Садыр Жапаров “Бүткүл кытайлык жыйынга” макулдугун бердиби? – Текшеребиз

17-августта 21:31де Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун расмий сайтында ал Элдик Курултай тууралуу жарлыгына кол койгондугун билдирген жаңылык жарыяланган. Бул жарлыкка ылайык, биринчи Элдик Курултай 2022-жылдын 25-ноябрында өтмөкчү. Белгилей кетүүчү жагдай, текст бир убакта эки тилде – мамлекеттик жана расмий – жарыяланган болчу.

Бирок бир нече мүнөттөн кийин A.N. деген Twitter колдонуучунун барагында орус тилиндеги Жапаровдун барагынын скриншоту жарыяланды, бирок андагы тексттин мазмуну таптакыр башка экен. Анда “Бүткүл кытайлык жыйын” деген сөздөр да бар. Бул пост менен таанышкан автор да, башка колдонуучулар да түшүнбөй тургандарын айтып, нааразычылыктарын билдиришкен.

Factcheck.kg сайтынын редакциясы бул тексттеги айырмачылыктар кайдан чыкканын аныктады.

Биз аныктагандай, A.N. деген колдонуучу кыргызча текстти компьютердин орус тилиндеги котормосунда көргөн экен.

Биз кыргызча текстти Google-translate аркылуу которуп текшерип көргөнүбүздө, котормо так A.N. колдонуучунун скриншотундагыдай болгонун, анда да “Бүткүл кытайлык жыйын” бар экенин байкадык.

(скрин гугл переводчик)

Алгач текст орусча котормочу кызмат аркылуу жасалган болуш керек деп божомолдогон учурда да, ал чындыкка дал келбейт. Жапаровдун маалыматында ал жарыялангандан бери ага өзгөртүүлөр киргизилгендиги айтылбайт.

Компьютердик котормого байланыштуу түшүнүксүз жагдайлар мурда да Кыргызстанда болуп келгенин Factcheck.kg сайтынын редакциясы билдирген болчу. Мисалы, коомдук тармактардын колдонуучулары КР өкмөтүн плагиатттыкта күнөөлөшкөн. Абай Шерик 2020-жылдын 22-мартында gov.kg сайтында жарыяланган өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу №93-p буйругунун скриншотун Twitter тармагында жарыялаган болчу. Анда «Кыргыз Республикасы» дегендин ордунда «Казакстан Республикасы» деген жазуу турган.

Тыянак: калп. Кыргыз тилиндеги текст компьютердик которуу учурунда бурмаланган. Садыр Жапаровдун барагындагы текст таптакыр башка.