Медиасын. Адамдын кадыр-баркына шек келтирүү

«Лунара Мамытовада такыр ар жок экен э – эээй…» аттуу макаланын аталышы мазактоочу мүнөзгө ээ жана материалдын темасы боюнча адистик стандарттарга такыр жооп бербейт.

«Лунара Мамытовада такыр ар жок экен э – ээй…»  аттуу “Фабула” гезитинде жарык көргөн макала Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Лунара Мамытованы мазактоо мүнөзүнө ээ жана макалалардын аталыштарын даярдоо боюнча профессионалдык стандарттарга түк жооп бербейт. Темасында эч кандай маалымат жок жана материалдын фокусун чагылдырган эмес. Макаланын соңунда кандайдыр бир булактын эмес, редакциянын гана оюн билдирген төмөндөгүдөй маалымат келтирилген: «Эми амбициясы ойгонуп, элди чочуткан пиар менен алек боло баштады, күлкүнү келтирип… ».   «… Бир Болдун лидери Алтынбек Сулаймановдун колдоосу аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп, … » –  деген билдирүүгө эч кандай далил келтирилген жок жана ошондой эле, кайра эле бирөөнүн эмес бир гана редакциянын оюн  чагылдырат. 

 «Буга чейин “Лунара Мамытова министр болот экен, татыктуу, иштин көзүн билет”, – деген өңүттө маалымат тараттырган”, – деген маалыматта дагы эч кандай тастыктоолор жок жана цитата деп эсептелбейт. 

Жылпысынан дегеле материалда структура жок, айтылган ойлорду тастыктоочу фактылар же далилдер келтирилген эмес, маалымат берген булактар көрсөтүлбөгөн. Макала толугу менен редакциянын жеке оюна гана негизделген.  Материалда окуя качан болгону дагы жазылбаган. 

Макалада фактылар менен бекемделген маалыматтардын, альтернативдүү көз караштын, Лунара Мамытованын өзүнүн бул тууралуу пикиринин жоктугун эске алуу менен бул материалда журналистиканын адистик стандарттарынын бузулгандыгын, анын ичинде “тең салмактуулук” жана “объективдүүлүк” тууралуу талаптардын аткарылбагандыгын белгилеп кетүү керек.

Гульнур Төралиева

Медиасынга алынган материалды төмөнкү шилтемеден көрүңүздөр: http://kyrgyztoday.org/ru/news_ky/lunara-mamytova-takyr-ar-zhok-eken-e-eej/