Башкы дарыгердин уу коргошун тууралуу манипуляциясы

Президент Садыр Жапаров менен Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коронавируска каршы уу коргошунду сунуштаганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Ал эми жарандык активист Умай Арыкова министрди жоопко тартууну талап кылып, УКМКга арыз менен кайрылган

Эске салсак, Ысык-Көл тамырынан колго жасалган дарыны (аконит) алгач президент Садыр Жапаров сунуштап, Facebook социалдык тармактагы баракчасына тиешелүү видео жүктөгөн. Бирок, кийинчирээк социалдык тармактын администрациясы бул тасманы жалган маалымат катары баалап, өчүргөн. Ал эми президенттин сунушун Саламаттык сактоо министри колго алып, түз эфирдеги пресс-конференция учурунда уу коргошундун тундурмасын ысытып ичкен

Уу коргошундун коронавируска каршы колдонулушу тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да үн каткан. Уюмдун айтымында клиникалык сыноолордон өтпөгөн дарыны каттоого жана колдонууга сунуштоого болбойт.

Буга карабай 19-апрелде Бейшеналиев Оштогу ооруканага иш сапар менен барып, журналисттерге Мадагаскардын президенти ал менен өзү дарыланып, башкаларды да дарылайт деп белгилеген.

Factcheck.kg министрдин сөздөрүн текшерип көрүүнү чечти. 

Мадагаскар президенти коронавируска каршы дары ойлоп тапканы тууралуу маалымат 2020-жылдын апрель айында пайда болгонӨлкө башчы Андри Радзуэлина коомчулукка Covid Organics тууралуу жарыялаган. Бул дармек эрмендин тундурмасынан жасалат. Мадагаскар президентинин сунушун Африканын башка өлкөлөрү да колдоп чыккан. Бирок, эл аралык уюмдар бул дармекке азыркыга чейин этият мамиле кыларын белгилейбиз. 

Кийинчирээк Алымкадыр Бейшеналиев Kaktus.media басылмасына берген интервьюсунда Мадагаскардын президенти тууралуу айткан сөзүндө аконит эмес, дегеле дары чөп тууралуу айтып, актанган.

Жыйынтык: манипуляция. Саламаттык сактоо министри алгач Мадагаскар президенти аконит менен дарыланарын жана башкаларды дарылай турганын айтып, кийин бул сөзүн четке каккан.