«Керемет Банкты» 7 миллиардга сатып алуу жана мамлекеттик банктардын натыйжалуулугуна сереп

Жогорку Кеңештин депутаттары «Керемет Банктын» 97.45%ын КР Улуттук банкынан 7.1 млрд сомго сатып алуу чечимин кабыл алышты. Банк Министрлер кабинетинин балансына өткөрүлмөкчү. Талкуу учурунда айрым депутаттар бул чечимге каршы болушуп, каражаттын туура эмес колдонулушун белгилешти.

Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов ушуну менен министрлер кабинети бешинчи банкты сатып алып жатканын айтты.

«Бул туура эмес. Чечилбей жаткан социалдык көйгөйлөр турганда, медициналык тейлөө сапатсыз болуп жатканда. Бул 7 миллиардды ошол жакка жумшасак болмок. Башка курч көйгөйлөргө болгону 20 миллион сом, 70 миллион сом, 1 миллион сураганыбызда Каржы министрлиги дайыма акча жок дейт, ал эми бешинчи банкты сатып алууга акча табылып калат», – деди депутат.

ЖКнын депутаты Чыңгыз Айдарбеков дагы мыйзам долбооруна каршы чыкты.

«Бул жерде туура айтышты, акчаны мамлекеттин бир чөнтөгүнөн алып башка чөнтөгүнө салуу – бул туура эмес чечим», – деди Айдарбеков.

Мамлекеттик банкты сатуу чечимин президент Садыр Жапаров Элдик курултай учурунда кабыл алган болчу. Ага банктын «начар тарыхы жана анда орун алган мыйзам бузуулар менен уурдоолор» себеп болгон.

Ага чейин Башкы прокуратура кылмыштуу кирешелерди адалдоо, алдамчылык жана документтерди жасалмалоо боюнча кылмыш ишин козгогон. Кыргызстанда ал «Керемет банкынын иши» деген аталышта белгилүү. Тергөөнүн маалыматы боюнча, мамлекеттик бюджеттин эсебинен «Керемет банкка» («Росинбанк» 2019-жылы аталышын ушинтип өзгөрткөн) 8 млрд сом инвестиция кылынган болчу. Бирок банк чыгашаларга кириптер болуп, мамлекетке зыян келтирилген.

Белгилей кете турган нерсе, «Керемет Банк» 8.7 млрд сомду түзгөн уставдык капиталынын өлчөмү боюнча Кыргызстандагы банктардын арасында үчүнчү орунда турат.

Кайсы банктар мамлекеттин балансында?

«Керемет Банктан» сырткары мамлекеттин карамагында дагы башка банктар бар. Уставдык капиталынын өлчөмү боюнча алдыңкы катарда «Айыл Банк» ААК турат – 12.4 млрд сом. Мамлекеттин үлүшү 100%.

Жыл сайын банк фермерлер үчүн долбоорлорду ишке ашырып келет. Бирок президент Садыр Жапаров жана ЖКнын депутаттары банктын иш алып баруусуна нааразычылыктарын айтып келишкен. Алардын айтымында, фермерлер мамлекет бөлүп берген жеңилдетилген насыялардын өтө эле аз бөлүгүн алышат. Калган каражаттарды ишкерлер, депутаттар, министрлер, губернаторлор жана алардын жакын туугандары алып келишет.

Банктын иш алып баруусун экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров да сындаган. Ал мамлекеттик банкта бюрократия өтө эле көп деген. Мисалы, фермерлерге жазгы талаачылык иштердин алдында үрөндөрдү алыш керек дейли, бирок жеңилдетилген насыялар өтө эле узак мөөнөт каралгандыктан, алар жетишпей калышат, ошондуктан акчаны башка жактан издешет. Жыйынтыгында мамлекет бөлгөн каражаттар колдонулбай калат.

Кыргызстандыктар да банктын ишине нааразы. Алардын айтымында, банкта кардарларга орой мамиле кылышат.

«”Айыл Банк” кызматкерлеринин орой мамилесине көп даттануулар болуп жатат. Кызмат көрсөтөбүз деп убада беришкени менен аны көпкө создуктуруп коюшат. Андан сырткары банктын саналуу гана банкоматтары бар», – деген кыргызстандыктарын сөзүн келтирет депутат Нуржигит Кадырбеков.

Уставдык капиталынын өлчөмү боюнча экинчи орунда «РСК Банк» ААК турат – 9.4 млрд сом. Ал өкмөткө караган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна таандык (мамлекеттин үлүшү 100%). 2023-жылы банк Кыргызстандагы казинолор менен иштөөгө жалгыз лицензияны алган. «РСК Банк» ошондой эле айыл чарба багытындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышат жана жеңилдетилген насыяларды аткаминерлерге жана алардын жакындарына берген бир нече учурлар ачыкталган болчу.

«Евразиялык Сактык Банкы» ААК 640 млн сому менен эң аз уставдык капиталы бар банктардын катарында турат. Мамлекеттин үлүшү 60.9%.

Капиталынын аздыгына байланыштуу 2018-жылдан баштап банкка убактылуу башкаруу киргизилген. Улуттук банк киргизген чектөөлөрдөн улам бул банк дээрлик беш жыл толук иштей алган эмес. Өткөн жылдын августунда «Евразиялык Сактык Банкы» капиталынын өлчөмүн көбөйтүп, убактылуу башкаруудан кутула алган.

Учурда банктын акционерлеринин катарында КР президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, «Борбордук депозитарий» ЖАК (номиналдуу кармоочу) жана ар биринин үлүшү 5%дан ашкан эки жеке тарап – Толкачев С.С. менен Сартказиев М.Б. бар.

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК 2022-жылдын 25-июлунда каттоодон өткөн (мамлекеттин үлүшү 100%). Башында уставдык капиталы 2 млрд сомду түзгөн. Бир жылдан кийин ал 16.59 млрд сомго жеткен.

Учурда анын жалгыз  негиздөөчүсү – КРдин Каржы министрлиги. Мурда банк мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна карачу.

Тыянак: Жогоруда келтирилген мисалдардан бардык эле банктар аларга жүктөлгөн милдеттерди жакшы аткарып жатат дегенге болбойт, ал эми кээ бирлеринде жемкорлук көрүнүштөр байкалган.