Медиасын: “Смерть Текебаева была бы на руку Атамбаеву” макаласында үгүт белгилери бар жана журналистиканын стандарттарына туура келбейт

Бул макала пропаганда материалдарына окшоп жазылган жана интернет сайттын “Аналитика” бөлүмүнө киргизилген. Ал аналитика деп түк эсептелинбейт, анткени бир нече көз карашты чагылдыруу, тең салмактуулук, түрдүү маалымат булактары сыяктуу аналитикалык материалдарга таандык белгилери жок.


Бул макала  пропаганда материалдарына окшоп жазылган жана интернет сайттын “Аналитика” бөлүмүнө киргизилген. Ал аналитика деп түк эсептелинбейт, анткени бир нече көз карашты чагылдыруу, тең салмактуулук, түрдүү маалымат булактары сыяктуу аналитикалык материалдарга  таандык белгилери жок. «Смерть Текебаева была бы на руку Атамбаеву» аттуу аталышы бирөөнү каралоого багытталып журналистиканын кесипкөй стандарттарына такыр туура келбейт. Макалада автордун же редакциянын жеке пикири берилген. Бул материал жарыяланган сайтта редакциясы, каттоо күбөлүгү тууралуу ж.б. маалыматтар жок.  Ошондуктан, мындай сайт ишенич жаратпай тургандыгы, айтпасак дагы түшүнүктүү.

Материалдын өзүндө “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн пикири чагылдырылган. Ал эми Текебаевдин өлүмүн каалаган жак же .”ушул маалыматтарды таратып жаткан” булак тууралуу маалымат материалда көрсөтүлгөн эмес. Бул журналисттик этиканын бузулушунан кабар берет. Ошондой эле, эл аралык медиа укук боюнча олуттуу юридикалык укук бузуу болуп саналат. 

Макалада каралоо жана үгүттөө элементтерин камтыган төмөндөгүдөй билдирүү жасалган. «Учурда көпчүлүк Текебаевдин өлүмү экс-президент Атамбаевге керек, дал ушул киши, республиканын мурунку башчысы, өз учурунда курч саясатчыны тор артына отургузууга көп аракеттерди көргөн жана аны жок кылууга кызыкдар, – деп айтып жатышат”, “…ошондуктан, эгерде Атамбаевдин саясий каршылашы менен бир нерсе боло турган болсо, анда бул бир гана экс-президентке керек жана анын буга тийешеси бар болот”, –  деп материалда көрсөтүү журналистикага туура келбейт.

Биринчиден, мындай билдирүүнү эч кандай ырастамасы жок эле “көпчулүккө” ыйгаруу окурмандарды адаштыруу максатында колдонулчу үгүт ыкмаларын элестетет. Экинчиден, мындай билдирүүлөр далилдер менен тастыкталышы шарт.

Ошондой эле, макалада  «көпчүлүк экспеттер саясий аренада Текебаевдин жетишпей жаткандыгын жана мындай саясатчылар кыргыз элинин саясий аң-сезимин калыптандырууда чоң роль ойной тургандыгын  белгилешүүдө» деген текстинде бир дагы эксперттин цитатасы келтирилген эмес. Мунун натыйжасында, “көпчүлүк эксперттер” деген сөз айкалышы сынга жатпайт, ал эми билдирүүнүн өзү жалган маалымат болуп эсептелет. Басылма “айрым эксперттердин оюу боюнча” деп жазып алардын сөздөрүн далил жана цитата катары келтириши керек болчу.  

Жалпысынан материал журналистиканын стандарттарына туура келбейт, этикалык нормалар сакталган эмес жана окурмандарды адаштыруу ыкмалары колдонулуп, үгүт материалы деп саналат.  Эскерте кетсек, журналисттердин негизги милдеттеринин бири бул – окуяларды объективдүү чагылдыруу. 

 Гульнура Торалиева