындай интервью берген эмесмин жана маалымат жыйынын да өткөргөн эмеспиз”, – деди ал. Анын айтымында, кимдир-бирөөлөр өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүнү каалап жатышса керек. 

Фото FactCheck KG.

Мындай фейк маалыматын жарыялаган сайт 2018-жылдын февраль айында иштеп баштаган. Хостинги орусиялык серверге таандык. Негизги аудиториясы Улуу Британия жана Тажикстандын тургундары.

Фото FactCheck KG.Фото FactCheck KG.

Сайттагы жаңылыктарды Фейсбук баракчасында эки фейк аккаунт жайылтышат. Алардын комментарийлерине көз чаптырган соң, фейк аккаунт ээлери Тажикстанда бийликчил позицияны карманышаарын байкоого болот.  

Фото FactCheck KG.

Бүтүм:

 

– Кыргызстан тууралуу фейк маалыматты түзүлгөнүнө 5 ай боло элек анонимдүү сайт таратып жатат.

 

–  Бул фейк маалыматты Кыргызстандын сегментинде таратып жаткан адамдар Тажикстанда бийликчил позицияны карманышат. 

 

Мүмкүн: 

– Сайтына Кыргызстандын аудиториясын тартуу (картада көрүнүп тургандай, буга чейин Кыргызстандан эч ким бул сайтка кирген эмес ).