Депутат Примовдун атасы Россия-кыргыз өнүгүү фондунан эң ири насыя алган

“Примов Б.” жеке ишкери  Россия-кыргыз өнүгүү фондунан Ош шаары боюнча эң ири насыя, жалпы жонунан 212 млн (2,5 млн доллар) алган. Насыя курулуш материалдарына, анын ичинен кирпич, пескоблок жана брусчатка өндүрүүгө берилген. 

Factcheck.kg эң ири насыя алган Примов Б. аттуу жаран депутат Улан Примовдун атасы экенин белгилейт. Белгилей кетсек, Улан Примов парламентте 2015-жылдан тарта иштеп келет. VI чакырылышта ал КСДП курамы менен парламентке өтсө, VII чакырылышта Алай округунан бир мандаттуу округдан талапкер болгон.

Примовдун үй-бүлөсү Кыргызстанда көмүр магнаттары каймана аты менен белгилүү. Примовдун атасына таандык “Пэрити коал” компаниясы мамлекеттик сатып алууларга катышып, 570 тендер утуп чыккан. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен көмүр сатылып, жалпы жонунан дээрлик 60 млн сомго ээ болгон. Компаниянын карамагында «Кызы» кенинин эки участогу бар, анын жалпы запасы дээрлик 4 миллион тоннаны түзөт. Мамлекет тарабынан берилген лицензияга ылайык, “Пэрити коал” бул кенден 2028-жылга чейин көмүр ала алат.

 Tizme.gov.kg маалыматына ылайык, Ошто Примов Б. аттуу бир гана жаран катталган –  Бердибай Примов. Улан Примов менен Бердибай Примов бир шайлоо округунда катталган. 

osoo.kg маалыматына ылайык,  Бердибай Примовдун атына 16 компания катталган. Компаниялар Ош, Бишкек шаарларында, Ош, Чүй, Баткен облустарында жайгашкан. Аталган компаниялар көмүр, акиташ казып алуу, курулуш, унаа соодасы менен алектенет. Кеминде үч компания кирпич менен черепица өндүрүү менен алектенет. 

Жыйынтык: Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 212 млн сом насыяны Улан Примовдун атасы ишкер Бердибай Примов алган.