WhatsApp мессенжеринин медиалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Эки ай мурда Кыргызстандагы Интерньюс уюму «М-Vector» изилдөө-консалтинг компаниясы менен биргеликте «Кыргызстандын медиа аудиториясынын кабылдоосу жана жүрүм-туруму. 9-толкун» деген аталыштагы Кыргызстандагы медиарыноктун абалы боюнча изилдөөнүн жыйынтыгын сунушташты.

Изилдөөдө кызыгууну жараткан көп жагдайлар бар экен. Бул макалада алардын бирине токтолобуз.

Сурамжылоо көрсөткөндөй, Кыргызстанда сыналгы менен үналгыны колдонгондордун үлүшү 2017-жылга салыштырмалуу 20-30%га азайган, ал эми интернетти колдонгондордун үлүшү, тескерисинче, болжолдуу ушунча санга өскөн (төмөндөгү графикти караңыз).

1-график. Медиа боюнча аларды колдонгондордун үлүшүнүн өзгөрүшү (бул жерде N – сурамжылоого катышкан адамдардын саны)

Кыргызстандыктардын көбү интернетке коомдук тармактарга кириш үчүн (49%), жаңылыктар менен таанышыш үчүн (49%) жана мессенжерлерди колдонуу үчүн (43%) кирет экен (эмки графикти караңыз).

2-график. Интернетти колдонуунун максаты

Учурда материалдарына колдонуучулардын көңүлүн буруу максатында коомдук тармактарды колдонбогон ЖМК жок болсо керек. Ар бир медиа жок дегенде бир коомдук тармакта атайын баракчасын ачып иштетет. Болбой калды дегенде өзүнүн жеке аккаунтунда медианын материалдары менен бөлүшүп турат. Бирок акыркы кезде медиалар менен коомдук тармактардын ээлеринин ортосунда пикир-келишипестиктер күчөп баратат.

Бул, биринчи кезекте, коомдук тармактын ээлери менен медиалардын кызыкчылыктарынын дал келбестигине байланыштуу. Коомдук тармактардын ээлери колдонуучулар коомдук тармакта эле калып, башка жакка кетпешин каалайт, ал эми медиалар коомдук тармактарды сайттарына кошумча трафикти же кошумча окурмандарды тартуунун булагы катары кабылдайт. Ушул пикир келишпестиктин айынан 2023-жылы коомдук тармактардан медиаларга трафиктин азайганы байкалган.

Мындайда медиаларга, балким, мессенжерлерге көбүрөөк көңүл буруу керекпи деген ой туулат. Жогорудагы графиктен көрүнүп тургандай, интернет колдонуучулардын 43% мессенжерлерди колдонот. Бул аз эмес.

Мурда мессенжерлерди жаңылыктарды таркатуу жолу катары колдонгондо көп кыйынчылыктар жаралат эле. Азыр абал кыйла жакшырып калды. Телеграм мессенжерин эле алып көрөлү. Азыр аны колдонбогон медиа жок болуш керек. Жакында бул жакта дагы бир сонун мүмкүнчүлүк ачылды. 2023-жылдын сентябрынан тартып WhatsApp мессенжеринде канал ачуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Алдыңкы медиалар бул мессенжерлерде каналдарын ачканга шашылышты. Учурда бул жерде алардын миллиондогон жазылуучулары бар (мисалы, CNN – 8,8 млн, The New York Times – 8,3 млн). Кыргызстандык медиалардн биринчилерден болуп “Азаттык” өз каналын ачкан Учурда ага 61 миң киши жазылган.

Жогоруда сөз болгон изилдөөдө келтирилген маалыматтарга таянсак, кыргызстандык интернет-колдонуучулардын 87%ы бул мессенжерди колдонот (төмөндөгү графикти караңыз).

А демек бул мессенжер медиаларга кошумча окурмандарды табууга жакшы мүмкүнчүлүк берет. Бул мессенжерди айыл жеринде активдүү колдонорун эске алсак, медиалардын WhatsApp’та өз каналдарын ачуусу элеттиктердин жаңылыктарга болгон муктаждыгын да канааттандырганга жакшы мүмкүнчүлүк  . Бул нерсе WhatsApp мессенжери аркылуу таркатылып жаткан жалган маалыматтардын азаюусуна да өбөлгө түзүшү мүмкүн деген үмүт бар.

«Медиа өнүгүү борбору» коомдук фондусу да жакында WhatsApp’та өзүнүн «Алданба!» деген аталыштагы каналын ачканын билдиргибиз келет. Бул каналда медиа сабаттуулук боюнча пайдалуу маалыматтар, кеңештер жарыяланып турмакчы.