ТИК УЧАКТАРДЫ ИЖАРАГА БЕРҮҮ ЖАНА ЧЫНДЫККА КООШПОГОН ЦИФРАЛАР

“Коммерсант” басылмасы 15-июнда “Экс-президентке тик учактарды эскертишти” аттуу макала жарыялаган.

Мында Алмазбек Атамбаевдин Уганда менен коррупциялык иштерге тийешеси бар болгондугунан шек саноо тууралуу сөз болгон.
“Коммерсант” факт катары Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин пленардык жыйындагы билдирүүсүнө жана 2015-жылдын 4-августунда КР Башкы штабынын башчысына даректелген катка таянган.
2) Цитата: келишимди жокко чыгаруу «$30 млн суммадагы каражатты жоготууга, ошондой эле Кыргызстанга ири көлөмдөгү акча каражаттарынын келишин камсыз кылуучу “Кыргызкурал” МИ үчүн потенциалдуу келечектүү долбоорлордун токтотулушун түшүндүрөт». Бирок бул документтин өзү макалада көрсөтүлгөн эмес.
3) Ушул эле документте “Коммерсантка” ишене турган болсок, кыргызстандык ижарага төлөнчү акча араб Эмиратындагы Sky Tech Trading Services FZE компаниясынын эсебине которулмак экен.
4) “Коммерсант” басылмасына шилтеме жасап бир катар сайттар дагы бул макаланы өздөрүнүн ресурстарына жайгаштырышкан. Мисалы, кыргыз тилдүү maalymat.kg сайтында бул макала “Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков баасы 10 миллион долларлык тик учакты сатып жибергени жарыяланды” аттуу аталыш менен жарык көрдү.

Фактчек:
1) – Бардык макалаларда ижара тууралуу келишим боюнча бир дагы документ көрсөтүлгөн эмес. ЖК депутаты Каныбек Иманалиев өзү дагы ижарага берүү ниети тууралуу гана сөз кылган. Келишим жүргүзүлгөндүгү тууралуу кыйыр далилдер гана келтирилген. Алар: жасалма документтер жана башка боекке боелуп, борт номурлары өзгөртүлгөн тик учактардын фотосүрөттөрү;
– интернетте тараган “далил документтерге” караганда, 2014-жылдын 8-октябрында Атамбаев Башкы штабдын башчысынын демилгеси менен буйрукка кол койгон(Сомалидеги эл аралык миссия-АМИСОМ контингентин кеңейтүү);
– 25-августта, ошол эле “Коммерсанттын” маалыматы боюнча аскер прокуратурасы ал келишимди мыйзамга туура келбейт, деп чечим чыгарган;

Кийинки дата көрсөтүлгөн мындай келишим жок.


– спутниктен тартылып алынган фотосүрөттө байкалгандай, 2016-жылдын март айынан май айына чейин 5 тик учак абабазанын аймагынан жоголуп, 2017-жылдын декабрь айында тартылган сүрөттө да пайда болгон жок.

Фото FactCheck KG.

2) Ижарага берүү келишими боюнча тик учактарды 30 миллион долларга баалоо өзү дагы чындыкка коошпогон маалымат. Заманбап модификациялуу жаңы тик учак 14 миллион доллар турат (МИ 35 М тик учагынын Бразилияга алынып келиши боюнча келишим –https://ria.ru/defense_safety/20120903/741962102.html). Эски тик учактар, албетте мындан арзан турушу керек. Мисалы, Азербайжандын Аба куралдуу күчтөрүнүн сатып алуу документтерине ылайык, тик учактардын орточо наркы 1 миллион долларга бааланат. Башкача айтканда, Уганданын коргоо министрлиги 30 миллион долларга 30 га жакын тик учак сатып алмак.

Фото FactCheck KG.Фото FactCheck KG.
3) Sky Tech Trading Services FZE компаниясы чындап эле бар, бирок аскердик иштерге анын такыр тийешеси жок. Компаниянын расмий сайтында жарыяланган маалыматтар боюнча фирма сыр жана химиялык боекторду сатуу менен алектенет. Тараган фейк маалыматтар боюнча которулмак акча ушул компаниянын эсебине түшмөк (2015-жылдын 4-август айындагы Сапар Исаковдун каты). Каттын реалдуулугун жана мазмунун тастыктоо мүмкүн болгон жок.

4) Тик учактардын 10 миллион долларга сатылышы тууралуу маалымат (maalymat.kg) – манипуляция жана маалыматтын өзгөртүлүшү. Тик учактар дегеле 10 миллион доллар турбайт. Тик учактарды сатуу тууралуу дагы эч кандай сөз жүргөн эмес, келтирилген документтер ижарага берүү тууралуу гана экендиги байкалып турат. Макалада Угандада өткөн кылымдагы диктатура болгондугу дагы жазылган.

Фото FactCheck KG.

Бүтүм:

1) Тик учактарды ижарага берүү тууралуу келишим болгон, ал КР Башкы штабы тарабынан демилгеленген жана Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан колдоо тапкан;

2) Тик учактар Кыргызстандан эч жакка чыккан эмес.

3) Коррупцияга негиз бар же жогун Башкы штабдын аталган демилгени көтөрүүгө зарылчылык болгондугу тууралуу негиздемесин жана 2015-жылдын 4-августундагы катты жарыялоосунан кийин билүүгө болот;

5) Келишимде көрсөтүлгөн цифралар абдан көбөйтүлүп, чындыкка жакын эмес;

6) Тик учактардын сатылышы тууралуу макала – фейк.