Министрдин манипуляциясы: аконит Францияда катталганы чын, бирок дары катары эмес

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ошко болгон сапарында аконит дары-дармек катары Францияда катталганын билдирген.  

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүүнү чечти.

Аконит дары-дармектердин жана ден-соолукка байланыштуу азыктардын коопсуздугу боюнча Франциянын Улуттук агенттигинин сайтында катталганы чын. Бирок, бул өсүмдүк гомеопатиялык дарылар бөлүмүндө гана катталганын белгилейбиз.

2021-жылдын 1-январынан тарта Франциянын Саламаттыкты сактоо боюнча Жогорку Илимий Уюмунун (la Haute autorité de santé) сунушуна ылайык, Франциянын мамлекеттик медициналык камсыздандыруу тутуму гомеопатиялык дары-дармектердин чыгымдарын төлөбөйт. Ал эми гомеопатиялык каражаттар натыйжасыз жана коомдук саламаттыкка пайдасыз деп табылган.

 

Учурда, илимий чөйрө гомеопатияны жалган илим деп эсептейт. Ал боюнча клиникалык маалыматтар гомеопатияны клиникалык практикада колдонууга оң сунуштарды берген эмес.

Далилдүү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасованын айтымында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги гомеопатиялык дармектер “Өтө маанилүү жана маанилүү дары-дармектер” тизмесинен чыгарып салган. Гомеопатиялык дармектер мамлекеттик деңгээлде сатылып алынбайт. 

2017-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму альтернативдүү медицина менен алектенберин расмий түрдө билдирген. Эске салсак, гомеопатия дал ушул альтернативдүү медицинага кирет.

2017-жылы Россия Илимдер Академиясынын Президиумунун алдындагы жалган илимге каршы күрөшүү боюнча комиссия меморандум кабыл алып, анда гомеопатия жалган илим деп таанылган. Аны медицинада колдонуу улуттук саламаттыкты сактоонун негизги максаттарына карама-каршы келет.

Жыйынтык: манипуляция. Саламаттыкты сактоо министри Ысык-Көлдүн тамыры менен дарылоонун пайдасына олуттуу далил келтиргиси келип, Франция жөнүндө айткан. Бирок  аконит гомеопатиялык дары катары катталганын, дары-дармек менен байланышпаганын айткан эмес.