Бажы кызматынын Factcheck.kg иликтөөсүнө берген жообундагы манипуляция

22 –апрелде  Factcheck.kg сайтында «УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге таандык делген үй кимдики?» аттуу иликтөө жарыяланган

Материалда Орто-Сай-2 айылындагы үч кабаттуу там Самсалиев Абулхазы Нурлановичке таандык экени жана ал Бажы кызматында эмгектенери тууралуу айтылган.

Бажы кызматынын сайтында 2020-жылдын 15-апрелинде жарык көргөн маалыматка ылайык, Самсалиев башка кызматкерлер менен катар эле 2020-жылдын март айында жеке кызыкчылыктар тууралуу декларация тапшырган.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/7703b83d6b27597de814623c8981d3a83b129389.png?resize=640%2C230&ssl=1

Бажы кызматы биздин иликтөөбүзгө жооп жөнөтүп, ал жоопту расмий сайтына да жарыялаган.

Расмий билдирүүдө Абулхазы Самсалиев кызматка жакында эле орношкону, буга чейин “ЭР ЭЛ ЛТД” ЖЧК курулуш компаниясында эмгектенип келгени айтылат.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/a2f052db86c6cb91f7fa83e315c6a9efc33a776c.png?resize=640%2C124&ssl=1

Чынында эле Абулхазы Самсалиев 2019-жылдын этегинде кадр резервине кирип, андан көп өтпөй “Бишкек СЭЗ” Бажы башкаруу борборуна инспектор катары бекитилген.

Бирок, 2018-жылы декларация тапшырган кызматкерлердин арасында Абулхазы Самсалиев да бар экенин 2018-жылдын 17-октябрында жарык көргөн макаладан аныктайбыз.

Ал 2018-жылдын этегинде «Камсыз кылуу Бажысы» аттуу бөлүмдө башкы инспектор-методист болуп эмгектенгени тууралуу маалымат бар.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/b94c7d013a783196fc35d572500042681b637d50.png?resize=640%2C374&ssl=1

Башкача айтканда, Мамлекеттик бажы кызматынын Factcheck.kg иликтөөсүнө берген жообунда “Дезинформация” жана “Тандалма чындык” аттуу манипуляция ыкмаларын колдонуп, буга чейин  Самсалиев Абулхазы Нурланович кызматта болгонун жашырган.

Дезинформация– коомду туура эмес, толук эмес же толук кандуу бирок маанилүүлүгүн жоготкон, айрым бурмаланган маалыматтар камтылган маалымат менен камсыздоо жана окурмандын/көрөрмандын манипуляторго керектүү кадам жасашына түрткү берүү. Булак – Коул, 1998. 210-312б.

Тандалма чындык пропаганда ыкмасында манипулятор чындыктын чекесин чыгарып, өзүнө пайдалуу гана тарапты кабарлайт, ал эми калган тарабы тууралуу кеп козгобойт.  Бул ыкманын өзгөчөлүгү —  манипуляторго керектүү гана болгон фактыларды сууруп алып, окурман/көрөрман күткөн маалыматко кошуу. Бул учурда окурман/көрөрман прогандага кабылганын аңдабайт.  Булак – Коул, 1998. 210-312б.