Manas.news сайтына МЕДИАСЫН — фейк журналисттер жана плагиат макалалар - Factcheck
Медиасын

Manas.news сайтына МЕДИАСЫН — фейк журналисттер жана плагиат макалалар

27.04.2020

Manas.news сайтына МЕДИАСЫН — фейк журналисттер жана плагиат макалалар

Factcheck.kg “Азаттык” жана “Клооп” макалаларына карата медиасын жарыялаган соң, окурмандарыбыз күмөн жараткан сайттарга көңүл буруу өтүнүчү менен кайрылды.   Маселен, Улан Турдугулов аттуу окурманыбыз Manas.news сайтында жарыяланган аба ырайы тууралуу чындыкка дал келбеген жаңылыкка нааразычылыгын билдирген.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/1162b7ae7c4420c896a5d2dbc679a41e86fc9fab.png

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/272714290c421a84db31c386836f040e285d7dbb.png

Factcheck.kg аталган сайтка саресеп салып, күтүүсүз жыйынтыктарды алды.

Плагиат 

Manas.news сайты өзүн маалымат агенттиги катары тааныштырат.

Manas.news сайтынан алынган скриншот

Бирок, андагы макалалардын көбү башка маалымат агенттиктеринен алынган даяр материалдар. Болгондо да маалымат булагы көрсөтүлгөн эмес — Manas.news плагиаттык жол менен иштейт.

Бул маалыматты тастыктоо иретинде жаңылыктардын эки абзацын көчүрүп, издөө системаларынан текшеребиз.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/06130b767d8a0622dce089b0abb559b053801dd2.png
  1. «Энергетикада кандай долбоорлор ишке ашат» (Какие проекты ждут нас в энергетической сфере Кыргызстана) аттуу макала 26 апрелде саат 14:00дө жарык к көргөн.
https://factcheck.kg/froala/uploads/1936fbda84b114921ed0b873ba87fb6d684b3c60.png

Manas.news  сайтынан алынган скриншот 

Бул макала алгач Tazabek.kg сайтында жарыяланганын аныктадык. Анын баштемасы гана башка (От гигантов до малых ГЭС: Какие мощности можно ввести в Кыргызстане или ожидающие инвесторов проекты?) болбосо, макала толугу менен сөзмө-сөз көчүрүлгөн.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/3056975ff1cfc9d5abbd862fb87a183ef10be109.png

Tazabek сайтындагы макала 

Manas.news редакциясы баштеманы өзгөртүп, маалымат булагына шилтеме берген эмес жана Tazabek макаласынын акысыз бөлүмүндөгү текстти көчүргөн.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/e8c67a22e38902b70d346efbe30aa946dec90cd9.png

Tazabek сайтынан алынган скриншот

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/acf34634a345ed8b20b16b80cdf9706475e4fe92.png


Manas.news сайтынын скриншоту

 

  1. «Бийлик гуманитардык жардам сатылууда деген маалыматты четке какты» (Власти Кыргызстана опровергли информацию о продаже гумпомощи) аталышындагы дагы бир макала Manas.news сайтында 26-апрелде жарыяланган.

 

Google аркылуу издөө салып, алгачкы маалымат булагы — Sputnik.kg агенттиги экенин аныктайбыз.

https://factcheck.kg/froala/uploads/2ee2ca1730d1f57f189597d31295622e66d066c4.png

Google сайтынан скриншот

 

Алгачкы булак көрсөтүлбөстөн, макала толугу менен көчүрүлгөн.

 

  1. Ал эми «Кыргызстан сотторунун жаңы курамы» аттуу макала Manas.news сайтында  25-апрелде жарык көргөн.
https://factcheck.kg/froala/uploads/c9c8ee4b6cbb35b5a7cb7069e3bc57ea58d885ab.png

Google издөө системасынан скриншот

Макаланын тексти президенттин басма көз кызматы жайылткан пресс-релизден алынгандыктан, көптөгөн маалымат агенттери жарыялаган макалалардын тексттерине түспөлдөш. Бирок ал сөзмө-сөз окшош болбошу керек эле.

Текстти толугу менен текшерген соң, ал 25-апрелде саат 14.27де жарык көргөн AКИpress агенттигинин макаласынан сөзмө-сөз көчүрүлгөнүн аныктайбыз.

 

4) «Коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлердин бардыгы кошумча каражат алган жок» аттуу жаңылыкты Manas.news сайты 25-апрелде саат 15:01 де жазып чыккан.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/7dfd3d5850f90e345f6768a849eb639ee7c1789a.png

Google сайтынан скриншот

Макала Kloop.kg басылмасынын жаңылыгынын көчүрмөсү экенин Google издөө системасынын жардамы менен таап чыктык.

Белгилей кетчү жагдай, бир да макалада маалымат булагына шилтеме көрсөтүлгөн эмес.

Демек, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси одоно бузулган.

Журналисттин плагиаттык кылууга акысы жок. Бирөөнүн жазма же оозеки материалдарын колдонгондо сөзсүз түрдө алынган булакка шилтеме жасоо керек. Этикалык кодекс, 21-берене.

Жыйынтык: 

Manas.news сайты плагиаттык кылып, Этикалык колдекстин бузулушуна жол берген.

Фейк журналисттер

“Биз жөнүндө” бөлүмүнүн башкы редактору катары Азамат Акматовдун ысымы көрсөтүлгөн. Биз мындай журналистти тапкан жокпуз, бирок сүрөт ээсин аныктадык.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/55f8e71b422164633b3a0ccc1b5862cd84eec075.png

Manas.news сайтынан алынган скриншот

Сүрөттө башкы редактор катары көрсөтүлгөн адам журналистикага тиешеси жок Анил Джайн болуп чыкты.

https://factcheck.kg/froala/uploads/c0ba524283eefef5674373e5c4bcc464ce9c919f.png

 

Ал эми редактор, корректор катары көрсөтүлгөн Руслан Каримов чынында окутуучу жана педагогикалык макалалардын автору Edward Clapp экен.

https://factcheck.kg/froala/uploads/62ee6c3ad7bbc763cd5a6c52005db91846daa835.png

Manas.news сайтынан алынган скриншот

https://factcheck.kg/froala/uploads/99d86750d47d2bfa893ce2d545ba531336f2d84a.png

Edward Clappтын  Twitter баракчасынан алынды

Назира Алиева деп көрсөтүлгөн журналист чынында Бишкектеги Медиация жана сүйлөшүүлөр борборунун жетекчиси Фидана Алиева болуп чыкты.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/23f60cb11ffd3c356df09a129b1e57bb7e721c04.png

Manas.news сайтынан скриншот

https://factcheck.kg/froala/uploads/c67e9325a00eb0f60bde6e98e0a4637977d26ee4.png

Manas.news сайтында «эмгектенген» дагы бир журналист Сергей Исаков — Москва мамлекеттик университетинин (ММУ)  окутучуусу  Виктор Исаков.

https://factcheck.kg/froala/uploads/2c47bac59d6c68296a0bd04ae62b4b34d022c275.png

ММУ сайтынан алынган скриншот

Фейк журналисттерди сайтка чыгарып, окурманга жалган маалымат берүү — «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамдын жана Этикалык кодекстин беренелерин одоно бузуу.

Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү”. Этикалык кодекс, 8-берене.

“Журналист өзү даярдаган жана тараткан билдирүүлөрдүн жана материалдардын тактыгы үчүн жооп берет.” Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө мыйзам, 14-берене.

 

Жыйынтык:

Manas.news редакциясы кызматкерлери тууралуу фейк маалыматты көрсөтүп, Этикалык кодекстин 8-беренесин жана «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамынын, 14-беренесин бузган.

 

Сайт кимге таандык? 

Сайттын домени аркылуу издөө оң жыйынтык берген жок. Ал америкалык компания аркылуу 2019-жылдын 3-ноябрында каттоодон өтүп, америкалык хостерде жайгашкан.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/6e0c22088741a6028ca1daced0501ac73764b443.png

Домендин ээси жашырылган.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/9a30e2be8baf1c8e49135e597469353c8a13599b.png

Байланыш маалыматы катары “Максимум” бизнес борборунун дареги жана телефон номери көрсөтүлгөн  (учурда телефон номери сайттан өчүрүлдү).

Facebook социалдык тармагында Manas.news баракчасынын администратору катары украиналык эки адам көрсөтүлгөн (VPN болушу ыктымал).

https://factcheck.kg/froala/uploads/08eed6ed7186d11a1adc26a1a94fcbcbc21b2b64.png

Manas.news баракчасы бир нече топторго кирет.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/1ad89ca3cde1c5648c8e6b46b1fe2db6c8c3e71b.png

Manas.news сайтынын Lada.kz (продвигается на группе НОВОСТИ АКТАУ) жана Gorno-altaisk.info (“Новости Горного Алтая” тобу аркылуу маалыматын жайылтат) менен байлынышын тапкан жокпуз.

Жыйынтык:

Сайттын ээси ким экени белгисиз.

Manas.news сайты 2019-жылдын аягында түзүлгөн. Учурда анын бир гана максаты бар экенин аныктай алдык. Ал — окурмандарды топтоо.

Авторитеттүү басылма катары көрүнүш үчүн сайт ээлери жок журналисттердин ысымын жана сүрөтүн берип, окурманды адаштырган жана башка сайттардын макалаларын өзүнүкү катары берген.

Жыйынтык:

  • “Биз тууралуу” бөлүмүндө Manas.news сайты жок журналисттердин ысымын жана сүрөтүн көрсөткөн;
  • Сайтка жарыяланган макалалар баштемасын гана өзгөртүү менен башка маалымат агенттиктерден толук көчүрүлгөн;
  • Сайт ээлери тууралуу маалымат ачык булактарда табылган жок;
  • Агенттик Этикалык кодекстин жана «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамынын беренелерин бузган.