Вице-мэр Шаршеналиевдин дайындалышы эки мыйзамга каршы келет

4-февралда Нурлан Шаршеналиев  вице-мэрлик кызматка дайындады. Шаршеналиев шаардык транспорт маселелери, жол кыймылын жөнгө салуу объектилери, тышкы жарнактарды уюштуруу жана алардын иштешин камсыз кылуу, ошондой эле көзөмөлдөнгөн аймактарда жалпы шаардык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу жаатында иш алып барат. 

Factcheck.kg окуянын  чоо-жайын териштирип, жаңы вице-мэрди дайындоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын нормаларына каршы келерин аныктады.

Нурлан Шаршеналиевдин эмгек жолу

Нурлан Шаршеналиев эмгек жолун Октябрь райондук администрациясынын каржы бөлүмүндө адис болуп баштаган, турак жай-коммуналдык чарба бөлүмдөрүндө иштеген. Бирок кайсы жылдары эмгектенгени белгисиз.

2015-2016-жылдары Чүй облусунун Кемин районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген.

Ал эми 2019-жылы Кемин районунун акими болгон. 2021-жылдын май айында Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун акими болуп дайындалган.

Андан соң карьерасында чоң секирик жасап, энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалган. 

Ал эми 2021-жылдын декабрь айында Акылбек Жапаров  Шаршеналиевди кызмат ордунан бошотуп, тиешелүү буйрукка кол койгон. 

Мындан тышкары, Шаршеналиев 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына Чүй-Кемин районунан талапкерлигин койгону белгилүү. Анын шайлоо фонду 1 миллион 200 миң сомду түзгөн, ал эми анын шайлоо фондуна каражатты жакындары, 3-курстун студенти жана Жогорку Кеңештин аппаратынын үн жаздыруу бөлүмүнүн кызматкери толуктаган

Шаршеналиевдин дайындалышы мыйзамдуубу?

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү тартибин аныктайт, тактап айтканда, 16-беренеге ылайык, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кабыл алуу мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка талапкерди кадрлардын резервинен дайындоо жолу менен ишке ашырылат.  

Мындан тышкары, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 49-беренесине ылайык, шаардын мэринин биринчи орун басары муниципалдык резервде турган адамдардын ичинен дайындалат. Бирок алардын арасында Нурлан Шаршеналиев жок. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы тастыктайт.

Жыйынтык: Нурлан Шаршеналиевдин вице-мэр болуп дайындалышы эки мыйзамга каршы келет.